Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 25-мартындагы №2
«Акча каражатын максаттуу пайдалануу үчүн бюджетке
өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 78-беренесин, Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү мыйзамына ылайык Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы маселени күн тартибинде угуп жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин өзгөртүүлөөрдү киргизүү жөнүндө берген маалыматы эске алынсын.
2.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин 2025-жылдын 2-кварталына киреше чыгашасына 1-тиркемеге ылайык өзгөртүүлөр киргизилсин .
3. Кызыл-Туу айылынын Кең-Сай участогунан 125 га жер аянтына тамчылатып сугаруу системасын орнотуп, интенсивдүү бакчаларды түзүү максатында Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-февралындагы № 114-т тескемесине ылайык бөлүнгөн 60 000 000,0 (алтымыш миллион) сом акча каражатын айыл өкмөтүнүн атайын эсеби аркылуу максаттуу пайдалунуу жагы айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |