Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 25-мартындагы №3
«Аудиттин жыйынтыгы боюнча отчетту жана жазма буйрукту кароо»
Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 2025-жылдын 5-мартындагы №2-01-8/46 каты менен таанышып чыгып, Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы күн тартибинде меселени угуп жана талкуулап Бүргөндү-Достук айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1 .Социалдык экономикалык бөлүмүнүн башчысы Н.Абдышовдун берген маалыматы эске алынсын.
2. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмү, Жалал-Абад облустунун Ноокен районунун ”Бүргөндү-Достук” (мурунку Бүргөндү жана Достук) айыл өкмөтүнүн 2023жылдын 1-январынан тартып 2024-жылдын 1-апрелине чейинки мезгил аралыгындагы бюджеттин түзүлүшүнө жана аткарылышына жүргүзүлгөн шайкештик аудиттин жыйынтыгы боюнча жазма буйрукта көрсөтүлгөн кошуп жазууларга жана ашыкча төлөөлөргө мындан ары жол берилбесин.
3.Бүргөндү-Достук айыл өкмөтүнүн утурумдук жана капиталдык оңдоо, курулуш-куруу иштерине сарпталган бюджеттик жана башка каражаттарын өздөштүрүүдө негизсиз төлөмдөргө жана мыйзам бузууларга жол бербөө айыл өкмөтүнө милдеттендирилсин.
4. Токтомдун акткарылышын камсыз кылуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Б.К.Календеровго жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |