Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 101
Мезгилдүү басылмаларды кайра уюштуруу жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомунун редакциясына ылайык)
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 15-январындагы № 1 «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүү жөнүндө» Жарлыгын ишке ашыруу максатында, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 92, 93-беренелерине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. «Кыргыз Туусу» басма үйү», «Слово Кыргызстана» басма үйү» мекемелерин, «Байчечекей» балдар журналынын жана «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналынын редакцияларын бириктирүү аркылуу «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси түзүлсүн.
2. «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси жөнүндө жобо ушул токтомдун 1-тиркемесине ылайык бекитилсин.
3. Төмөнкү жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин түзүмдүк бөлүмдөрү болуп эсептелет деп аныкталсын:
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук «Кыргыз Туусу» гезити;
- Кыргыз Республикасынын жалпы улуттук «Слово Кыргызстана» гезити;
- «Байчечекей» балдар журналы;
- «Ала-Тоо» адабий-көркөм журналы.
4. Ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттары «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин курамында түзүлөт, иштейт жана юридикалык жактар болуп саналбайт деп белгиленсин.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 10-июнундагы № 328 «Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин айрым маселелери жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу схемасы ушул токтомдун 2-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
6. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2017-жылдын 18-августундагы № 495 «Маданият, искусство жана маалымат мекемелеринин типтүү чектелген штаттарын бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун тогузунчу абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйүнүн 7-тиркемеге ылайык;»;
- 7-тиркеме ушул токтомдун 3-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
7. (КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 25-апрелиндеги № 290 токтомуна ылайык күчүн жоготту)
8. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2020-жылдын 29-майындагы № 278 «Маданият, искусство, маалымат жана кинематография мекемелеринин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптарды бекитүү жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
- 1-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7) «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесинин 7-тиркемеге ылайык;»;
- 7-тиркеме ушул токтомдун 5-тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
9. «Жеткинчек» гезитинин редакциясы» мекемеси жана «Кырчын» журналынын редакциясы жоюлсун.
10. Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги:
- «Жеткинчек» гезитинин редакциясы» мекемесин жана «Кырчын» журналынын редакциясын жоюу жол-жоболорун жүргүзүү үчүн жоюу комиссиясын түзсүн, тиешелүү жол-жоболорду аткарууну уюштурсун;
- жоюу балансын бекитсин;
- өткөрүлүп берилген финансылык ресурстарды «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемесин түзүүгө жана анын ишине максаттуу пайдаланууну камсыз кылсын;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
11. «Кыргыз Туусу» маалымат-басма үйү» мамлекеттик мекемеси:
- белгиленген тартипте юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өтсүн жана ушул токтомдун 3-пунктунда көрсөтүлгөн жалпыга маалымдоо каражаттарын кайра каттоону жүргүзсүн;
- ушул токтомдон келип чыгуучу зарыл болгон чараларды көрсүн.
12. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 23-апрелиндеги № 215 «Слово Кыргызстана» басма үйүн түзүү жөнүндө» токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 296 «Слово Кыргызстана» басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 25-майындагы № 298 «Кыргыз Туусу» басма үйүн түзүү жөнүндө» токтому;
4) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1998-жылдын 15-июнундагы № 352 «Кыргыз Туусу» басма үйү жөнүндө жобону бекитүү тууралуу» токтому.
13. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
14. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 11 (3771) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| 2-тиркеме |
|
|
Кыргыз Республикасынын Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлигинин башкаруу СХЕМАСЫ
|
".
|
| 3-тиркеме |
|
|
"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин ТИПТҮҮ ЧЕКТЕЛГЕН ШТАТЫ
l. "Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемеси
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы директор | 1 |
2 | Башкы бухгалтер | 1 |
| Жалпы: | 2 |
2. Көмөкчү персонал | ||
3 | Бухгалтер | 1 |
4 | Көркөм редактор | 1 |
5 | Жарнама жана маркетинг боюнча менеджер | 2 |
6 | Офис-менеджер (кадрлар боюнча инспектор) | 1 |
7 | Системалык администратор | 1 |
8 | Оператор-монтаждоочу | 1 |
9 | Веб-адис | 1 |
10 | Корректор | 1 |
11 | Дизайнер-верстальщик | 1 |
12 | Фотокабарчы | 1 |
| Жалпы: | 11 |
3. Кенже тейлөөчү персонал | ||
13 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 2 |
14 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын (таштанды түтүгүн) тазалоочу | 1 |
| Жалпы: | 3 |
| Бардыгы: | 16 |
II. "Кыргыз Туусу" маалымат-басма борбору
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы редактор | 1 |
| Жалпы: | 1 |
2. Негизги персонал | ||
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Баяндамачы | 3 |
4 | Кабарчы | 2 |
5 | Корректор | 1 |
6 | Верстальщик | 1 |
7 | Веб-адис | 1 |
| Жалпы: | 9 |
| Бардыгы: | 10 |
III. "Слово Кыргызстана" маалымат-басма борбору
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы редактор | 1 |
| Жалпы: | 1 |
2. Негизги персонал | ||
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Баяндамачы | 3 |
4 | Кабарчы | 2 |
5 | Корректор | 1 |
6 | Верстальщик | 1 |
7 | Веб-адис | 1 |
| Жалпы: | 9 |
| Бардыгы: | 10 |
lV. "Ала-Тоо" адабий-көркөм журналы
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы редактор | 1 |
| Жалпы: | 1 |
2. Негизги персонал | ||
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Кабарчы | 2 |
| Жалпы: | 3 |
| Бардыгы: | 4 |
V. "Байчечекей" балдар журналы
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Штаттык бирдиктердин саны |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы редактор | 1 |
| Жалпы: | 1 |
2. Негизги персонал | ||
2 | Жооптуу катчы | 1 |
3 | Кабарчы | 2 |
| Жалпы: | 3 |
| Бардыгы: | 4 |
| Бардыгы: | 44 |
".
|
| 4-тиркеме |
|
|
"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарына эселөө коэффициенттери
| Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенти |
1 | Башкы директор | 4,50 |
2 | Башкы редактор | 4,00 |
3 | Башкы бухгалтер | 3,40 |
4 | Бухгалтер | 2,70 |
5 | Жарнама жана маркетинг боюнча менеджер | 2,80 |
6 | Офис-менеджер (кадрлар боюнча инспектор) | 2,21 |
7 | Системалык администратор | 2,27 |
8 | Жооптуу катчы | 2,13 |
9 | Көркөм редактор | 2,30 |
10 | Баяндамачы | 2,20 |
11 | Кабарчы | 2,30 |
12 | Фотокабарчы | 2,30 |
13 | Корректор | 2,20 |
14 | Верстальщик | 2,00 |
15 | Веб-адис | 2,20 |
16 | Оператор-монтаждоочу | 2,13 |
17 | Дизайнер-верстальщик | 2,00 |
18 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | 1,75 |
19 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын (таштанды түтүгүн) тазалоочу | 1,20 |
".
|
| 5-тиркеме |
|
|
"Кыргыз Туусу" маалымат-басма үйү" мамлекеттик мекемесинин кызматкерлери үчүн квалификациялык талаптар
№ | Кызмат орундарынын аталышы | Квалификациялык талаптар |
1. Административдик-башкаруучу персонал | ||
1 | Башкы директор | Кандай багытта болбосун жогорку кесиптик билими, 5 жылдан кем эмес жалпы эмгек стажы; кызматтык милдеттерин аткаруу үчүн зарыл болгон көлөмдө мамлекеттик жана расмий тилдерди билүүсү |
2 | Башкы редактор | "Гуманитардык илимдер", "журналистика", "укук" жана башка тектеш адистиктер боюнча жогорку кесиптик билими; адистиги боюнча 5 жылдан кем эмес иш стажы |
3 | Башкы бухгалтер | "Экономика", "бухгалтердик эсеп" багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билими, адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
2. Көмөкчү персонал | ||
4 | Бухгалтер | "Экономика" же "бухгалтердик эсеп" багыты боюнча жогорку же орто кесиптик билим, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
5 | Жарнама жана маркетинг боюнча менеджер | "Маркетинг", "экономика жана башкаруу", "журналистика" багыттары боюнча же башка адистиктер боюнча жогорку же орто кесиптик билими, 2 жылдан кем эмес иш стажы |
6 | Офис-менеджер (кадрлар боюнча инспектор) | "Юриспруденция", "персоналды башкаруу" багыттары боюнча жогорку же орто кесиптик билими |
7 | Системалык администратор | "Маалымат технологиялары", "компьютер илимдери", "телекоммуникациялар" багыттары же тектеш адистиктер боюнча жогорку билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
8 | Корректор | Лингвистика же башка гуманитардык дисциплиналар жаатында орто кесиптик же жогорку билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
9 | Дизайнер-верстка жасоочу | Лингвистика же башка гуманитардык дисциплиналар жаатында орто кесиптик же жогорку билими, адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
3. Негизги персонал | ||
10 | Жооптуу катчы | "Гуманитардык илимдер", "журналистика", "укук" багыттары боюнча же башка тектеш адистиктер боюнча жогорку кесиптик билими; адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
11 | Көркөм редактор | "Журналистика" багыты боюнча жогорку кесиптик билими; адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
12 | Кабарчы | "Журналистика" багыты же башка тектеш багыттар боюнча жогорку кесиптик билими, адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
13 | Баяндамачы | "Журналистика", "филология" багыты, башка илимдер боюнча жогорку кесиптик билими; адистиги боюнча 3 жылдан кем эмес иш стажы |
14 | Фотокабарчы | Тармагы боюнча орто кесиптик же жогорку билими (журналистика, фотожурналист, дизайн, искусство, маданият жана тектеш багыттар); адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
15 | Верстка жасоочу | "Техникалык илимдер", "дизайн", "маданият жана искусство" багыттары боюнча орто кесиптик же жогорку билими; адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
16 | Веб-адис | "Информатика жана эсептөө техникасы", "журналистика", "басма иши", "веб-дизайн" же тектеш багыттар боюнча орто кесиптик же жогорку билими; адистиги боюнча 2 жылдан кем эмес иш стажы |
17 | Оператор-монтаждоочу | "Журналистика", "маданият жана искусство", ошондой эле кино, теле же видеоөндүрүш, же коммуникациялык технологиялар жаатында орто кесиптик же жогорку билими; адистиги боюнча 1 жылдан кем эмес иш стажы |
4. Кенже тейлөөчү персонал | ||
18 | Жеңил автомобилдин айдоочусу | Орто же орто кесиптик билими. "В"/"D" категориядагы айдоочулук күбөлүгүнүн болушу. Жол кыймылынын эрежелерин жана коопсуз айдоонун негиздерин, автомобилге техникалык тейлөө жүргүзүү көндүмдөрүн билүүсү |
19 | Кызматтык жана маданий-тиричилик жайларын (таштанды түтүгүн) тазалоочу | Жалпы орто билими (9-класстан төмөн эмес). Жайды тазалоодо санитардык жана гигиеналык эрежелерди билүүсү. Тазалоочу инвентарь жана тиричилик химия каражаттарын колдоно билүүсү |
".