Загрузка документа…
БҮРГӨНДҮ-ДОСТУК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы
2025-жылдын 25-мартындагы №4
«Шамалды-Сай айылындагы талаастанын кырманы жери менен “Баймакс Холдинг” ЖЧКсына экспорттук-логистикалык мал чарба борборун куруу үчүн ижарага берүү жөнүндө»
Бүргөндү-Достук айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезексиз 6-сессиясы маселени күн тартибинде карап жана талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Календеровдун сунушу жана эканомика бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусу эске алынсын.
2.Шамалды-Сай айылындагы талаастанынын кырманы жери менен 5556,0 чарчы метр жер аянтына экспорттук-логистикалык мал чарба борборун куруу үчүн Баймакс Холдинг ЖЧКсына келишимдин негизинде узак мөөнөттүү ижарага берүүгө макулдук берилсин жана төндөгүдөй тартипте тарифи бекитилсин:
-бир баш майда жандыкка 300(үч жүз) сом;
-бир баш бодо малга 800(сегиз жүз) сом;
-бир баш жылкыгы 1200(бир миң эки жүз) сом
3.Тийиштүү документтерди өзгөртүүлөрдү киргизүү менен даярдап берүү
жагы Ноокен районунун шааркурулуш жана архитектура боюнча
башкармалыгынан, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жер
ресурстары боюнча мамлекеттик агентигинин алдындагы “Кадастр” мамлекеттик мекемесинин Ноокен райондук филиалынан суралсын.
4.Токтомду аткаруу айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
Айылдык кеңештин төрагасы |
Н.Мадалиев |