Редакцияот 11.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

БАШ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезектеги VII сессиясы

 

2025-жылдын 11-июлу № 7/7

 

Баш-Булак айыл аймагындагы Садырбай айылынын Мектеп жана Садырбай 3 көчөлөрүнө «Маматуллаев Шермат Маматуллаевич» атындагы көчө деп ысым берүү жөнүндө.

    

    

           

Кыргыз Республикасынын “Географиялык аталыштар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесине ылайык жана ошол көчөнүн жашоочуларынын протоколунун негизинде, Садырбай айылынын тургуну Маматуллаев Шерматтын небереси Маматуллаев Эрнистин арызын карап чыгып жана талкуулап Баш-Булак айыл аймагынын айылдык кеӊеши

ТОКТОМ  КЫЛАТ

 

1. Баш-Булак айыл аймагынын Садырбай айылынын Мектеп жана Садырбай 3 көчөлөрүнө «Маматуллаев Шермат Маматуллаевич» атындагы көчө деп ысым берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык, маданий маселелер, билим берүү, саламаттык сактоо, тил жана каада-салт боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.

 

 

Төрага

 

А.Бакиров