Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 100
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2022-жылдын 28-январындагы № 32 «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө» токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Инвесторлорду коргоо механизмин өркүндөтүү максатында, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 28-январындагы № 32 «Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартиби жөнүндө» токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Инвесторлордун даттанууларын кароонун жана аларды коштоонун тартибинде:
– 3-пунктта:
2-пунктча төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«2) ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – мамлекеттик инвестициялык саясатты иштеп чыгуу жана ишке ашыруу үчүн жооптуу орган;»;
3-пунктчада «инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү» деген сөздөр алып салынсын;
– 4-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«4. Инвесторлордун даттанууларын кароо жана аларды коштоо маселелери төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
1) укуктун үстөмдүгү жана укуктук жол-жоболордун сакталышы;
2) объективдүүлүк;
3) калыстык;
4) толуктук;
5) натыйжалуулук.»;
– 5-пунктта, 6-пункттун биринчи абзацында, 10-пункттун экинчи абзацында, 11, 12, 15, 20, 21, 22, 23-пункттарда, 231-пункттун экинчи абзацында, 24-пунктта, 27-пункттун биринчи абзацында, 28, 29-пункттарда жана 32-пункттун 3-пунктчасында түрдүү жөндөмөлөрдөгү «инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу орган» деген сөздөр тиешелүү жөндөмөлөрдөгү «ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– 51-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«51. Мамлекеттик органдар жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары өздөрүнүн веб-сайттарында жана башка онлайн-ресурстарында ушул Тартипке ылайык инвесторлор тарабынан даттануу берүү мүмкүнчүлүгү жөнүндө маалыматты жайгаштырат.»;
– 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«7. Даттануулардын кызыкдар субъекттери ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын суроо-талаптарына өз убагында жооп берүүгө, суралган маалыматты берүүгө жана ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан уюштурулган инвестордун даттануусун кароого катышууга милдеттүү.»;
– 8-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«8. Даттануулардын субъекттери менен келип чыккан пикир келишпестиктер жөнүндө даттануу ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга инвестордун өзү тарабынан жөнөтүлөт.
Инвесторлордун даттануулары ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан инвесторлорду коргоо жана коштоо боюнча иштин алкагында өз алдынча аныкталышы мүмкүн.»;
– 9-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«9. Инвесторлордун даттануулары сотко, бейтарап сотко же эл аралык арбитражга кайрылганга чейин кайсы болбосун стадияда ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилиши мүмкүн.»;
– 16-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«16. Маалымат чогултулгандан жана ал Реестрге киргизилгенден кийин ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттануу чечилбегендигине байланыштуу Кыргыз Республикасы үчүн мүмкүн болгон экономикалык тобокелдиктерди баяндаган, ошондой эле даттануунун субъекти тарабынан ушул Тартиптин 1-тиркемесине ылайык форма боюнча эл аралык укуктун ченемдерин же улуттук мыйзамдарды мүмкүн болуучу бузууларга баа берүүнү камтыган талдоо жүргүзүүгө киришет.»;
– 17-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 18-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«18. Жүргүзүлгөн талдоо менен инвестордун даттануусунун негиздүүлүгү ырасталганда ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган даттануунун субъектине дооматтарды, талдоонун натыйжаларын жана аларды жоюу боюнча сунуштамаларды баяндоо менен бир эле убакта бул жөнүндө инвесторго кабарлоо менен кат жиберет.»;
– 19-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
«19. Даттануунун субъекти даттануу боюнча өзүнүн позициясын анын катын алган күндөн тартып 7 жумуш күндүн ичинде ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берет.»;
– 25-пункт күчүн жоготту деп таанылсын;
– 31-пунктта «инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдан» деген сөздөр «ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдан» деген сөздөргө алмаштырылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 1-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 2-тиркемеси күчүн жоготту деп таанылсын;
– жогоруда көрсөтүлгөн Тартиптин 3-тиркемесинде «инвестицияларды тартуу жана коргоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органга» жана «Инвестицияларды тартуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөр тиешелүү түрдө «ыйгарым укуктуу органга» жана «Ыйгарым укуктуу органдын» деген сөздөргө алмаштырылсын.
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 11 (3771) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |