Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 29-январы № 21
Автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоону жүзөгө ашыруучу уюмдардын автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо чөйрөсүндөгү ишин жөнгө салууну апробациялоо жана өркүндөтүү боюнча чаралар жөнүндө
Лицензиялануучу иштин түрлөрүн мамлекеттик жөнгө салуу системасын өркүндөтүү, колдонуудагы лицензиялоо тартибинин натыйжалуулугун баалоо, оптималдуу уюштуруучулук-укуктук чечимдерди иштеп чыгуу максатында, "Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 31-1-беренесине ылайык, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 66 жана 71-беренелерин жетекчиликке алып, токтом кылам:
1. 2026-жылдын 30-январынан тартып 2026-жылдын 30-августуна чейин автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жөнгө салууну өркүндөтүү боюнча апробациялык режим киргизилсин.
2. Төмөнкүлөр белгиленсин:
- апробациялык режим мезгилинде автомототранспорт каражаттарынын айдоочуларын даярдоо жана кайра даярдоо боюнча билим берүү ишин жүзөгө ашырууга жеке менчик билим берүү уюмдарына (автомектептерге) мурда берилген лицензиялардын колдонулушу токтотулуп турат деп;
- апробациялык режим мезгилинде билим берүү иши мамлекеттик автомектептер тарабынан жүргүзүлөт деп.
3. Кыргыз Республикасынын Президентинин Иш башкармасы:
- апробациялык режимдин жыйынтыгы боюнча Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясына Кыргыз Республикасынын тийиштүү ченемдик укуктук актыларынын долбоорлорун киргизсин;
- ушул Жарлыктан келип чыгуучу башка чараларды көрсүн.
4. Бул Жарлыктын аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул Жарлык расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 30-январынан тартып күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Жапаров |