Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 13-февралы № 103
Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
Айыл чарба өндүрүшүнүн натыйжалуулугун жогорулатуу, Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келинүүчү мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн контролдоо аркылуу азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылуу максатында, 2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын аймагына ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып кирүүгө 2026-жылдын 1-мартынан тартып алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу белгиленсин. Бул тыюу Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин бажы аймагынан келип чыккан жана Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимде жана Евразия экономикалык бирлигинин Бажы кодексинде белгиленген тартипте Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагында өз ара сооданын алкагында өткөрүлүүчү товарларга, ошондой эле Кыргыз Республикасы аркылуу мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөттөрүн транзит менен ташууга карата колдонулбайт.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуунун киргизилгендиги жөнүндө Дүйнөлүк соода уюмунун Коргоо чаралары боюнча комитетине жана Евразия экономикалык комиссиясына белгиленген тартипте кабарласын.
3. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунан тышкары, мөмө-жемиш өсүмдүктөрүн мыйзамсыз ташып келүүгө бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 2-июлундагы № 346 «Кыргыз Республикасынын аймагына мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн сортторунун көчөттөрүн ташып келүүгө (импорттоого) убактылуу чектөө киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
6. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
7. Бул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана 2026-жылдын 1-мартынан тартып күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 17-февралындагы № 11 (3771) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Кыргыз Республикасынын аймагына ташып келүүгө алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу колдонулбаган мөмө-жемиш өсүмдүктөрүнүн көчөт материалдарынын сортторунун тизмеги
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 30-апрелиндеги № 314 токтомунун редакциясына ылайык)
№ | ЕАЭБ ТЭИ TH | Өсүмдүктөрдүн жана сорттордун аталышы |
1 | 0602 20 800 0 | Алма көчөттөрү |
|
| Жайкы сорттор: – Вильямс Прайд. Күзгү сорттор: – Гала; – Гала Валл; – Джинжер голд. Кышкы сорттор: – Голден Делишес; – Голден Рейнджерс; – Скарлет спур; – Джеромини; – Ред чиф; – Фуджи; – Гренни смит; – Пинк Леди (Розу Глоу); – Стори Иноред |
2 | 0602 20 800 0 | Алмурут көчөттөрү |
|
| – Деведжи; – Этрушка; – Виллямс; – Июнь сулуусу; – Маузер; – Кармен; – Аббат Фетель; – Санта Мария |
3 | 0602 20 800 0 | Кара өрүк көчөттөрү |
|
| – Стенли; – Блек Даймонд; – Анжелино; – Аутум Гигант; – Блэк Сплендор (Black Splendor) |
4 | 0602 20 800 0 | Өрүк көчөттөрү |
|
| – Кантек; – Исфарак; – Субхони; – Приция (өтө эрте бышуучу); – Микадо (өтө эрте бышуучу); – Милорд (кеч бышуучу); – Мемпис (кеч бышуучу); – Рубиста; – Роксана; – Королдук Шалах |
5 | 0602 20 800 0 | Гилас көчөттөрү |
|
| – Кордия; – Регина; – Валовая 3; – Скина; – Зираат 0900; – Эрли Лори (эрте бышуучу); – Свит Лоренз (орточо эрте бышуучу); – Свит Харт; – Ред Пасифик; – Саммит; – Стаккато; – Свит Стефани |
6 | 0602 20 800 0 | Алча көчөттөрү |
|
| – Жуков; – Kelleris 14; – Лютовка; – Кутахйа; – Облачин |
7 | 0602 20 800 0 | Шабдалы көчөттөрү |
|
| – Кызыл Москва; – Филомена (өтө эрте бышуучу); – Астория (эрте бышуучу); – Копакобана (ультра эрте бышуучу); – Экстрим; – Свит леди; – Роял глори; – Глохевен; – Лола; – Редхейвен (Redhaven) |
8 | 0602 20 100 0 | Жүзүм көчөттөрү |
|
| Аш сорттору: – Киш-миш Сето гиганттары; – Юпитер; – Ред Глоб; – Шайн Мускат; – Ламборджини; – Маникюр фингер; – Ruby Roman; – Одесса сувенири. Техникалык сорттор: – Пино Нуар; – Каберне; – Шардоне; – Совиньон-блан; – Алиготе; – Мускат Семильон; – Каберне-совиньон; – Мерло; – Ркацители; – Баян ширей; – Кулжа; – Саперави; – Венгер мускаты |
9 | 0602 20 800 0 | Кожогат көчөттөрү |
|
| – Монтерей; – Сан андреас; – Азия; – Альбион; – Клери; – Мурано; – Мальга; – Кабриолло; – Федерика; – Портола |
10 | 0602 20 800 0 | Малина көчөттөрү |
|
| – Мапема; – Эндросадира; – Натчез; – Маравилла; – Маргарита; – Пшехиба; – Делнива |
11 | 0602 20 800 0 | Кара карагат көчөттөрү |
|
| – Тибен; – Тизель; – Церера; – Вавиловду эскерүү; – Ядреная; – Добрыня; – Золотистая; – Титания; – Бен Тиран; – Бен Тибен |
12 | 0602 20 800 0 | Кызыл карагат көчөттөрү |
|
| – Алтай кочкул кызыл; – Ненаглядная; – Рондом |
13 | 0602 20 800 0 | Чычырканак көчөттөрү |
|
| – Клара; – Mapa; – Андрос; – Алтай; – Гном; – Джемовая; – Елизавета; – Клавдия; – Сударушка |
14 | 0602 20 800 0 | Бадам көчөттөрү |
|
| – Десерттик; – Ялта; – Маркони (Marcona); – Техас (Texas); – Феррагнес (Ferragnes) |
15 | 0602 20 800 0 | Токой жаңгагынын көчөттөрү |
|
| – Түндүк (суукка чыдамдуу); – Halls Giant; – Istarski Dugi (кургакчылыкка чыдамдуу) |
16 | 0602 20 800 0 | Грек жаңгагынын көчөттөрү |
|
| – Таттуу данектүү; – Chempion; – (Juglans regia) С6; – Идеал; – Фернор; – Чандлер |
17 | 0602 20 800 0 | Мисте көчөттөрү |
|
| – Антеп; – Сиирт; – Акбари; – Ахмад Агаи; – Фандоги; – Бадами |