Редакцияот 25.07.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОГУЗ-ТОРО АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Тогуз-Торо айылдык кеңешинин ХХIII шайланышынын)

кезектеги чакырылган VI сессиясы

 

  2025-жылдын 25-июлундагы №52

 

«Тогуз-Торо айыл аймагындагы калктын жашоо шартын ѳнүктүрүүнү, уюштурууну, социалдык-экономикалык пландаштыруу, калкка социалдык жана маданий кызмат кѳрсѳтүү боюнча 2025-жылдын 6 айынын жыйынтыгы жөнүндө»

 

Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун 2025-жылдын 6 айына аткарылган иш планынын отчетун угуп жана талкуулап Тогуз-Торо айылдык кеңешинин (ХХIII шайланышынын) кезектеги чакырылган VI сессиясы

 

ТОКТОМ  КЫЛАТ:

 

1.Тогуз-Торо айыл өкмөтүнүн башчысы А.Т.Жарбашовдун айылдын социалдык экономикалык абалын көтөрүү багытында 2025-жылдан 6 айына аткарган иштеринин отчету канаттандыраарлык деп табылсын.

 

2.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө бюджет,экономика,муниципалдык менчик, айыл чарба,инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.

 

3.Токтомду каттоодон ѳткѳрүү жана Тогуз-Торо айыл аймагынын расмий веб-сайтына жарыялоо жагы айыл ѳкмѳтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчысы У.Арыкмолдоевага тапшырылсын.

 

 

Тогуз-Торо айылдык кенешинин төрагасы

  

У.Токтожумаев