Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
5-сессиясы
2025-жылдын 20-марты № 57
Металды кайра иштетүүчү чакан завод куруу жөнүндө
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Көчөрбаевдин Чоң-Алыш айыл аймагынын Чат-Базар айылынын Эдилов Разабек көчөсүнүн № 11 дарегинде жайгашкан мурдагы “Манас” колхозуна тиешелүү бузулуп калган эски май заводдун ордуна металды кайра иштетүүчү чакан завод куруу жөнүндөгү билдирүүсүн угуп жана талкуулап Чоң-Алыш айылдык кеңешинин кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Чат-Базар айылынын Эдилов Разабек көчөсүнүн №11 дарегиндеги идентификациялык коду 6-04-10-1002-0247 сандуу муниципалдык менчиктеги өндүрүштүк багыттагы 4920,0м2 жердин күн-батыш тарабынан 500,0м2 жерине металды кайра иштетүүчү чакан завод курулсун.
2. Тиешелүү иш кагаздарын даярдоо жагы Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн башчысы А. Көчөрбаевге милдеттендирилсин.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |