Загрузка документа…
ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
5-сессиясы
2025-жылдын 20-марты № 60
Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине жер участогун
мөөнөтсүз пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө
Чоң-Алыш айыл аймагынын Кара-Суу айылынын “Присельный” участогунда жайгашкан БСРдин мамлекеттик актысын алуу максатында Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз 5-сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Суу айылындагы “Присельный” участогунун 1670-чөйрө сызыгындагы 2,40га жер тилкесинин күнүмдүк суу топтоочу бассейиндин (БСР) мамлекеттик актысы алынсын.
2. Аталган токтом менен иш алып баруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А. Көчөрбаевке жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы өзүмө калтырылсын.
Төрага |
| Т. Бейшеналиев |