ЧОҢ-АЛЫШ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Чоң-Алыш айылдык кеңешинин IХ-чакырылышынын кезектүү
5-сессиясы
2025-жылдын 20-марты № 61
Чоң-Алыш айыл аймагынын жазгы талаа иштери жана мал акыларын бекитүү боюнча
Чоң-Алыш айыл аймагынын жазгы талаа иштери жана мал акыларын бекитүү боюнча карап талкуулап чыгып, Эл депутаттарынын Чоң-Алыш айылдык аймактык Кеңешинин IХ чакырылышынын кезексиз 5 сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2025-жылга Чоң-Алыш айыл аймагындагы мал багуучулар үчүн кызмат көрсөтүү акысы төмөндөгүдөй болуп бекитилсин:
- Бодо малга бир айга - 700 сом, (тузу ичинде, жайыт акысы -100 сом)
- Жылкы бир айга - 600 сом, (тузу ичинде,жайыт акысы -100 сом)
- Кой-эчки бир айга – 100 сом, (тузу ичинде, жайыт акысы – 20 сом)
- Саан бээ – өз ара келишим боюнча
- Кесүү кайтарганда малын карабай ит кушка жегизип алса, малдын башына баш сатып малдын ордун тургузсун
- Мал өлсө тез арада мал ээсине кабарлоо жана жеткирип берүү, жоголсо төлөп берүү малчыларга милдеттендирилсин. Айдоочу өлүк мал алып келсе 100 сом, тирүү койго 200 сом,тирүү бодо малга 700 сом, өлүк бордо малга 300сом, мал ээси төлөп берсин
2. Жазгы айдоо-себүү талаачылык жумуштарын аткарууга кызмат көрсөтүү көлөмдөрүн жеке трактористтерге 2025-жылга 1га жер аянтына калкка кызмат көрсөтүүнүн акысы төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
- Айдатылган жердин акысы - 1600 сом, 30 литр солярка
- Дың жерди, беде себилген жерлерди бузуу - 2300 сом, 30 литр солярка
- Эспарцет себилген жерди бузуу - 1800 сом, 30 литр солярка
- Планировка - 1000 сом, 10 литр солярка
- Арпа, буудай себүү - 1000 сом, 10 литр солярка
- Даары чачуу -500 сом, 10 литр солярка
- Окучник – 1000 сом, 10 литр солярка
- Чөп чабуу -1300 сом, 10 литр солярка
- Чөп престөө ар бир түк -15 сом, 10 литр солярка
- Чөп тырмоо – 600 сом, 5 литр солярка
- Чөп ташуу каналдын асты 1000 сом, каналдын үстү 1200 сом
- Косилка - 1000 сом, 10 литр солярка
- Фасоль комбайн 15 литр солярка, тоннасына 1 кап.
- Фасоль себүү – 800 сом, 10 литр солярка
3. Чоң-Алыш айыл өкмөтүнүн Ак-Сай муниципалдык ишканаларынын техникаларынын баасы жазгы айдоо-себүү, талачылык жумуштарын аткарууга карата кызмат көрсөтүү көлөмдөрү төмөндөгүдөй баада бекитилсин:
- Айдатылган жердин акысы - 1600 сом, 30 литр солярка
- Дың жерди, беде себилген жерлерди бузуу - 2300 сом, 30 литр солярка
- Эспарцет себилген жерди бузуу - 1800 сом, 30 литр солярка
- Планировка - 1000 сом, 10 литр солярка
- Арпа, буудай себүү - 1000 сом, 10 литр солярка
- Даары чачуу -500 сом, 10 литр солярка
- Окучник – 1000 сом, 10 литр солярка
- Чөп чабуу -1300 сом, 10 литр солярка
- Чөп престөө ар бир түк -15 сом, 10 литр солярка
- Чөп тырмоо – 600 сом, 5 литр солярка
- Чөп ташуу каналдын асты 1000 сом, каналдын үстү 1200 сом
- Косилка - 1000 сом, 10 литр солярка
- Фасоль комбайн 15 литр солярка, тоннасына 1 кап.
- Фасоль себүү – 800 сом, 10 литр солярка
- Камаз рейсине каналдын асты - 1000 сом, каналдын үстү 1200 сом
- МТЗ экскаватор саатына – 2500 сом
- Септик, чуңкур казуу 1 метр -700 сом, арык тереңдиги 30 см-30 сом, 50 см-50 сом, ар 30 см- 5литр солярка
- Бак дарактын тамырын жулуу 1 даанасы -200 сом май ичинде
- Франталдуу жүктөгүч ар бир саатына- 3000 сом КАМАЗ 1000 сом, ГАЗ 53 500
- Эски там, короолорду түртүү көлөмүнө жараша 800 сомдон жогору
- Мурап акысы:
- каналдын өйдө жагы БСРден ичкендер 1га жерге- 500сомбир жылга
- каналдын ылдый жагы - 400 сом
- огород-300 сом
- Суу уурдаган жарандарга - 5000 сом айып пул салынат.
- Мал үлүш жерге түшсө - 5000 сом айып пул салынат.
4. 15-майдан баштап малчыларды жайлоого көчүрүү жана 25-сентябрдан кийин жайлоодон жакага көчүрүү боюнча иш жүргүзүү жагы Ак-Сай муниципалдык ишкананын жетекчиси Р.Кабыловко милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы өзүмө калтырылсын.