КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 23-январы № 25
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоону жана калкты өз убагында кабарлоону камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Санарип кодексинин 13, 134-беренелерине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 15-ноябрындагы № 262 "Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин айрым маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигине караштуу Кризистик кырдаалдарда башкаруу борбору жөнүндө жободо:
- 11-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"- өзгөчө кырдаалдар коркунучунда жана (же) келип чыкканда менчигинин түрүнө карабастан акысыз негизде телекоммуникациялык сервистер, тармактар жана телерадиоберүү каналдары аркылуу шашылыш маалыматты трансляциялоону жүзөгө ашырууга.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |