Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 65
Каракол айыл аймагында К.Каимов атындагы орто мектебине заманбап китепкана кабинетин уюштурууга жана мектептин алды жагына брусчатка төшөөгө Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагында К.Каимов атындагы орто мектебине заманбап китепкана кабинетин уюштурууга жана мектептин алды жагына брусчатка төшөөгө Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндөгү депутат С.Суюнтбековдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагында К.Каимов атындагы орто мектебине заманбап китепкана кабинетин уюштурууга жана мектептин алды жагына брусчатка төшөөгө Талас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 3263126 (үч миллион эки жүз алтымыш үч миң бир жүз жыйырма алты) сом болгон долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |