Загрузка документа…
КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз V- сессиясы
2025-жылдын 19-марты № 66
Каракол айыл аймагындагы Р.Айдаралиев атындагы орто мектебине заманбап химия кабинетин жана лабораторияларды уюштурууга жана Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин класстык бөлмөлөрүн жана китепканасын мектеп эмеректери менен жабдууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндө
Каракол айыл аймагындагы Р.Айдаралиев атындагы орто мектебине заманбап химия кабинетин жана лабораторияларды уюштурууга жана Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин класстык бөлмөлөрүн жана китепканасын мектеп эмеректери менен жабдууга Талас өнүктүрүү фондусуна долбоор жазууга макулдук берүү жөнүндөгү депутат Ж.Жумагуловдун сунушун угуп жана талкуулап чыгып, Каракол айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Каракол айыл аймагындагы Р.Айдаралиев атындагы орто мектебине заманбап химия кабинетин жана лабораторияларды уюштурууга Талас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 1 091 168 (бир миллион токсон бир миң бир жүз алтымыш сегиз) сом болгон долбоор жазууга макулдук берилсин.
2. Каракол айыл аймагындагы Р.Айдаралиев атындагы орто мектебинин класстык бөлмөлөрүн жана китепканасын мектеп эмеректери менен жабдууга Талас өнүктүрүү фондусуна сметалык баасы 1 720 000 (бир миллион жети жүз жыйырма миң) сом болгон долбоор жазууга макулдук берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага |
| Э. Р. Тилекова |