Загрузка документа…
Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин
2026-жылдын 27-январындагы № 39-т
тескемесине ылайык
КҮЧҮН ЖОГОТТУ
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТЕСКЕМЕСИ
2025-жылдын 11-ноябры № 969-т
"Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык:
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 17-январындагы № 18-т тескемесине төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн тескеме менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылга иш-аракеттер планында:
- 275, 276-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
275 | Региондордогу маданият мекемелерин башкаруу системасын реформалоо жана өркүндөтүү | Китептердин эскирген нускаларын кийин эсептен чыгаруу үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган айылдык китепканалардын китепкана фонддорун инвентаризациялоо | Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын балансында турган айылдык китепканалардын китепкана фонддоруна толук инвентаризация жүргүзүлдү. Китептердин эскирген жана эскилиги жеткен нускаларын эсептен чыгаруу боюнча нускама иштелип чыкты жана бекитилди | ММЖСМ | 1-декабрь | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
276 | Райондук/айылдык маанидеги маданият объекттеринин мекемелерин (клубдар, маданият үйлөрү, музейлер, китепканалар) модернизациялоо жана оптималдаштыруу | "Маданият борбору" пилоттук көп функционалдуу маданий борборун түзүү боюнча концепциянын долбоорун иштеп чыгуу | "Маданият борбору" көп функционалдуу маданий борборунун концепциясынын долбоору иштелип чыкты | ММЖСМ | 1-декабрь | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
";
- 290-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"
290 | Жаштар саясаты чөйрөсүндөгү демилгелерди ишке ашыруу | III кыргыз-казак жаштар форумун өткөрүү | Эки өлкөнүн жаштарынын ортосунда эксперттик диалогду жана тажрыйба алмашууну өнүктүрүү үчүн аянтча түзүлдү; билим берүү, ишкердик, экология жана маданият чөйрөсүндө биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу жөнүндө макулдашууларга жетишилди | ММЖСМ | 20-август | Республикалык бюджеттин каражаттарынын алкагында |
".
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |