Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VI- сессиясы

 

2025-жылдын 22-майы № 71

 

Көпүрө-Базар айылына 75 орундуу типтүү бала бакча куруу жөнүндө

 

Каракол айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилип жаткан, Көпүрө-Базар айылына 75 орундуу типтүү бала бакча куруу боюнча депутаттардын сунушун ой пикирлерин угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каракол айыл аймагынын Көпүрө-Базар айылына 75 орундуу типтүү бала бакча курулсун.

 

2. 75 орундуу бала бакчанын имаратын курууга каржы маселесин чечүү үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жана башка демөөрчү уюмдарга долбоорлор жазылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрайымдын орун басары

 

Б.Сулайманов