Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VI- сессиясы

 

2025-жылдын 22-майы № 72

 

Арал айылына 275-300 орундуу типтүү мектеп куруу жөнүндө

 

Каракол айыл аймагынын 2024-2027-жылдарга карата социалдык-экономикалык өнүгүү планына киргизилип жаткан, Арал айылына 275-300 орундуу типтүү мектеп куруу боюнча депутаттардын сунушун ой пикирлерин угуп жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Каракол айыл аймагынын Арал айылына 275-300 орундуу типтүү мектеп курулсун.

 

2. 275-300 орундуу мектептин имаратын курууга каржы маселесин чечүү үчүн Талас райондук өнүктүрүү фондусуна жана башка демөөрчү уюмдарга долбоорлор жазылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрайымдын орун басары

 

Б.Сулайманов