Редакцияот 22.05.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАКОЛ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Каракол айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезекcиз VI- сессиясы

 

2025-жылдын 22-майы № 78

 

Көпүрө-Базар айылындагы Манас көчөсүнө жана С.Жумагулов (мурдагы Ленин) көчөсүнө жаңы жабык суу сарыктырма курулмаларын курууга каржылоо булактарын табуу үчүн райондук, облустук фондорго долбоорлор даярдап тапшырууга макулдук берүү жөнүндө

 

Көпүрө-Базар айылындагы Манас көчөсүнө жана С.Жумагулов (мурдагы Ленин) көчөсүнө жаңы жабык суу сарыктырма курулмаларын куруу жонүндо айыл тургундарынын кайрылууларын карап жана талкуулап чыгып, кезектеги сессия;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Көпүрө-Базар айылдагы Манас көчөсүнө жана С.Жумагулов (мурдагы Ленин) көчөсүнө курулган ачык суу сарыктырма курулмаларына жаңы жабык суу сарыктырма курулмаларын куруу максатында туруктуу жактарга кайрылып, катталуу (топосъемка), архитектуралык иш кагаздарын даярдоо жагы аткарууга алынсын.

 

2. Каржылоо булактарын табуу үчүн райондук, облустук фондорго долбоорлор даярдалып тапшырылсын.

 

3. Токтомдун аткарылышы Каракол айыл өкмөтүнүн башчысынан суралсын.

 

 

Төрайымдын орун басары

 

Б.Сулайманов