Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 24-сентябры № 3485-VII
17-апрелди жыл сайын белгиленүүчү Чоңдорго билим берүү күнү деп белгилөө жөнүндө
Маалыматтык технологиялар тездик менен өнүгүп жаткан шарттарда чоңдордун билим алуусу адамдык капиталды калыптандырууда, кесиптик квалификацияны жогорулатууда, жарандардын жаш курагына карабастан жумушка орношуусу жана өзүн өнүктүрүү үчүн мүмкүнчүлүктөрдү түзүүдө негизги ролду ойнойт. Ушуга байланыштуу үзгүлтүксүз билим алуу идеяларын жайылтуу жана чоңдордун билим алуусу үчүн жагымдуу шарттарды түзүү коомдун социалдык-экономикалык турмушундагы дайымкы өзгөрүүлөрдүн шарттарында Кыргыз Республикасынын мамлекеттик саясатынын актуалдуу милдети болуп саналат.
Жогоруда баяндалгандардын негизинде жана үзгүлтүксүз билим берүү тутумун өнүктүрүүгө көмөктөшүү жана чоңдордун билим алуусунун маанилүүлүгүнө коомдун көңүлүн буруу, ошондой эле бул багытты институционалдаштыруу максатында Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:
1. 17-апрель жыл сайын белгиленүүчү Чоңдорго билим берүү күнү деп белгиленсин.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети:
1) Чоңдорго билим берүү күнүн өткөрүү боюнча комплекстүү чараларды көрсүн, анын ичинде үзгүлтүксүз билим берүүнү жайылтууга багытталган семинарларды, конференцияларды уюштурсун жана ЖМКларда материалдарды жарыяласын;
2) бардык деңгээлдерде үзгүлтүксүз билим берүүнү жайылтуу боюнча демилгелерди колдоо менен жергиликтүү бийлик органдарынын Чоңдорго билим берүү күнүн майрамдоо боюнча иш-чараларды уюштурууга катышуусун камсыз кылсын;
3) квалификацияны жогорулатууга жана чоң адамдарды кесиптик кайра даярдоого, анын ичинде жеткиликтүү билим берүү курстарын түзүүгө багытталган программаларды иштеп чыксын жана жайылтсын;
4) бардык деңгээлдеги билим берүү мекемелерин адамдын өмүр бою билим алуу концепциясын өнүктүрүүгө өбөлгө түзүүчү курстарды жана программаларды интеграциялоого чакырсын;
5) чоңдорго билим берүү чөйрөсүндө тажрыйба алмашуу жана алдыңкы практикаларды киргизүү үчүн эл аралык уюмдар менен кызматташууну жүзөгө ашырсын;
6) чоңдорго формалдуу эмес билим берүүнү, анын ичинде эмгек рыногунда талап кылынган көндүмдөрдү өнүктүрүүгө багытталган программаларды жана курстарды колдоону баалоо жана таануу үчүн механизмдерди түзсүн;
7) чоңдорго билим берүү жаатындагы инновациялык долбоорлорго жана демилгелерге дем берүүчү үчүн мамлекеттик сыйлыктарды жана гранттарды иштеп чыксын жана киргизсин;
8) чоңдорду заманбап санариптик технологияларды эске алуу менен окутуу үчүн инфратүзүмдү, анын ичинде онлайн-ресурстарды жана платформаларды түзүүгө жана өнүктүрүүгө көмөктөшсүн;
9) чоңдорго билим берүү жаатындагы долбоорлорду жана демилгелерди ишке ашыруу үчүн, айрыкча алыскы жана айыл жерлеринде эл аралык фонддордун жана гранттардын ресурстарын тартсын;
10) мамлекеттик жана жеке түзүмдөрдүн колдоосунда, анын ичинде бизнестин жана иш берүүчүлөрдүн катышуусу менен, чоңдорго билим берүүнү өнүктүрүү үчүн жооптуу координациялык органды түзсүн;
11) калктын социалдык аярлуу топторун окутууда жана кесиптик даярдоодо колдоо көрсөтүү үчүн, алардын муктаждыктарын жана мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен программаларды иштеп чыксын жана ишке киргизсин;
12) чоң адамдардын арасында билим берүү жаатындагы керектөөлөрдү аныктоо үчүн социологиялык изилдөөлөрдү жүргүзсүн жана алардын жыйынтыктарынын негизинде мамлекеттик билим берүү программаларын ылайыкташтырсын;
13) чет элдик эксперттер менен билим жана тажрыйба алмашуу үчүн чоңдорго билим берүү маселелерине арналган эл аралык конференцияларды жана форумдарды уюштурсун;
14) чоңдорго билим берүүнү өнүктүрүүнү санариптик экономиканы өнүктүрүү жана заманбап технологияларды билим берүү процессине интеграциялоо боюнча стратегиялык пландарга киргизсин;
15) калктын бардык катмарлары үчүн билим берүү ресурстарына бирдей жеткиликтүүлүктү, анын ичинде билим берүү максатында китепканаларга, музейлерге жана башка маданий мекемелерге жеткиликтүүлүктү камсыз кылууну камсыз кылсын.
3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын орун басары |
| Ж.Э. Садырбаева |