Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ПРЕЗИДЕНТИНИН ЖАРЛЫГЫ
2026-жылдын 11-февралы № 39
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына өзгөртүү киргизүү тууралуу
Жылуулук менен камсыздоо ишканаларынын ишин натыйжалуу башкарууну уюштуруу, социалдык туруктуулукту камсыз кылуу жана жылуулук энергиясын жана ысык сууну керектөөчүлөрдүн кызыкчылыктарын коргоо максатында, Кыргыз Республикасынын Конституциясынын 71-беренесине ылайык токтом кылам:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 3-апрелиндеги № 89 "Отун-энергетикалык комплексинин айрым маселелери жөнүндө" Жарлыгына төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- 1-пункттун бешинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"- 2033-жылга чейин жылуулук менен жабдуучу ишканаларды субсидиялоону токтотуу боюнча зарыл чараларды көрсүн;".
2. Бул Жарлык расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 10 (3770) саны менен жарыяланды.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |