Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын кезектеги VII сессиясы
2024-жылдын 27-августу № 1
Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым жырымдарын өткөрүүнүн тартиби боюнча айыл аймагында иштелип чыккан Жобону бекитүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча чаралар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы №54 Жарлыгына ылайык Кара-Буура айыл аймагында иштелип чыккан Жобону карап жана талкуулап, Кара-Буура айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагында үй бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү, үрп адаттарды тартипке келтирүү боюнча иштелип чыккан Жобо тиркемеге ылайык бекитилсин.
2.Жобону бекитүү жөнүндөгү токтом кеңештин сайтына жарыяланып, ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү тарабынан токтоосуз тапшырылсын.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
|
| БЕКИТИЛДИ Кара-Буура айылдык кеңешинин 2024-жылдын 27-августундагы №1 токтому |
Кара-Буура айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы ЖОБОлор
2. ЖОБОну иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
5.Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
5.1. Жергиликтүү комиссия
6. ЖОБОнун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
1. Жалпы жоболор
1.1. Бул ЖОБО «Кыргыз Республикасында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын ирээтке келтирүү чаралары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 24-февралындагы ПЖ № 54-Жарлыгына ылайык, жергиликтүү калктын өзгөчөлүгүн жана салтын эске алып, иштелип чыгылган, жергиликтүү жамааттын жыйынында кабыл алынган эрежелерди камтыйт.
1.2. ЖОБОнун максаты Кара-Буура айыл аймагындагы калктуу конуштарда үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүү, аларды өткөрүүдө убаракерчиликке, өлүк ээсин мажбурлоого, өзүн көрсөтүүгө умтулууга, башка адамдардын социалдык абалын тоготпоого, ашыкча ысырапкорчулукка, элдин салт-санаасын, үрп-адатын тоготпоого жол бербөө, ата-салтына жат терс жөрөлгөлөрдүн күндөлүк турмушта жайылышына бөгөт коюуу, элибиздин нукура салт-санаасын жана ырым-жырымдарын кеңири пропагандалоо жана жайылтуу болуп эсептелет.
2. ЖОБОну иштеп чыгуунун, кабыл алуунун (бекитүүнүн) жана күчүнө киргизүүнүн тартиби
2.1. Кара-Буура айыл аймагында үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби жөнүндө ЖОБОну (мындан ары – ЖОБО) иштеп чыгуу үчүн айыл өкмөтүнүн башчысынын буйругу менен курамы айыл өкмөтүнүн кызматкерлеринен, жергиликтүү кеңештин депутаттарынан, ардагерлердин, аялдар жана жаштар уюмдарынын, аксакалдар СОТунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрүнөн турган жумушчу тобу түзүлөт.
2.2. Ушул Типтүү ЖОБОнун негизинде жумушчу тобу тарабынан иштелип чыккан ЖОБОнун долбоору айылдык жыйындарда талкууланат, жалпыга тааныштыруу үчүн такталарга илинет, айыл өкмөтүнүн жергиликтүү сайттарына жайгаштырылат. Келип түшкөн иштиктүү сунуштар эске алынып ЖОБОнун долбооруна киргизилет. Иштелип чыккан ЖОБО жергиликтүү кеңештин сессиясында бекитилет.
2.3. ЖОБО ага кызыккан жарандарга айыл өкмөтү, жергиликтүү кеңеш тарабынан токтоосуз тааныштырылат.
3. Үй-бүлөлүк салтанаттарды өткөрүүнүн тартиби
3.1. Үй-бүлөлүк салтанаттарга бешик тою, тушоо кесүү тою, балдарды сүннөткө отургузуу, нике (үйлөнүү) тою, куда тосуу, маараке салтанаттары ж.б. кирет.
3.2. Үй-бүлөлүк салтанаттар Кара-Буура айыл аймагында калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча, киргизилген чектөөлөрдү жана тыюууларды бекем сактоо менен өткөрүлсүн.
3.3. Жамааттарды өтүүчү кудайы тамактар, мааракелер, Нооруз майрамдары жалпы тартипте ысырапкерчиликке жол берилбей өткөрүлсүн.
3.4. Үйлөнүү үлпөттөрү, кыз узатуу тойлору, бешик тоюу, тушоо кесүү тоюу, балдарды сүннөткө отургузуу, нике тоюуу, куда тосуу, туулгандыгы боюнча даталуу күндөрдү, бүтүрүүчүлөрүнүн жолугушуулары ж.б той тамашалар ашыкча ысырапкерчиликке жол бербей, белгиленген тартипте өткөрүлсүн.
4. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнүн тартиби
4.1. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын (акыркы сапарга узатуу, үчүлүк, жетилик, кыркылык) өткөрүүдө мал союууга тыюуу салынсын.
4.2. Өлгөндү эске алуу ырым-жырымдары мал союууну эсепке албаганда айылдарда калыптанып калган жергиликтүү эрежелер жана тартип боюнча өткөрүлсүн.
4.3. Аялдарга таркатуу үчүн жыртыш же жүз аарчуулар жана челпек берүү жагы токтотулсун.
4.4. Майыт чыккан жерге килем көтөрүү, чүпүрөк, токоч жана таттуу каробкаларды алып келүү иштери токтотулсун.
4.5. Майыттын жумалыгы, кыркы, элүү эки күнү, жылдыгы, ашы бодо мал жылкы союуу менен өткөрүлбөстөн, жакындары менен гана бир же эки кой союуу менен жөнөкөй тартипте өткөрүлсүн.
5. Үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү комиссиялар жана кызмат адамдары
ЖОБОго ылайык үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүүнү ирээтке келтирүүчү, көзөмөлдөөчү органдарга жана кызмат адамдарына айыл өкмөтүнүн башчысы, жергиликтүү комиссия кирет.
Баардык комиссиялар өздөрүнүн ишин документтештирет.
5.1. Жергиликтүү комиссия
5.1.1. Жергиликтүү комиссия айыл өкмөтүндө түзүлөт. Анын курамына айыл өкмөтүнүн кызматкерлери, жергиликтүү кеңештин депутаттары, маданият мекемесинин, ардагерлердин, аялдардын жана жаштардын уюмдарынын, аксакалдар СОТунун, диний уюмдардын, өкмөттүк эмес уюмдардын, милициянын, жергиликтүү коомдоштуктун өкүлдөрү кирет. Жергиликтүү комиссияайыл өкмөтүнүн башчысынынбуйругу менен бекитилет.
5.1.2. Жергиликтүү комиссиянын мүчөлөрү өлгөндү эске алуу ырым-жырымы өткөрүлүп жаткан жерге чогуусу менен барып түшүндүрүү иштерин жүргүзөт, өлүк ээсин ЖОБОнун талаптары менен тааныштырып, ал тууралуу журналга кол койдурат, ЖОБОнун талаптарынын аткарылышына мониторинг жана көзөмөл жүргүзөт, ЖОБОнун талаптарын бузуу болгон учурда ал жөнүндө журналга каттоо жүргүзөт (же АКТ түзөт), ал тууралуу комиссияда маселе карайт, талапты бузган адамдарга карата чара (анын ичинде коомдук уяткаруу чарасын) көрөт.
5.3 Комиссиянын функциялары
5.3.1. Комиссиялар төмөндөгүдөй функцияларды жүзөгө ашырат.
5.3.2. Кара-Буура айыл өкмөтүнө КР Президентинин КР үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү Жарлыгы боюнча келип түшкөн арыздарды карайт жана калк арасында түшүндүрүү иштерине көмөктөшөт.
5.3.3 КР Президентинин КР үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү жөнүндөгү Жарлыгын аткарбаган мамлекеттик жана муниципалдык кызматчыларга Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга сунуштама берет;
5.3.4. Айыл өкмөтү КР Президентинин КР үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү Жарлыгын аткарбай, каяша айтып, тескери үгүт жүргүзгөн жарандарды Кара-Буура райондук мамлекеттик администрациясынын алдында түзүлгөн комиссияга чара көрүү боюнча сунуш кылат;
5.4 Комиссиянын ишин камсыз кылуу
5.4.1 Комиссия төмөндөгүлөргө укуктуу
5.4.2 Комиссиянын иши анын кеңешмесине бардык мүчөлөрүнүн үчтөн экиси катышкан учурда ыйгарымдуу деп эсептелет;
5.4.3 Комиссиянын чечими кеңешмеге катышкан комиссиянын мүчөлөрүнүн көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат;
5.4.4. Кара-Буура райондук мекеме-уюмдардан комиссия карап жаткан маселелер боюнча материалдарды жана документтерди суратат;
5.4.5 Өзүнүн жыйналышына мамлекеттик жана мамлекеттик эмес органдардын, эмгек жааматтарынын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрүн, каралып жаткан маселеге тиешеси бар өкүлдөрдү чакырта алат.
5.5 Комиссияга жетекчилик кылуу жана ишин уюштуруу
5.5.1 Комиссияга анын төрагасы жетекчилик кылат.
5.5.2 Комиссиянын жыйналышы зарылчылыгына жараша, бирок кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Жыйналышты комиссиянын төрагасы алып барат, ал жокто комиссянын төрагасынын орун басары алып барганга укуктуу
5.5.3 Комиссиянын жыйынында протокол жазылат жана кабыл алынган протоколдук чечим комиссиянын төрөгасы жана анын катчынын колу менен бекитилет.
5.5.4 КР Президентинин КР үй-бүлөлүк салтанаттарды жана маркумду эскерүү үрп-адаттарын тартипке келтирүү Жарлыгы боюнча колдонулган тартиптик чара айыл өкмөтүнүн колу менен күбөлөндүрүлүп, каттоо № коюлуп, буйрук менен бекитилет.
5.5.6 Комиссиянын жыйналышы үчүн материалдарды даярдоо жана кабыл алынган чечимдер боюнча ишти комиссиянын жооптуу катчысы жүзөгө ашырат.
6. ЖОБОнун талаптарын бузгандык үчүн жоопкерчилик
6.1. Айыл аймагында,үй-бүлөлүк салтанаттарды жана өлгөндү эске алуу ырым-жырымдарын өткөрүү боюнча ЖОБОнун талабын бузгандык үчүн Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө кодексинде, жергиликтүү жамааттын УСТАВында жана айылдын ички мыйзамдарында каралган тартипте (элдик курултай, айылдык жыйындар, жергиликтүү кеңеш тарабынан кабыл алынган) айып жазаларынын өлчөмдөрү, салынган айыптарды төлөө мөөнөтү жана тартиби каралат.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |