Редакцияот 27.08.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

 

ТОКТОМ

 

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын VII сессиясы

 

2024-жылдын 27-августу № 2

 

Кара-Буура суу каналын Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык

менчигине алуу жөнүндө

 

Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин I чакырылышынын депутаттарынын VII сессиясынын протоколунун чечимине ылайык Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө” Мыйзамынын 6-беренесине жана Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысы-аким Б.Сагымбаевдин катына ылайык “Кара-Буура суу каналы” Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын балансынан, Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алынсын

 

2. Токтомдун аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Жеңишбек уулу А.