Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 1
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун
жыйынтыгы жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин Эсептөө комиссиясынын №3-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3-протоколу бекитилсин.
2. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасы болуп Жеңишбек уулу Алтынбек шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасын шайлоо боюнча
Эсептөө комиссиясынын №3-протоколу
27-ноябрь 2024-жыл |
| Кызыл-Адыр айылы |
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Л.Шамбетова
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Л.Өскөналиева
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: У.Мирланов
Күн тартиби:
1. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Л.Шамбетова күн тартиби, Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
1. Жеңишбек уулу А.
2. Т.Култаев
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1.Кара-Буура айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 31 (отуз бир)
2.Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны -31 (отуз бир)
3.Добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны – 30 (отуз)
4.Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны – 30 (отуз
5.Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны – 1 (бир)
6.Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны – 30 (отуз)
7.Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны -30 (отуз)
8.Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны –
Талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Жеңишбек уулу А. |
| - 17 (он жети) добуш. |
2. Т.Култаев |
| - 13 (он үч) добуш. |
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
Чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча Жеңишбек уулу Алтынбек депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасы болуп таанылсын.
2. Бул протокол Кара-Буура айылдык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы |
| Л.Шамбетова |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы |
| Л.Өскөналиева |