Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңештин биринчи сессиясы
2024-жылдын 27-ноябры № 2
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин Эсептөө комиссиясынын №3/1-протоколун жана Эсептөө комиссиясынын төрагасынын маалыматын угуп, Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө» мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин алдындагы Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттигинин 2022-жылдын 14-мартындагы №56-буйругу менен бекитилген типтүү регламентин жетекчиликке алуу менен;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Эсептөө комиссиясынын Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоодо добуш берүүнүн жыйынтыгы жөнүндө 2024-жылдын №3/1-протоколу бекитилсин.
2. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын 1-орун басары болуп Авасбеков Сыргак Болотбекович, 2-орун басары болуп Абдыкарова Ботогоз Сапаркуловна шайлангандыгы таанылсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо боюнча
Эсептөө комиссиясынын №3/1 -протоколу
27-ноябрь 2024-жыл |
| Кызыл-Адыр айылы |
Катышышты:
Эсептөө комиссиясынын төрагасы: Л.Шамбетова
Эсептөө комиссиясынын катчысы: Л.Өскөналиева
Эсептөө комиссиясынын мүчөлөрү: У.Мирланов
Күн тартиби:
1. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы жөнүндө
Эсептөө комиссиясынын төрагасы Л.Шамбетова күн тартиби, Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоо, добуш берүүнүн тартиби, бекитилген шайлоо бюллетенинин формасы менен тааныштырды. Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына төмөндөгү талапкерлер сунушталган:
Төраганын биринчи орун басарына
1. С.Авасбеков
2. К.Барпиева
3. Л.Өскөналиева
Төраганын экинчи орун басарына
1. Б.Абдыкарова
2. Г.Бакеева
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басарларын шайлоонун жыйынтыгы боюнча, эсептөө комиссиясы аныктады:
1. Кара-Буура айылдык кеңештин депутаттарынын жалпы саны 31 (отуз бир)
2. Даярдалган шайлоо бюллетендеринин саны -31 (отуз бир)
3. Добуш берүүгө катышкан депутаттардын саны – 30 (отуз)
4. Депутаттарга берилген шайлоо бюллетендердин саны – 30 (отуз
5. Пайдаланылбаган шайлоо бюллетендердин саны – 1 (бир)
6. Добуш берүү үчүн урнадан чыгарылган шайлоо бюллетендердин саны – 30 (отуз)
7. Жарактуу шайлоо бюллетендердин саны -30 (отуз)
8. Жараксыз шайлоо бюллетендердин саны –
Төраганын биринчи орун басарына талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. С.Авасбеков – 13( он үч)
2. К.Барпиева -9 ( тогуз)
3. Л.Өскөналиева-8 (сегиз)
Төраганын экинчи орун басарына талапкерлердин пайдасына берилген добуштардын саны
1. Б.Абдыкарова- 17 ( он жети)
2. Г.Бакеева – 13 (он үч)
Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын орун басары кызматына ар бир талапкер боюнча шайлоонун жыйынтыгы аныкталды, ушуга ылайык эсептөө комиссиясы
Чечти:
1. Добуш берүүнүн жыйынтыгы боюнча депутаттардын көпчүлүк добушун алгандыктан Кара-Буура айылдык кеңештин төрагасынын 1- орун басары С.Авасбеков, 2- орун басары Б.Абдыкарова болуп шайлангандыгы таанылсын.
2. Бул протокол Кара-Буура айылдык кеңештин сессиясына бекитүү үчүн жиберилсин.
Эсептөө комиссиясынын төрагасы |
| Л.Шамбетова |
|
|
|
Эсептөө комиссиясынын катчысы |
| Л.Өскөналиева |