Загрузка документа…
БИШКЕК ШААРЫНЫН МЭРИЯСЫНЫН ТОКТОМУ
2025-жылдын 30 декабрь № 3-чуа
Билим берүү объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Мектептик жана мектепке чейинки билим берүү чөйрөсүндө кызмат көрсөтүүлөр үчүн шарттарды түзүү максатында, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2023-жылдын 15-февралындагы № 969-VII «Кыргыз Республикасынын саламаттык сактоо, билим берүү, маданият жана спорт уюмдарына мурда тиешелүү болгон, мыйзамсыз ижарага алынган жана менчиктештирилип кеткен имараттарды, орун жайларды, курулмаларды жана жер участокторун кайра кайтаруу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин жүргүзүп жаткан иши жөнүндө» токтомун, Бишкек шаардык кеңешинин 2025-жылдын 27-мартындагы № 18 «Бишкек шаардык кеңешинин мамлекеттик менчик объекттерин муниципалдык менчикке кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө ченем жаратуу ыйгарым укуктарын Бишкек шаарынын мэриясына өткөрүп берүү тууралуу» токтомун эске алып, «Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндө», «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө», «Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары жөнүндө» Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык токтом кылам:
1. Төмөнкү объекттерди Бишкек шаарынын муниципалдык менчигине кабыл алууга макулдук берилсин:
- мектеп куруу үчүн Бишкек шаары, Кашка-Баш айылы № 84 контур дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-01-23-0012-0462, жалпы аянты 4,3 га жер участогун;
- мектепке чейинки билим берүү уюмун уюштуруу үчүн Бишкек шаары, Гоголь көчөсү, 127а дарегинде жайгашкан, идентификациялык коду: 1-03-05-0039-0053, турак эмес жайды жанаша жайгашкан жалпы аянты 0,62 га жер участогу менен.
2. Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын муниципалдык менчик башкармалыгы белгиленген тартипте:
- муниципалдык менчик объекттеринин реестрине тийиштүү өзгөртүүлөрдү киргизсин;
- ушул токтомдон келип чыгуучу башка зарыл чараларды көрсүн.
3. Ушул токтом каттоодон өткөрүлсүн жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция министрлигине жөнөтүлсүн.
4. Ушул токтомдун аткарылышын контролдоо Бишкек шаарынын мэриясынын борбордук аппаратынын уюштуруу-контролдоо иштери башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Ушул токтом расмий жарыяланууга тийиш жана кол тамга коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Мэр |
| А.Дж. Джунушалиев |