Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 12-февралы № 165-VIII
“Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3078-VII токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши т о к т о м к ы л а т:
1. “Саясий репрессиялардын курмандыктарын реабилитациялоо боюнча комиссиянын курамын бекитүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 3078-VII токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1-пунктта:
1–5-пунктчалар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“1) Акаев Жанарбек Кубанычович – “Ала-Тоо” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
2) Сейтказиева Эркеайым Алымовна – “Мекенчил” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
3) Сагынаев Болот Турусбекович – “Элдик” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
4) Талиева Камила Абдыразаковна – “Ата-Журт” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;
5) Торобекова Нуржамал Турсуналиевна – “Адилет Кыргызстан” депутаттык тобунан Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаты;”;
6–8-пунктчалары күчүн жоготту деп таанылсын.
2. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.
Төраганын биринчи орун басары |
| Ч.И. Ажибаев |