Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 5-февралы № 62
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134
“Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Салык төлөөчүлөрдү салык жол-жоболорун башкарууну санариптештирүү боюнча санариптик сервистердин иши жана колдонулушу, санариптик сервистерди талдоонун натыйжалары жөнүндө маалымдоо максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 11-мартындагы № 134 “Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) аталышында “Финансы министрлигине” деген сөздөр “Министрлер Кабинетине” деген сөздөргө алмаштырылсын;
2) жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси жөнүндө жободо:
– 10-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 5-пунктча менен толукталсын:
“5) салык кызматынын органдарынын ишин, ошондой эле “Салык Сервис” ММдин сервистеринин жана модулдарынын иштешин чагылдырууга багытталган социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында маалыматтык-түшүндүрүү иштери үчүн аудио жана видео материалдарды даярдоо.”;
– 11-пунктта 4-пунктча төмөнкүдөй мазмундагы абзацтар менен толукталсын:
“– салык кызматынын органдарынын интернет-ресурстардагы, социалдык тармактардагы жана башка маалыматтык платформалардагы расмий баракчаларын жүргүзүү, жалпыга маалымдоо каражаттары менен оперативдүү өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашыруу, ошондой эле жалпыга маалымдоо каражаттарындагы жана социалдык тармактардагы публикацияларга мониторинг жүргүзүү, коомдук пикирге талдоо жүргүзүү жана аныкталган тенденциялар жөнүндө жетекчиликти маалымдоо;
– салык кызматынын органдарынын иши жөнүндө басма сөз-релиздер, жаңылыктар жана башка маалыматтык материалдар үчүн аудио жана видео материалдарды даярдоо жана жайылтуу, жетекчиликтин, адистердин жана жарандардын катышуусу менен басма сөз-конференцияларды, интервьюларды жана башка маалыматтык иш-чараларды уюштуруу жана өткөрүү, ошондой эле салык кызматынын органдарынын фискалдык сервистери жөнүндө жарандардын маалымдуулугун жогорулатууга багытталган материалдарды иштеп чыгуу.”;
– 12-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 13-пунктча менен толукталсын:
“13) салык кызматынын органдарынын иши, ошондой эле мекеменин сервистеринин жана модулдарынын иштеши жөнүндө маалыматты социалдык тармактарда жана жалпыга маалымдоо каражаттарында чагылдыруу, анын ичинде түшүндүрмөлөрдү жайгаштыруу үчүн аудио жана видео материалдарды даярдоо.”;
3) жогоруда көрсөтүлгөн токтомдун 3-тиркемеси ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемеси өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
3. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 10-февралындагы № 9 (3769) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме “3-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматынын алдындагы “Салык Сервис” мамлекеттик мекемесинин кызматкерлеринин кызматтык маяналарынын өлчөмдөрүн аныктоодо колдонулуучу кызматтык маяналарга эселөө коэффициенттери
№ | Кызмат орундардын аталышы | Эселөө коэффициенттери |
1 | Директор, директордун орун басары | 35,55 |
2 | Программалык камсыздоону иштеп чыгуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 45,50 |
3 | Системалык-тармактык башкаруу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 36,95 |
4 | Долбоордук иш боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 31,25 |
5 | Техникалык колдоо жана тестирлөө боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 17,05 |
6 | Түшүндүрүү иштерине инновацияларды киргизүү жана маалымдуулукту жогорулатуу боюнча түзүмдүк бөлүмдүн жетекчиси | 22,75 |
7 | Башкы программист | 41,20 |
8 | Жетектөөчү программист | 36,25 |
9 | Улук программист | 32,00 |
10 | Системалык аналитик, улук системалык администратор | 28,45 |
11 | Инженер-программист | 27,70 |
12 | Улук аналитик | 22,75 |
13 | Маалыматтар базасынын администратору, дизайнер, консультант, программист, тармактык администратор, системалык администратор, аналитик | 21,35 |
14 | Маалыматтык коопсуздук боюнча адис | 19,90 |
15 | Кенже аналитик, кенже программист | 15,65 |
16 | Улук тестирлөөчү | 12,80 |
17 | Техникалык колдоо оператору, тестирлөөчү | 9,95 |
18 | Адис (кадрдык иштер боюнча, административдик маселелер боюнча) | 7,15 |
19 | Бөлүмдүн начальниги | 12,75 |
20 | Техникалык колдоо боюнча улук оператор | 12,80 |
21 | DevOps инженер (системалык администратор) | 28,45 |
22 | Башкы адис | 10,75 |
23 | Жетектөөчү адис | 9,55 |
24 | Адис | 8,55 |
25 | Башкы эксперт | 12,50 |
26 | Эксперт | 12,00 |
27 | Отчеттуулук системаларынын инженер-программисти | 30,00 |
28 | Кенже системалык администратор | 12,80 |
29 | PR-менеджер | 19,87 |
30 | Мултимедиа борборунун продюсери | 18,70 |
31 | Улук PR-адис | 15,20 |
32 | PR-адис | 10,52 |
33 | SMM-аналитик | 10,52 |
34 | Улук оператор-монтажер | 14,03 |
35 | Оператор-монтажер | 12,86 |
36 | 2D-3D Моушн-дизайнер | 15,65 |
37 | Бухгалтер, юрист | 17,65 |
38 | Айдоочу | 5,70 |
39 | Иш кагаздарын жүргүзүүчү | 4,30 |
”.