Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министрлигинин 2026-жылдын“9”февралындагы № 110-чуа буйругуна |
Кыргыз Республикасынын аймагындагы курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстерин эсептөө методикасы
Глава-1. Жалпы жоболор
1. Бул Методика Кыргыз Республикасынын аймагында курулуш иштеринин сметалык наркынын өзгөрүү индекстерин (мындан ары - индекстер) эсептөө жана колдонуунун бирдиктүү жана милдеттүү тартибин белгилейт.
2. Методика төмөнкү учурларда колдонулат:
1) республикалык жана жергиликтүү бюджеттердин эсебинен каржылануучу курулуш объектилеринин сметалык наркын иштеп чыгууда, оңдоодо жана кайра эсептөөдө;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген учурларда жана тартипте курулуш иштерине мамлекеттик (муниципалдык) контракттардын баасын кайра карап чыгууда.
3. Башка булактардын эсебинен каржыланган курулуш объекттери үчүн, эгерде келишимдин (контракттын) шарттарында башкача каралбаса, ушул Методиканын жоболору сунуштама иретинде колдонулат.
4. Индекстерди жана коэффициенттерди эсептөө, бекитүү жана расмий жарыялоо курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жылына бир жолудан кем эмес жүргүзүлөт.
5. Индекстер жана коэффициенттер өлчөмсүз чоңдуктар түрүндө колдонулат. 1,15 индексинин мааниси сметалык нарктын 15 пайызга көбөйүшүн билдирет.
Глава-2. Терминдер жана аныктамалар
6. Бул Методикада төмөнкү негизги терминдер колдонулат:
Инфляцияны эске алуу менен базистик-индекстик метод — сметалык нарктын өзгөрүүсүнүн расмий индекстерин жана инфляция көрсөткүчтөрүн эске алуу менен курулуш ресурстарынын баасынын деңгээли аныкталуучу календардык жыл.
Базалык жыл – расмий индекстер жана жылдык инфляция деңгээли жарыяланган жана кийинки жылга сметалык наркты эсептөө үчүн негиз катары кабыл алынган мурунку календардык жыл.
Учурдагы жыл (t) —индекстер жана коэффициенттер эсептелип жана колдонулуучу календардык жыл.
Керектөө бааларынын индекси (КБИ) — Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жарыялануучу инфляциянын расмий көрсөткүчү.
Сметалык нарктын өзгөрүүсүнүн жылдык коэффициенти - ушул жылдагы (t) баалардын деңгээлинин мурунку жылга салыштырмалуу өзгөрүү коэффициенти.
Сметалык нарктын индекси — базалык жылга салыштырмалуу учурдагы жылдын бааларынын деңгээлинин өзгөрүү индекси.
Курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган – Кыргыз Республикасынын Курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги.
Иштерди жүргүзүүнүн баштапкы бекитилген календардык графиги - контрактка кол коюу менен бир эле учурда тараптар түзүүгө жана бекитүүгө милдеттүү болгон контракттын ажырагыс бөлүгү
контрактка кол коюу менен бирге тараптар тарабынан түзүлүшү жана бекитилиши үчүн милдеттүү болгон контракттын ажырагыс бөлүгү.
7. Бул Методикада төмөнкү баштапкы көрсөткүчтөр колдонулат:
- It - учурдагы жыл үчүн инфляция индекси;
- CPI (t-1) - Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитети тарабынан жарыяланган мурунку календардык жылдагы (t-1) керектөө бааларынын индекси, пайыз менен көрсөтүлгөн;
- C_t - учурдагы жылдын баалары боюнча сметалык наркы(t);
C_б - базистик-индекстик жылдын баалары боюнча сметалык наркы;
8. Базалык жыл үчүн инфляция индекси 1,00-ге барабар деп кабыл алынат:
I (Базалык-индекстүү жыл) =1,00.
Инфляция индексинин мааниси, зарыл болгон учурда, үтүрдөн кийин үч-төрт белгиге чейин тегеректелет.
Глава-3. Инфляция индекстерин эсептөө тартиби
9. Ар бир календардык жыл үчүн t курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинин расмий маалыматтарынын негизинде инфляция индексин эсептейт.
10. Учурдагы жылдын инфляция индекси өткөн жылдын керектөө бааларынын индексинин пайыз менен туюндурулган 100гө болгон катышы катары аныкталат.
1) Учурдагы жылдын инфляция индексин эсептөө формуласы:
2) Сметалык наркты учурдагы жылдын бааларына кайра эсептөө формуласы
11. Сметалык нарктын айрым элементтери боюнча инфляциянын ар кандай индекстерин колдонууга жол берилбейт.
Глава-4. Сметалык наркты аныктоодо индекстерди колдонуу
12. Базалык жылдын бааларында эсептелген курулуш-монтаждоо иштеринин сметалык наркын учурдагы жылдын бааларына кайра эсептөө базистик наркты бекитилген инфляция индексине көбөйтүү жолу менен ишке ашырылат.
Глава-5. Индекстерди бекитүү жана жарыялоо тартиби
13. Курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жыл сайын:
- Кыргыз Республикасынын Улуттук статистика комитетинен расмий маалыматтарды алат;
- жылдык коэффициенттерди жана индекстерди эсептейт;
- жылдар боюнча индекстердин жыйынды таблицасын түзөт;
- эсептелген көрсөткүчтөрдү ченемдик укуктук акты менен бекитет;
- алардын расмий жарыяланышын камсыз кылат.
14. Экономикалык кырдаал олуттуу өзгөргөндө Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-ж.21.11 No 651 токтому менен бекитилген Баалардын өсүшүнө байланышкан жагдайлардын олуттуу өзгөрүшүн белгилөөнүн жана ырастоонун тартибине ылайык индекстерди тактоого же кайра эсептөөгө жол берилет.
Глава-6. Сметалык документтерде жана контракттарда колдонуу тартиби
15. Бекитилген индекстер жана коэффициенттер алар бекитилген календардык жылдын чегинде гана колдонулат.
16. Мурунку жылдардын индекстерин колдонууга бааны учурдагы баа деңгээлине кайра эсептөө үчүн базалык көрсөткүч катары гана жол берилет.
17. Мамлекеттик (муниципалдык) контракттардын баасын өзгөртүүгө башында бекитилген иштердин календардык графигинде тийиштүү жылга каралган иштердин жана кызмат көрсөтүүлөрдүн көлөмүнө карата гана жол берилет.
18. Ушул Методика колдонууга киргизилгенге чейин түзүлгөн контракттар боюнча сметалык жана келишимдик наркты кайра эсептөө жүргүзүлбөйт.
19. Курулуш аяктабаган объектилер боюнча ушул Методиканын жоболору жаңы сметалык документтерди иштеп чыгууда же жаңы контракттарды түзүүдө гана колдонулат.
20. Индекстерди, коэффициенттерди жана баалардын базасын колдонуунун негизи болуп курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын бекитилген жана расмий жарыяланган ченемдик укуктук актылары саналат.
21. Баалардын базасы милдеттүү түрдө расмий жарыяланууга тийиш жана ал бекитилген календардык жылдын чегинде гана колдонулат.
22. Курулуш ресурстарынын баалар базасы курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан курулуш ресурстарынын түрлөрү боюнча түзүлөт жана төмөнкүлөрдү камтыйт:
- курулуш материалдары, буюмдар жана конструкциялар;
- курулуш машиналары жана механизмдери;
- курулушта иштеген кызматкерлердин эмгек акысы.
23. Баалардын базасы сөзсүз түрдө расмий жарыяланууга тийиш жана ал бекитилген календардык жылдын чегинде гана колдонулат.
24. Баалардын базасы сметалык нарктын өзгөрүү индекстерин жана инфляциянын расмий көрсөткүчтөрүн эске алуу менен, календардык жылдын башында жыл сайын жаңыланып (кайра каралып) турат.
25. Тиешелүү календардык жылга бекитилген жана жарыяланган инфляция индекстери жана баа базасы жок болгон учурда, сметалык наркты кайра эсептөө жана келишимдик бааларды өзгөртүү жүргүзүлбөйт.
26. Белгиленген тартипте бекитилбеген же жарыяланбаган инфляция индекстерин, коэффициенттерин жана көрсөткүчтөрүн колдонууга жол берилбейт.
27. Курулуш материалдарына жылдык орточо базар баасы өткөн жылдын ушундай эле маалыматтарына салыштырмалуу төмөндөгөн учурда, расмий статистикалык маалыматтар жана баалардын мониторингинин жыйынтыктары, анын ичинде мамлекеттик органдардын, юридикалык жана жеке жактардын кайрылуулары боюнча тастыкталган учурда, курулуш чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тиешелүү курулуш материалдары боюнча баалардын базасын азайтуу жагына карай оңдоо жөнүндө чечим кабыл алат. Оңдоо жылына бир жолу жүргүзүлөт жана бир календардык жыл ичинде колдонулат.
28. Базалык баалардын төмөндөтүлгөн мааниси базалык-индекстик катары белгиленет жана сметалык наркты кийинки эсептөөлөрдө колдонулат.
29. Ушул Методиканы, инфляция индекстерин жана баалардын базасын колдонуу маселелери боюнча расмий түшүндүрмөлөрдү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган белгиленген тартипте берет.