Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 111
“И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын
уставын бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүсүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгын ишке ашыруу максатында, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексинин 87-беренесине, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставы тиркемеге ылайык бекитилсин.
2. И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунда орто кесиптик билим берүү бөлүгүн каржылоо бир билим алуучуга эсептелген бюджеттик каржылоо ченемдеринин негизинде жүзөгө ашырылат.
3. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институтунун орто кесиптик билим берүү бөлүмүнүн бир студенти үчүн бюджеттик каржылоонун типтүү ченемдерин иштеп чыксын.
4. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп табылсын:
– Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 12-апрелиндеги № 203 “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын уставын бекитүү жөнүндө” токтому;
– Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 12-июлундагы № 381 “Кыргыз Республикасында жарандык авиацияны башкаруу системасын өркүндөтүү жөнүндө” токтомунун 6-пункту.
5. Ушул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 20-февралындагы № 12 (3772) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |