Загрузка документа…
|
| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 29-январындагы № 37 токтомуна) |
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн ТАРТИБИ
1-глава. Жалпы жоболор
1. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишинин жана өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби (мындан ары - Тартип) мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын (мындан ары - ЖӨБО) биргелешкен ишинин эрежелерин жана принциптерин аныктайт, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосун мүмкүн болушунча колдонуу үчүн баланын эң маанилүү кызыкчылыктарына ылайык иштин жагдайларын ар тараптан изилдөөнүн милдеттүүлүгүн белгилейт.
2. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосуна катышкан субъекттер (мындан ары - субъекттер) төмөнкүлөр болуп саналат:
- прокуратура органдары;
- укук коргоо органдары;
- балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган;
- агартуу чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- илим, жогорку билим берүү жана инновациялар чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- саламаттык сактоо чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- мамлекеттик юстиция органы;
- маданият, маалымат жана жаштар саясаты чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- дене тарбия жана спорт чөйрөсүндөгү мамлекеттик орган;
- жергиликтүү мамлекеттик администрация;
- жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары;
- өздөрүнүн компетенциясынын чегинде башка мамлекеттик органдар.
3. Көрсөтүлгөн мамлекеттик органдар, алардын аймактык жана ведомстволук бөлүмдөрү, ошондой эле ЖӨБО кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинде жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларында аныкталган ыйгарым укуктарынын чегинде өз ара аракеттенүүнү жүзөгө ашырат.
4. Ушул Тартипте колдонулуучу негизги түшүнүктөр:
1) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу - баланын өсүүсүнө, укуктук маданиятын жана укуктук тарбиясын жогорулатууга, кылмыштын кайрадан жасалышына жол бербөөгө көмөктөшүүгө багытталган, кылмыш жасагандыгы үчүн кылмыш куугунтугуна альтернативдүү жол-жобо;
2) мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өз ара аракеттенүүсү - маалымат алмашуу, адистердин (медициналык, педагогикалык, социалдык, укук коргоо жана башка) катышуусу, мүнөздөмөлөрдү, таасир этүү чаралары боюнча сунуштарды берүү, ошондой эле реабилитациялык иш-чараларды жана жергиликтүү деңгээлде жеткиликтүү билим берүү, спорттук, маданий жана социалдык ресурстарды колдонуу менен балага жүктөлгөн милдеттердин тизмесин биргелешип иштеп чыгуу;
3) балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызматкери - алгачкы текшерүү, тергөө, прокуратура органдарында, сотто балдардын кызыкчылыктарын жактоого ыйгарым укуктуу адам;
4) балдардын иштери боюнча адистештирилген тергөөчү, прокурор, судья - балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн жана мыйзам менен келишпестикке барган балдарга, жабырлануучуларга жана күбөлөргө карата кылмыш-жаза сот ишин жүргүзүүнү жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу кызмат адамы;
5) балдар иштери боюнча адистештирилген адвокат - балдар үчүн юстиция маселелери боюнча кошумча адистештирилген окуудан өткөн, мыйзам менен келишпестикке барган балдарга, жабырлануучуларга жана күбөлөргө карата кылмыш-жаза сот өндүрүшүндө коргоону жүзөгө ашырууга ыйгарым укуктуу адвокат;
6) мыйзам менен келишпестикке барган бала - иш боюнча шектүү, айыпталуучу, ошондой эле тергөөгө чейинки текшерүүнүн алкагында күбө болгон 18 жашка чыга элек адам;
7) мыйзамдуу өкүлдөр - шектелген, айыпталуучу баланын же жабырлануучу баланын, күбө баланын ата-энеси, асырап алуучулары, камкорчулары же көзөмөлчүлөрү, алар көзөмөлүндө турган мекеменин же уюмдун, балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын өкүлдөрү;
8) баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо - баланын укуктарына тиешелүү чечимдерди кабыл алууда баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын аныктоо үчүн арналган өзгөчө жол-жоболук кепилдиктер менен коштолгон процесс;
9) келишим - мамлекеттин атынан тергөөчүнүн жана прокурордун жана биринчи жолу кылмыш жасаган баланын, ошондой эле анын мыйзамдуу өкүлүнүн ортосунда баланын өзүнө жүктөлгөн милдеттерди аткаргандыгы үчүн кылмыш-жаза куугунтуктоосун токтотуунун кепилдиктери жөнүндө жазуу жүзүндөгү келишим;
10) милдеттердин тизмеги - бул баланы кайра социалдаштырууга көмөктөшүүгө жана кайталап укук бузууну болтурбоого багытталган, баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсүнүн жана жергиликтүү деңгээлде болгон ресурстардын (ийримдердин жана спорттук секциялардын, маданий жана коомдук иш-чаралардын, волонтердук программалардын жана социалдык пайдалуу активдүүлүктүн башка формаларынын) негизинде баланы коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тарабынан түзүлгөн баланы кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгаруу жөнүндө келишимге киргизилүүчү иш-чаралардын жана талаптардын тизмеси.
2-глава. Принциптер жана милдеттер
5. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун өз ара аракеттенүүсү төмөнкүдөй принциптерге негизделет:
- берилген маалыматтардын ыкчамдуулугу, толуктугу жана объективдүүлүгү;
- баланын жеке маалыматтарын ачыкка чыгарууга жол бербөө;
- баланын эң маанилүү кызыкчылыктарынын артыкчылыгы;
- ведомстволор аралык макулдашуу;
- ар бир балага жекече мамиле кылуу;
- иштин жана өз ара аракеттенүүнүн үзгүлтүксүздүгү.
6. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун негизги милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
1) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосунун бардык этаптарында баланын укуктарын жана эң маанилүү кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуу;
2) баланы ар тараптуу реабилитациялоо жана социалдык адаптациялоо үчүн шарттарды түзүү;
3) баланын кайталап укук бузууларды жасоосун алдын алуу;
4) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгарууда мамлекеттик органдардын жана ЖӨБОнун аракеттеринин макулдашылгандыгы;
5) маалыматтарды ыкчам алмашуу, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу менен байланышкан маселелерди чечүүгө көмөктөшүү;
6) балага жүктөлгөн чараларды жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимден келип чыгуучу башка милдеттенмелердин аткарылышын контролдоону уюштуруу;
7) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосу толугу менен аяктаганга чейин баланы колдоо чараларынын үзгүлтүксүздүгүн жана макулдашылгандыгын камсыз кылуу;
8) кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу тажрыйбасын түзүү жана практикасын талдоо.
3-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруунун этаптары
7. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 468-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык тергөөчү иш боюнча чогултулган материалдарды жана жасалган жосундун жагдайларын изилдейт, зыяндын жана залалдын өлчөмүн аныктайт, күбөлөрдү суракка алат жана башка тиешелүү чараларды көрөт. Тергөөчү кылмыштын мүнөзүнө жана коомдук коркунучтуулук даражасына жараша квалификациялагандан кийин, эгерде ал баланын биринчи жолу кылмыш (коркунучу аз же анча оор эмес кылмыш) жасагандыгын, соттолгондугу жок экендигин, кылмыш жасоо фактысын толугу менен мойнуна алгандыгын жана кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу программасына мурда катышпагандыгын аныктаса, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом чыгарат жана "Кылмыштардын бирдиктүү реестри" автоматташтырылган маалымат системасы ("КБР" АМС) аркылуу прокурордун кароосуна жиберет.
Прокурор кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө тергөөчүнүн токтому келип түшкөн учурдан тартып 24 сааттын ичинде аны бекитет же болбосо кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алууда жол берилген бузууларды жана кемчиликтерди жоюу үчүн токтомду тергөөчүгө кайтарат.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө токтом прокурор тарабынан бекитилгенден кийин тергөөчү кылмыш-жаза сот өндүрүшү тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин алкагында балага жүктөлүүгө тийиш болгон милдеттердин тизмеси боюнча сунуштарды беш суткадан кечиктирбестен берүү зарылдыгы жөнүндө, ошондой эле Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 54-беренесинин 3-бөлүгүнүн 5-пунктуна ылайык аларды аткаруу мөөнөттөрү жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлүнө кызматтык байланыш каналдары аркылуу токтоосуз билдирет, бул жөнүндө Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 468-беренесинин 2-бөлүгүнө ылайык иштин материалдарына тиркелүүгө тийиш болгон жазуу жүзүндөгү маалымкат түзүлөт.
8. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган баланын социалдык-психологиялык мүнөздөмөсү жөнүндө корутунду даярдоо үчүн бала жөнүндө социалдык-тиричилик, психологиялык жана башка маалыматтарды чогултууну уюштурат, үй-бүлөлүк кырдаалга талдоо жүргүзөт, жасалган жосундун жагдайларын текшерет, кайталап укук бузуу жана башка тобокелдиктерди аныктайт. Чогултулган материалдардын жана маалыматтардын негизинде реабилитациялык чаралар жана Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 473-беренесине ылайык бала үчүн милдеттенмелердин жекече тизмеги иштелип чыгат жана баланын мүмкүнчүлүктөрү жана муктаждыктары жөнүндө интеграцияланган корутунду түзүлөт, ал тиркелген материалдар менен бирге Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 468-беренесинин 2-бөлүгүндө белгиленген тартипте тиешелүү кабарлоону алган учурдан тартып беш суткадан ашпаган мөөнөттө тергөөчүгө жөнөтүлөт.
Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосуна катышкан субъекттер өздөрүнүн компетенциясынын чегинде балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын суроо-талабы боюнча эки жумуш күндүн ичинде баланы мүнөздөгөн тиешелүү маалыматтарды (анын жүрүм-туруму, билим алуудагы жетишүүсү, жашоо шарттары, ден соолугунун абалы, социалдык кызмат көрсөтүүлөргө муктаждыгы жана башка маалыматтар), ошондой эле анын жашаган жери боюнча уюштурулган ийримдер жана секциялар жөнүндө маалыматты жана баланын бакубаттуулугун комплекстүү баалоо үчүн мааниси бар башка маалыматтарды берүүгө милдеттүү.
Эгерде бала ички иштер органдарында каттоодо турса (же турган болсо), бул жөнүндө балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга кошумча тиешелүү маалыматтарды берет.
9. Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 468-беренесинин 3-бөлүгүнө ылайык тергөөчү балдарды коргоо боюнча органдын өкүлүнүн сунуштарын эске алуу менен кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы "КБР" АМСке чыгаруу жөнүндө келишим түзөт. Келишимге тергөөчү, бала, анын мыйзамдуу өкүлдөрү, адвокат жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын өкүлү кол коёт жана "КБР" АМС каналдары аркылуу бекитүү үчүн прокурорго жөнөтүлөт. Прокурор келишимди келип түшкөн учурдан тартып 48 сааттын ичинде бекитет. Келишим иштин материалдарына тиркөө, прокурор, мыйзамдуу өкүл жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган үчүн төрт нускада түзүлөт.
Келишим төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) бала жөнүндө негизги маалыматтар;
2) Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 470-беренесине ылайык кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу боюнча чаралар (зыяндын ордун толтуруу, бала аткарууга тийиш болгон милдеттенмелердин тизмеси жана кепилдикке өткөрүп берүү);
3) прокурордун көрсөтмөсү, тергөөчүнүн токтому боюнча 12 айга чейин узартуу мүмкүнчүлүгү бар жүйөлүү негиздер болгон учурда 3 айдан 6 айга чейин аткаруу мөөнөтү;
4) милдеттенмелерди аткаруунун, алардын аткарылышын контролдоонун тартибине, ошондой эле тараптардын жоопкерчилигине тиешелүү башка маалыматтар.
Келишимге баланын жана мыйзамдуу өкүлдөрүнүн ыктыярдуу макулдугу менен кол коюлат. Келишим түзүүдө тергөөчү балага жана анын мыйзамдуу өкүлдөрүнө ал кайталап кылмыш жасагандыгы, кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишим боюнча милдеттенмелерди аткарбагандыгы жана кылмыштуу жосундун кесепетинен ага келтирилген зыянды, ошол кылмыштуу жосун үчүн белгиленген жоопкерчиликтин түрүн жана жаза чараларын түшүндүрүү жөнүндө жазуу жүзүндө эскертүү берет.
Келишим бекитилгенден кийин тергөөчү Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза-процессуалдык кодексинин 154, 257-беренелеринде белгиленген тартипте кылмыш ишин козгоодон баш тартуу жөнүндө же кылмыш ишин токтотуу жөнүндө токтом чыгарат.
10. Келишим бардык тараптар кол койгон учурдан тартып түзүлдү деп эсептелет жана белгиленген мөөнөт өткөнгө чейин колдонулат. Келишимде баланын катышуусу ыктыярдуу экендиги жана ал программаны каалаган этапта улантуудан баш тартууга укуктуу экендиги белгиленет.
Келишим түзүлгөндөн кийин балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ички иштер органдары келишимдин шарттарын аткарууну уюштурат жана баланын жүрүм-турумуна (анын ичинде өспүрүм менен үзгүлтүксүз жолугушууну, дайындалган иш-чараларга катышууну, окуудагы жетишүүсүн, ден соолугунун абалын баалоону жана башкаларды) контролдоону жүзөгө ашырат.
Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган айына 2 жолудан кем эмес төмөнкүлөрдү жүзөгө ашырат:
- бала, анын ата-энелери/мыйзамдуу өкүлдөрү, баланы окутуп жаткан окутуучулар менен баарлашууну;
- келишим боюнча милдеттердин толук жана өз убагында аткарылышына мониторинг жүргүзүүнү;
- көйгөйлүү факторлорду аныктоону жана баланын укуктарынын бузулушунун алдын алууга жана аны өнүктүрүү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган башка иш-чараларды жүргүзүүнү.
Келишимдин шарттарынын аткарылышын уюштурууну контролдоо балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органга жүктөлөт, ал практиканы талдоону, методикалык коштоону жана жыйынды отчеттуулукту түзүүнү жүзөгө ашырат.
Ички иштер органдары айына 2 жолудан кем эмес төмөнкүлөрдү жүргүзөт:
- баланын коомдук жайларда жүрүм-турумун текшерүүнү;
- баланын укуктарынын бузулушунун алдын алууга жана анын өнүгүшү үчүн жагымдуу шарттарды түзүүгө багытталган профилактикалык аңгемелешүүлөрдү жана башка иш-чараларды өткөрүүнү.
Билим берүү органдары окутууну улантууну, психологиялык-педагогикалык колдоону камсыз кылат.
Саламаттык сактоо органдары өздөрүнүн ыйгарым укуктарынын чегинде, министрлик тарабынан бекитилген тартипке жана клиникалык протоколдорго ылайык медициналык, психологиялык жана зарыл учурда психиатриялык жардам көрсөтүүнү камсыз кылат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары төмөнкүлөрдү уюштурат:
- баланын бош убактысын (ийрим, секциялар жана иш-чаранын башка түрлөрү);
- үй-бүлөнү социалдык колдоону;
- коомдук жумуштарды аткарууну контролдоону жана башка иш-чараларды жүргүзүүнү.
11. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө келишимдин колдонуу мөөнөтү аяктагандан кийин бала келишимдин шарттарын ак ниеттүүлүк менен сактаган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ички иштер органы баланын келишимдин милдеттенмелерин аткаргандыгы жөнүндө биргелешкен жыйынды отчет түзөт, ал чогултулган материалдар менен бирге жети күндүн ичинде тергөөчүгө жиберилет. Тергөөчү аларды кароонун натыйжалары боюнча кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосунун аяктагандыгы жөнүндө тиешелүү маалыматтарды "КБР" АМС базасына киргизет.
Келишимдердин аткарылышынын натыйжалары системалуу эсепке алынууга тийиш жана балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын отчетуна киргизилет.
4-глава. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруунун өзгөчөлүктөрү
12. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан чыгарылууга тийиш болгон бала башка райондун же облустун аймагында жашаган учурда балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган тергөөчүдөн билдирүү алып, баланын жашаган жери боюнча балдарды коргоо боюнча тиешелүү аймактык бөлүмгө социалдык-тиричилик, психологиялык жана башка маанилүү маалыматтарды чогултууну уюштуруу зарылдыгы жөнүндө токтоосуз маалымдайт. Көрсөтүлгөн бөлүм суратылган маалыматты, ошондой эле милдеттердин тизмесин даярдайт жана кылмыш жасалган жердеги ыйгарым укуктуу органга жиберет.
Келишим түзүлгөндөн кийин кылмыш жасалган жер боюнча ыйгарым укуктуу орган келишимдин шарттарын аткарууну жана анын аткарылышын контролдоону камсыз кылуу үчүн баланын жашаган жери боюнча аймактык бөлүмгө бардык зарыл материалдарды жана документтерди берет.
Андан кийин баланы коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган ушул Тартиптин 10, 11-пункттарында көрсөтүлгөн иш-чараларды өткөрүүнү уюштурат.
13. Бала келишим боюнча милдеттердин тизмегин аткарганда мамлекеттик органдарга жана ЖӨБОго көмөк көрсөтүү милдети баланын мыйзамдуу өкүлдөрүнө жүктөлөт. Зарыл болгон учурда келишим боюнча иш-чараларды ишке ашырууга билим берүү уюмдары, социалдык тейлөө борборлору, медициналык мекемелер, иш менен камсыз кылуу органдары жана башка ыйгарым укуктуу органдар жана уюмдар тартылышы мүмкүн.
5-глава. Отчеттуулук
14. Балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу орган жана ички иштер органдары квартал сайын өз ишинин багыттары боюнча отчетторду түзөт. Кварталдык отчет иштин жагдайлары жөнүндө маалыматтарды, баланы чыгаруу жөнүндө чечим кабыл алуу процессин, келишимдин шарттарын, аны аткаруунун жүрүшүн, мониторингдин натыйжаларын жана көрүлгөн чаралардын натыйжалуулугун баалоону камтыйт.
15. Отчеттуулук ачыктыкты, отчет берүүнү жана баланын эң маанилүү кызыкчылыктарын сактоону камсыз кылуучу инструмент болуп саналат, ошондой эле кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жол-жобосун колдонуунун натыйжаларына үзгүлтүксүз талдоо жүргүзүүгө жана аны өркүндөтүү боюнча сунуштарды иштеп чыгууга мүмкүндүк берет.
16. Кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн тутумунан баланы чыгаруу жөнүндө отчеттуулуктун формасы жана түзүү тартиби балдарды коргоо боюнча ыйгарым укуктуу органдын жана ички иштер органынын ички укуктук актылары менен аныкталат.