Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы № 4
“Манипулятор” техникасын алуу үчүн өздүк салым бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын социалдык-экономикалык жактан өнүгүшү жана айыл тургундарынын муктаждыктарын чечүү үчүн Айтматов райондук Өнүктүрүү Фондусуна долбоордук өтүнмө бекитилсин.
2. Айтматов райондук Өнүктүрүү Фондусунан манипулятор техникасын алуу долбооруна Кара-Буура айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен 4 630 000 (төрт миллион алты жүз отуз миң) сом өлчөмүндөгү өздүк салым бекитилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлөт.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |