Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 5
Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу тартибинин Жобосун бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин спорт, жаштар иштери социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясы тарабынан иштелип чыккан, Кара-Буура айыл аймагынын Ардактуу Атуулу наамын ыйгаруунун тартиби жөнүндөгү Жобону карап чыгып, талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу Атуулу” наамын ыйгаруу тартибинин Жобосу тиркемеге ылайык бекитилсин.
(Тиркеме тиркелет 2 баракта)
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Абдрашит кызы Зейнепке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы спорт, жаштар иштери жана социалдык-маданий маселелер боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |
|
| БЕКИТИЛДИ
Кара-Буура айылдык кеңешинин 2025-жылдын 21- февралындагы №5 токтому |
Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун
тартиби жөнүндө ЖОБО
1. Жалпы түшүндүрмө
1.1 Бул, Жобо Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу тартибин аныктайт.
Ушул ЖОБОго ылайык айылдык кенештин төрагасы же айыл өкмөтүнүн башчысы тарабынан чоң майрамдык иш чараларга карата салтанатуу түрдө коомчулуктун алдында ыйгарылат.
1.2 “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу демилгесине жергиликтүү өзүн өзү башкаруу органдары–айыл өкмөтү, мекеме ишканалардын эмгек жамааты, республикалык коомдук саясий уюмдар жана облустук, райондук мамлекеттик администрациялары, көчөнүн жашоочулары, жеке менчик ишканалардын жамааттары ээ болот.
1.3 “Кара-Буура айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамы Кара-Буура айыл аймагынын эң жогорку наамы болуп саналат, ал айыл аймактын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошкондугу үчүн Кара-Буура айылдык кеңешинин чечими менен берилет.
1.4 “Кара-Буура айыл аймагынын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуштарды айыл өкмөтү же айылдык кеңеш кабыл алып, арыздарды Жобонун талаптарына ылайык айылдык кеңештин тиешелүү туруктуу комиссиясы карап чыгат. Тиешелүү документтерин такталгандан кийин жыйынтыгы протоколдоштурулуп, талапкерлерди комиссиянын сунушу менен айылдык кеңешке жөнөтөт.
1.6 Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамына талапкерлердин документтери айылдык Кеңештин сессиясында депутаттардын кароосуна коюлуп, жалпы депутаттардын көпчүлүгүнүн добушуна ээ болгон тургундун талапкерлиги колдоого алынды деп эсептелет жана чечим токтом түрүндө чыгарылат;
1.7 Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы бир жылда 5 адамга гана ыйгарылат.
II. Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу үчүн негизги талаптар:
2.1 Кара-Буура айыл аймагына караштуу айылдарынын социалдык-экономикалык өнүгүшүнө көп жылдар бою чоң салым кошуп, мамлекеттик жогорку сыйлыктарга татыктуу болгон, айылдын ар кандай тармактарында эмгектенген инсандарга;
2.2 Кара-Буура айыл аймагынын өсүп өнүгүшү үчүн, элдин жашоо шартын жакшыртууда өзгөчөлөнгөн ийгиликтерге жетишкен Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешин депутаттарына;
- СССР дин, Эмгектин, КР нын Баатырларына;
- Улуу Ата-Мекендик согуштун, Афган, Чернобыль, Баткен коогалаңынын катышуучуларына;
- Билим берүү, саламаттыкты сактоодо, маданият, спорт, айыл чарба ж.б. тармактарда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкендерге, КР эмгек сиңирген кызматкер деген наам алгандарга;
- Илимий жогорку даражага ээ болгон атуулдарга;
- Ишкана ачып, элди туруктуу жумуш орду менен камсыз кылган ишкерлерге,
- Инвестициялык долбоорлорду тартып, Кара-Буура айыл аймагынын инфруструктурасын жакшыртууга өзгөчө салым кошкон инсандарга
- Ушул аймакта туруктуу 10 жыл жашаган жарандарга жана ж.б берилет.
III. Аймактын “Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруунун тартиби
3.1 Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын алган атуулга «Ардактуу атуулу» жазуу лентасы, күбөлүгү жана төш белгиси ыйгарылат.
3.2 Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” төш белгиси жана лентасын
Даярдоо үчүн кеткен чыгымдар жергиликтүү бюджеттин эсебинен жүргүзүлөт.
3.3 “Ардактуу атуулу” наамы жалпы жыйналыштарда, даталуу күндөрдө жылына бир жолу Кара-Буура айылдык кеңешинин чечими чыккандан кийин тапшырылат.
3.4 «Кара-Буура шаарынын Ардактуу атуулу» наамын ыйгаруу жөнүндөгү сунуш өз талапкерлигин өзү көрсөткөн тараптардан түшсө каралбайт.
3.5 ”Ардактуу атуул” наамын ыйгаруу маселесин кароодо төмөндөгү иш кагаздар талап кылынат:
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер жеке жарандар, коомдук уюмдар тарабынан сунушталган болсо:
• Талапкер боюнча ошол көчөдө жашоочулар менен өткөрүлгөн чогулуштун жыйынтык протоколу же токтому;
• чогулушка 25 жаштан жогорку жашаган адамдардын жалпысы катышып, катышуучулардын жалпы санынын көпчүлүгүнүн макулдук берүүсү;
• коомдук (саясий) уюмдардын сунушу, аткарган иштеринин натыйжалары тууралуу кеңири маалыматты камтуу менен;
• паспортунун көчүрмөсү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен, өмүр баяны, эмгек китепчесинин, паспортунун көчүрмөсү;
• мамлекеттик жогорку сыйлыктардын көчүрмөлөрү (грамота, орден, медаль, ардактуу наам ж.б).
Эгерде “Ардактуу атуул” наамына талапкер мекеме, ишканалар тарабынан сунушталган болсо:
• эмгек жамаатынын жалпы чогулушунун протоколу же токтому;
• өмүр баяны, мүнөздөмө, сунуш;
•“Ардактуу атуул” наамы берилүүчү адамдын айылга, анын эл чарбасына сиңирген эмгектери, алган сыйлыктарынын көчүрмөлөрү;
•өздүк баракчасы сүрөтү менен;
• эмгек китепчесинин көчүрмөсү;
• паспортунун көчүрмөсү.
VI Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамын жокко чыгаруу
4.1 Кара-Буура айыл аймагынын “Ардактуу атуулу” наамы төмөндөгүдөй учурларда айылдык кенештин токтому менен жокко чыгарылат:
Соттун чечими менен кылмыш жоопкерчилигине тартылганда;
Тиешелүү документтердин туура эместиги ачыкталганда;
Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылганда.
Жобо 4 пункттан турат жана зарыл учурларда Кара-Буура айыл аймагынын, айылдык кеңешинин депутаттарынын сунушу менен өзгөртүү жана толуктоолор киргизилиши мүмкүн.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |