Сравнение редакций…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Президентинин 2026-жылдын 13-февралындагы № 43 Жарлыгына) |
Мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүү жана анын иштөө тартиби жөнүндө ЖОБО
1-глава. Жалпы жоболор
1. Ушул мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин түзүүнүн жана иштетүүнүн тартиби жөнүндө жобо (мындан ары - Жобо) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкы жана улук административдик кызмат орундарына кадрлар резервин (мындан ары - кадрлар резерви) түзүүнүн жана иштетүүнүн тартибин белгилейт.
2. Кадрлар резерви - бул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын башкы жана улук административдик кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлердин (резервисттердин) тобу.
3. Кадрлар резервинин максаттары:
1) мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка квалификациялуу адистерди тартуу;
2) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик бош кызмат орундарын өз убагында ээлөө.
4. Кадрлар резервинин милдеттери:
1) мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын башкы жана улук административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөө үчүн резервисттердин тобун түзүү;
2) мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын милдеттерин жана функцияларын кесипкөйлүк менен жана натыйжалуу ишке ашырууга жөндөмдүү кадрларды тандоо, андан ары окутуу жана көтөрүүнүн негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрдык потенциалын рационалдуу пайдалануу;
3) резервисттерди тиешелүү кызмат ордуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык мамлекеттик жарандык кызматтын жана муниципалдык кызматтын тиешелүү бош кызмат орундарына көтөрүү.
5. Кадрлар резервин түзүү принциптери:
1) квалификациялык талаптарга жооп берген шартта Кыргыз Республикасынын жарандарынын кызматка кирүүдө жынысына, расасына, майыптуулугунун болушуна, этностук таандыктыгына, туткан динине, саясий же башка ынанымдарына, социалдык же мүлктүк абалына карабастан бирдей жеткиликтүүлүгү;
2) тандоодо атаандаштык;
3) кабыл алуунун ыктыярдуулугу;
4) ачыктык, калыстык жана айкындуулук.
6. Кадрлар резерви мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан тиешелүүлүгүнө жараша түзүлөт.
Мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмдөрүнүн өзгөчөлүгүн жана штаттык санын эске алуу менен, мамлекеттик органдын жетекчиси ведомстволук бөлүмдүн жетекчисине мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн өзүнчө кадрлар резервин түзүү укугун бере алат. Мындай учурда мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн жетекчиси ушул Жободо мамлекеттик органдын жетекчиси үчүн белгиленген функцияларды (ыйгарым укуктарды) ишке ашыра алат.
Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары (райондук жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары) жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын административдик муниципалдык кызмат орундарын эске алуу менен кадрлар резервин түзөт.
2-глава. Кадрлар резервин түзүүнүн тартиби
7. Кадрлар резервине төмөнкүлөр киргизилет:
1) ушул органда административдик кызмат орундарын ээлеген мамлекеттик жарандык кызматчылар жана муниципалдык кызматчылар (мындан ары - кызматчылар);
2) мамлекеттик органды, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органын кайра уюштурууга, штатты кыскартууга, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыкка байланыштуу кызмат орундарынан бошотулган адамдар;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарга жооп берген, кадрлар резервине киргизүү үчүн ачык конкурстук тандоодон өткөн Кыргыз Республикасынын жарандары;
4) "Акылман" президенттик лицейинин жогорку кесиптик же орто кесиптик билим берүүнүн билим берүү программалары боюнча окууну аяктаган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
5) Кыргыз Республикасынын Президентинин "Эл үмүтү" эл аралык стипендиясынын алкагында билим алган жана диплом же аны алмаштыруучу башка документ алган чет өлкөлүк жогорку окуу жайлардын бүтүрүүчүлөрү жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте;
6) Кыргыз Республикасынын өзгөчө статусу бар жогорку окуу жайларын артыкчылык менен аяктаган бүтүрүүчүлөр жеке арызынын негизинде конкурстан тышкары тартипте.
Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартип белгиленген кызматчылар, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген кызматчылар мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында акыркы кызмат ордунда 6 ай иштегенден кийин кадрлар резервине киргизилет.
Ушул Жобонун 7-пунктунун 4, 5 жана 6-пунктчаларында көрсөтүлгөн адамдар тизмеги Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталуучу мамлекеттик органдардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кадрлар резервине тиешелүү административдик кызматтардын тобуна коюлуучу квалификациялык талаптарга ылайык киргизилет.
8. Кадрлар резервине киргизүүгө конкурс (мындан ары - конкурс) тийиштүү мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы тарабынан жарыяланат жана өткөрүлөт.
Конкурс өткөрүү өзүнө төмөнкү этаптарды камтыйт:
- конкурска катышуучулардын документтерин тиешелүү кызмат орундарына коюлган талаптарга ылайык келишин кароо;
- талапкерлерди мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда (мындан ары - ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган) компьютердик тестирлөө;
- аңгемелешүү.
9. Конкурс өткөрүү максатында ар бир мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында конкурстук комиссия (мындан ары - конкурстук комиссия) түзүлөт. Конкурстук комиссиянын курамы 9 адамдан ашпашы керек.
10. Мамлекеттик органдын конкурстук комиссиясынын курамы мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Конкурстук комиссиянын курамына милдеттүү түрдө төмөнкүлөр киргизилет:
- персоналды башкаруу кызматынын жетекчиси (адиси);
- коррупциянын алдын алуу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу (эгерде бар болсо);
- жарандык коомдун өкүлү жана/же мамлекеттик же муниципалдык кызматтын ардагери (макулдашуу боюнча).
Конкурстук комиссиянын төрагасы болуп мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары (кадрдык ишти тейлеген), мамлекеттик органдын аппаратынын жетекчиси, персоналды башкаруу боюнча кызматынын жетекчиси саналат. Мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басарын (кадрдык ишти тейлеген), аппараттын жетекчисин, персоналды башкаруу боюнча кызматтын жетекчисин конкурстук комиссиянын төрагасы кылып аныктоо мүмкүн болбогон учурда - мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу башка кызмат адамы саналат.
Конкурстук комиссиянын катчысы болуп мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталуучу персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам саналат.
Мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүндө конкурстук комиссия түзүлүшү мүмкүн, анын курамы мамлекеттик органдын жетекчиси менен макулдашуу боюнча мамлекеттик органдын ведомстволук же аймактык бөлүмүнүн жетекчиси тарабынан бекитилет.
Комиссиянын жок болгон мүчөсүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
11. Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын конкурстук комиссиясынын курамы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.

- облустук маанидеги шаардын мэриясында конкурс өткөрүүдө - Кыргыз Республикасынын Президентинин тийиштүү облустагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн өкүлү;
- райондук маанидеги шаардын мэриясында жана айыл өкмөтүндө конкурс өткөрүүдө - жергиликтүү мамлекеттик администрациянын өкүлү;
- персоналды башкаруу кызматынын өкүлү же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам (эгерде бар болсо);

Конкурстук комиссиянын төрагасы жана катчысы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан конкурстук комиссиянын мүчөлөрүнүн ичинен аныкталат.
Республикалык маанидеги шаарларда жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдөрүндө конкурсту уюштуруу жана өткөрүү үчүн тийиштүү конкурстук комиссияларды түзүүгө укуктуу. Ведомстволук/түзүмдүк же аймактык бөлүмдүн конкурстук комиссиясынын курамы, анын иштөө тартиби жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан бекитилет.
Жергиликтүү кеңештердин муниципалдык кызматчыларынын штаттык санын эске алуу менен жергиликтүү кеңештин конкурстук комиссиясынын курамына жергиликтүү кеңештин төрагасы тарабынан аныкталуучу жергиликтүү кеңештин депутаты (депутаттары) жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын өкүлү (жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруучу органынын башчысы менен макулдашуу боюнча комиссиянын катчысы катары) киргизилиши мүмкүн.
Комиссиянын жок болгон мүчөлөрүнүн ордун алмаштырууга жол берилбейт.
12. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы конкурстук тандоо өткөрүү жөнүндө тийиштүү акты чыгарылгандан кийин 2 (эки) жумуш күндүн ичинде бул маалыматты өзүнүн ведомстволук веб-сайтына жайгаштырат жана жарыянын текстин ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга анын ведомстволук веб-сайтына жайгаштыруу үчүн жиберет.
Эгерде мамлекеттик органга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органына байланышпаган жагдайлар боюнча маалыматты ведомстволук веб-сайтка жайгаштыруу мүмкүн болбосо, анда аны жалпыга маалымдоо каражаттарында жайгаштырууга жол берилет.
Конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат төмөнкү маалыматтарды камтышы керек:
- мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын аталышы жана юридикалык дареги;
- тиешелүү кызмат орундарына коюлуучу квалификациялык талаптар;
- конкурска катышуу үчүн зарыл болгон документтердин тизмеги;
- арыздарды жана документтерди берүү мөөнөтү.
Кулактандыруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка кошумча маалыматтарды камтышы мүмкүн.
Конкурс зарылдыгына жараша өткөрүлөт. Мында ачык конкурстук тандоонун натыйжалары боюнча киргизилген адамдардын саны мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын улук жана башкы административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчыларынын жалпы штаттык санынын 100 пайызынан ашпоого тийиш, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын ар бир административдик кызмат орду боюнча тең салмактуу мамилени эске алуу менен.
13. Конкурска катышууну каалаган адамдар "е-Kyzmat" мамлекеттик порталындагы жеке кабинети аркылуу:
1) электрондук форматта өтүнмө беришет;
2) Кыргыз Республикасынын жеке мүнөздөгү маалыматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте анын жеке маалыматтарын берүүгө, чогултууга жана иштетүүгө макулдугун тастыктайт;
3) Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген коррупцияга каршы чектөөлөрдү мамлекеттик жарандык кызматка жана муниципалдык кызматка кабыл алууну тастыктайт.
Өтүнмөгө электрондук форматтагы документтер (сканерленген документтер) тиркелет.
Өтүнмөгө тиркелген сканерленген документтердин тизмеги жана аларга карата талаптар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
Документтерди кабыл алуу мөөнөтү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан аныкталат жана конкурс өткөрүү жөнүндө маалымат жайгаштырылган күндөн тартып 10 (он) календардык күндөн кем болбоого тийиш. Документтерди кабыл алуу аяктаган мөөнөт конкурс өткөрүү жөнүндө жарыянын текстинде көрсөтүлөт.
Персоналды башкаруу кызматы же персоналды башкаруу маселелери боюнча ыйгарым укуктуу адам автоматташтырылган маалыматтык системалардын жардамы менен талапкердин ким экендигин аныктайт.
Документтердин түп нускалары талапкер тарабынан "e-Kyzmat" мамлекеттик порталы аркылуу өтүнмө берүү учурунда тиркелген сканерленген көчүрмөлөрү менен салыштыруу үчүн аңгемелешүү этабында көрсөтүлөт.
Талапкер берилген маалыматтардын аныктыгы үчүн жоопкерчилик тартат. Эгерде жасалма же анык эмес маалыматтар аныкталса, талапкер конкурска катышуудан четтетилип, кадрлар резервинен чыгарылып жана белгиленген тартипте административдик же кылмыш жоопкерчилигине тартылышы мүмкүн.
14. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлер төмөнкү квалификациялык талаптарга шайкеш келиши керек:
1) административдик кызмат орундарынын улук тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан 1 (бир) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 3 (үч) жылдан кем эмес иш стажы;
2) административдик кызмат орундарынын башкы тобу үчүн:
- жогорку билим;
- жалпысынан 3 (үч) жылдан кем эмес мамлекеттик жана/же муниципалдык кызмат стажы же тийиштүү кесиптик чөйрөдөгү 5 (беш) жылдан кем эмес иш стажы.
15. Документтерди кабыл алуу аяктаган күндөн тартып 10 (он) жумуш күндүн ичинде ушул Жобого ылайык тапшырылган арыздардын жана документтердин негизинде комиссия талапкерлердин белгиленген талаптарга ылайык келери (же болбосо ылайык келбестиги) жана аларды компьютердик тестирлөөгө уруксат берүү жөнүндө чечим кабыл алат.
16. Мамлекеттик орган, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органы документтерди карап чыккандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдөн өткөрүүгө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга өтүнмө берет.
Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө ушул Жобонун 3-главасында белгиленген тартипте жүргүзүлөт.
17. Аңгемелешүү конкурстук комиссия тарабынан өткөрүлөт.
Аңгемелешүүнүн жыйынтыгы боюнча комиссия талапкерди кадрлар резервине киргизүүгө сунуштоо жөнүндө же анын талапкерлигин четке кагуу тууралуу чечим кабыл алат.
Комиссиянын ар бир мүчөсү талапкерди кадрлар резервинин курамына сунуштоого "макул" же сунуштоого "каршы" деген гана добуш берет.
Комиссиянын чечими жыйналышка катышкан мүчөлөрүнүн жөнөкөй көпчүлүгүнүн добушу менен кабыл алынат.
Талапкерлер добуштардын бирдей санына ээ болуп калган учурда комиссиянын төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Комиссиянын жыйналышы ага курамынын кеминде үчтөн экиси катышкан учурда мыйзамдуу деп эсептелет.
Конкурстук комиссия тарабынан аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү видео жана аудио жазуу жүргүзүлөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталуучу Кыргыз Республикасынын алыскы райондорунда аңгемелешүү өткөрүлгөн учурда аңгемелешүүнү аудио жазууга гана жол берилет.
Аңгемелешүүлөрдү видео жана аудио жазуулар мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын персоналды башкаруу кызматында белгиленген тартипте 3 (үч) жыл бою сакталууга тийиш.
18. Конкурстун катышуучусунун жазуу жүзүндөгү арызы боюнча ал катталган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде ага аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ага тиешелүү бөлүгүнүн гана көчүрмөсү берилет же болбосо аңгемелешүүнүн видео же аудио жазуусунун ал катышкан бөлүгүн көрүү/угуу уюштурулат.
19. Комиссиянын чечимине (актысына) сот тартибинде даттанылышы мүмкүн.
20. Конкурстун жыйынтыгы боюнча конкурстук тандоодон ийгиликтүү өткөн талапкерлер 3 (үч) жумуш күндүн ичинде конкурстук комиссиянын чечиминин (актысынын) негизинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин буйругу (же башка тескөөчү документ) менен кадрлар резервине киргизилет.
21. Ушул Жободо жөнгө салынбаган кадрлар резервин түзүү жана иштетүү боюнча маселелер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана ушул Жобого каршы келбеген бөлүктө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
3-глава. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө жүргүзүүнүн тартиби
22. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө алардын кесиптик даярдыгынын, квалификациясынын жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарын билишин объективдүү жана ачык баалоо максатында жүргүзүлөт.
23. Тестирлөөнү жүргүзүүнүн объективдүүлүгү шарттардын, убакыттын, жыйынтыктарды санап чыгуунун, тесттин мазмунунун стандарттуулугу менен камсыз кылынат.
24. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөө ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган жана анын аймактык бөлүмдөрү тарабынан жүргүзүлөт.
Тестирлөө компьютерди пайдалануу менен жүргүзүлөт.
25. Кадрлар резервине киргизүү үчүн талапкерлерди тестирлөөдө тесттердин үч түрү колдонулат: негизги тест, предметтик тест жана талапкердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн тестирлөө, алар мамлекеттик жана расмий тилдерде түзүлөт.
Ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган талапкерлердин жеке сапаттарын жана кесиптик көндүмдөрүн аныктоо үчүн ар кандай методдорду жана инструменттерди (логикалык тест, көп факторлуу психометрикалык тест жана башкалар) колдоно алат.
26. Тесттин суроолорун иштеп чыгуу, түзүү жана жаңылоо тиешелүү адистерди тартуу менен ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүзөгө ашырылат.
27. Тесттеги суроолордун саны, алардын татаалдык даражасы, тестирлөөнүн жыйынтыгын баалоо ыкмасы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан аныкталат.
28. Негизги тест Кыргыз Республикасынын мамлекеттик башкаруу, мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү мыйзамдары боюнча жалпы билимин баалоо үчүн тапшырмаларды камтыйт.
29. Предметтик тесттер катышуучулардын атайын багыттагы билим деңгээлин аныктоо үчүн тапшырмаларды камтыйт. Тесттердин ушул түрү боюнча тестирлөө кызмат орундардын топторуна, иш чөйрөсүнө жана атайын билимине коюлган квалификациялык талаптарды эске алуу менен жүргүзүлөт.
30. Негизги тесттен жана предметтик тесттен жалпы баллдардын кеминде 50 пайызын алган талапкерлер кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо боюнча компьютердик тестирлөө этабына киргизилет.
Кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдө босоголук маани белгиленбейт.
Тестирлөөнүн жыйынтыгы протокол менен таризделет жана комиссиянын катчысына берилет.
Талапкерлердин кесиптик маанилүү жеке сапаттарын аныктоо үчүн компьютердик тестирлөөдөн өткөндөн кийин аңгемелешүүгө уруксат берилет.
4-глава. Кадрлар резервинин иштөө тартиби
31. Административдик бош кызмат ордуна дайындоо резервисттердин арасынан же болбосо Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ротациялоо тартибинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылат. Бош административдик кызмат ордуна дайындоо бир мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чегинде мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервин жана муктаждыктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылышы мүмкүн.
Кыйла жакшы даярдалган кесипкөй кадрлар менен камсыз кылуу жана кызмат боюнча көтөрүү, ошондой эле субъективдүүлүктү, кызыкчылыктардын кагылышуусун жана коррупциялык тобокелдиктерди болтурбоо максатында мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси бош административдик кызмат орундарына дайындоо үчүн кадрлар резервинен талапкерлерди тандоо тартибин аныктоого укуктуу.
Мындай тартип кесипкөйлүк, компетенттүүлүк жана кесиптик сиңирген эмгектеринин негизинде кызмат боюнча көтөрүлүү принциптерине негизделген талапкерди тандоо критерийлерин, анын бош кызмат ордуна карата бекитилген квалификациялык талаптарга шайкеш келишин, ошондой эле кадрлар резервинен дайындоонун ырааттуулугун кароого тийиш.
Бул Тартип ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча тиешелүү мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын чечими менен бекитилет, ал бекитилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде анын расмий веб-сайтына жайгаштырылат.
32. Тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында башкы жана улук административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар жетекчинин тийиштүү чечими (актысы) чыгарылбастан, мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервинин алардын иш стажына туура келген тобуна (башкы, улук) автоматтык түрдө киргизилди деп эсептелет.
Тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кенже административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан түзүлүүчү кенже административдик кызмат орундарына кадрлар резервине автоматтык түрдө киргизилди деп эсептелет.
Мында тиешелүү мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында кенже административдик кызмат орундарын ээлеген кызматчылар квалификациялык талаптарга ылайык келген учурда улук жана башкы административдик кызмат орундарына дайындалышы мүмкүн.
Башкы административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө резервисттер административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын башкы, улук жана кенже тобун ээлөөгө талапкер боло алат.
Улук административдик мамлекеттик кызмат орундарын жана муниципалдык кызмат орундарын ээлөөгө резервисттер административдик мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарынын улук жана кенже тобун ээлөөгө талапкер боло алат.
Өзгөчө (конкурстан тышкары) тартипте дайындалган, ошондой эле патронаттык кызмат орундарын ээлеген адамдар белгиленген тартипте кадрлар резервинин тиешелүү тобуна (башкы, улук) киргизилгенден кийин мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын административдик мамлекеттик кызмат орундарынын жана муниципалдык кызмат орундарынын тиешелүү топторунда кызмат орундарын ээлөөгө талапкер боло алат.
33. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдын кайра уюштурулушуна, штаттын кыскарышына же ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адам, тиешелүү кызмат адамдарынын тобу үчүн белгиленген квалификациялык талаптарга ылайык келген шартта жазуу жүзүндөгү арызынын негизинде анын иш стажына жана квалификациясынын деңгээлине ылайык келген кадрлар резервинин тобуна (башкы, улук жана кенже) ушул мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине киргизилет. Бул арыз жумуштан бошотуу жөнүндө чечим менен таанышкандан кийин 3 (үч) айдан кечиктирбестен берилиши керек. Мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчиси арыз берилген күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде бул адамды кадрлар резервине киргизүү жөнүндө тиешелүү чечим (акт) чыгарат.
34. Ачык конкурстук тандоодон өткөн адамдар жана органдын кайра уюштурулушуна, штаттын кыскарышына, ден соолугунун абалы боюнча узакка эмгекке жарамсыздыгына байланыштуу кызмат ордунан бошотулган адамдар үчүн кадрлар резервинде резервист болуп туруу мөөнөтү кадрлар резервине киргизилген күндөн тартып 3 (үч) жылды түзөт.
35. Министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун райондук деңгээлдеги аймактык бөлүмүнүн/шаардык бөлүмүнүн жетекчисинин административдик мамлекеттик бош кызмат ордуна дайындоо (мамлекеттик органдын ведомстволук бөлүмүнүн аймактык бөлүмдөрүн/түзүмдөрүн кошпогондо) жергиликтүү мамлекеттик администрация башчысы (мындан ары - аким)/шаардын мэри тарабынан төмөнкү тартипте ишке ашырылат:
1) бош орун пайда болгон күндөн тартып 7 (жети) жумуш күндүн ичинде министрликтин, мамлекеттик комитеттин, административдик ведомствонун жетекчиси тиешелүү квалификациялык талаптарга ылайык келген 2 (экиден) кем эмес резервисттерди акимге/шаардын мэрине сунуштайт;
2) аким/шаардын мэри сунушту алган күндөн тартып 3 (үч) жумуш күндүн ичинде сунушталган резервисттердин бирөөсүн кызмат ордуна дайындоо жөнүндө тийиштүү акт чыгарат же болбосо талапкерлерди сунуштаган мамлекеттик органдын жетекчисинин дарегине жөнөтүү менен сунушталган талапкерлерден баш тартат, анда талапкерлерден баш тартуунун негиздүү себептерин чагылдырылат;
3) мамлекеттик органдын жетекчиси резервисттерден баш тартуу жөнүндө акимден/шаардын мэринен катты алгандан кийин 3 (үч) жумуш күндүн ичинде (резервисттер болгон учурда) квалификациялык талаптарга ылайык келген башка резервисттердин талапкерлигин (2 (эки) талапкерден ашпаган) кайрадан киргизет;
4) башка резервисттер жок болгон учурда мамлекеттик органдын жетекчиси мурда сунушталган резервисттердин талапкерлигин кайрадан киргизүүгө укуктуу;
5) мурда сунушталган резервисттердин талапкерлиги кайрадан киргизилген учурда аким/шаардын мэри сунуштоону алган күндөн тартып 2 (эки) жумуш күндүн ичинде сунушталган резервисттердин бирөөсүн дайындайт.
36. Ушул Жободо белгиленген сунуштоо жана дайындоо мөөнөттөрүн сактабоо, эгерде мөөнөттөр мамлекеттик органдан, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынан көз каранды болбогон жүйөөлүү себептер боюнча бузулса, бузуу болуп эсептелбейт.
5-глава. Кадрлар резервинен чыгаруу тартиби
37. Резервисттер төмөнкү учурларда кадрлар резервинен чыгарылат:
1) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан чыкканда;
2) соттун чечими менен аракетке жөндөмсүз деп таанылганда;
3) соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан, мамлекеттик жана муниципалдык кызматтын кызыкчылыктарына каршы коррупциялык жана башка кылмыш жасагандыгы үчүн соттуулугу болгондо, ошондой эле көрсөтүлгөн кылмыштар боюнча кылмыш иши реабилитацияланбаган негиздер боюнча токтотулган учурда;
4) мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында ээлеген кызмат ордунан бошотулгандыгына байланыштуу. Мында бул мамлекеттик органда, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында 3 (үч) жылдан ашык иштеген кызматчылар кызмат ордунан бошотууда, эгерде сот тарабынан башкача далилденбесе, терс негиздер боюнча бошотулган адамдарды кошпогондо, ошол мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын кадрлар резервине 1 (бир) жылга киргизилет;
5) кадрлар резервинде туруу мөөнөтү аяктаганда;
6) кадрлар резервинен чыгуу жөнүндө жеке арызын бергенде;
7) бош административдик кызмат орундарын ээлөөдөн 2 (эки) жолудан көп баш тартканда;
8) талапкердин белгиленген талаптарга ылайык келбөө фактысы аныкталганда же билип туруп анык эмес же толук эмес маалыматтар берилгенде;
9) адам каза болгон учурда.
38. Кадрлар резервинен чыгаруу жөнүндө чечим мамлекеттик органдын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органынын жетекчисинин тиешелүү актысы менен таризделет.

(КР Президентинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 257 Жарлыгынын редакциясына ылайык)

7) Евразия экономикалык бирлигинин органдарында эки жылдан ашык иштеген кызмат адамдары жана кызматкерлер кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде;
8) жергиликтүү кеңештердин депутаттарын кошпогондо, тиешелүү мамлекеттик органда же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органында саясий мамлекеттик жана муниципалдык кызмат орундарын ээлеген адамдар кызмат ордунан бошотулган күндөн тартып алты айдын ичинде берилген жеке арызынын негизинде.