Сравнение редакций…
Тиркеме
(Кыргыз Республикасынын
Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 18-февралындагы № 111 токтомуна)
“И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайынын
уставы
1. Жалпы жоболор
1. “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту” жогорку авиациялык окуу жайы (мындан ары – Авиаинститут) жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча, орто кесиптик жана жалпы орто билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруучу мамлекеттик билим берүү уюму болуп эсептелет.
2. Авиаинститут өз ишинде Кыргыз Республикасынын Конституциясын, Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексин, Кыргыз Республикасынын Аба кодексин, “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамын, Кыргыз Республикасынын Президентинин жарлыктарын, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин токтомдорун жана тескемелерин, Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларын жана ушул Уставды жетекчиликке алат.
3. Авиаинститут “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык колледжи” мамлекеттик билим берүү мекемесинин укук улантуучусу болуп эсептелет.
4. Авиаинституттун уюштуруучусу болуп Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети саналат.
5. Авиаинституттун ишине жалпы жетекчиликти жана координацияны Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Жарандык авиация мамлекеттик агенттиги (мындан ары – Мамлекеттик агенттик) жүзөгө ашырат. Авиаинститут Мамлекеттик агенттиктин түзүмүнө кирет.
6. Авиаинститут өзгөчө статусуна ылайык Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда аныкталган чектерде билим берүү процессин жүзөгө ашырууда, кадрларды тандоодо жана жайгаштырууда, илимий жана башка ишти жүргүзүүдө өз алдынчалуулукка ээ.
7. Авиаинститут өзүнүн уюштуруу-укуктук формасы боюнча билим берүү мекемеси болуп эсептелет, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик гербинин сүрөтү түшүрүлгөн мөөрү жана мамлекеттик жана расмий тилдерде өзүнүн аталышы менен логотиби бар. Ал өз алдынча баланска, өздүк алыш-бериш эсептерге ээ.
8. Авиаинституттун расмий аталышы:
– кыргыз тилинде: “И. Абдраимов атындагы Кыргыз авиациялык институту”;
– орус тилинде: “Кыргызский авиационный институт имени И. Абдраимова”.
9. Авиаинституттун кыскартылган аталышы:
– кыргыз тилинде: “Авиаинститут”;
– орус тилинде: “Авиаинститут”.
10. Авиаинституттун юридикалык дареги: 720009, Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары, Академик Лущихин көчөсү, 60.
11. Авиаинституттун максаттары болуп төмөнкүлөр эсептелет:
– мамлекеттик билим берүү стандарттарына ылайык орто жалпы билим берүү, жогорку жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү аркылуу инсандын интеллектуалдык, маданий жана адеп- ахлактык өнүгүүгө болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
– Кыргыз Республикасынын жарандык авиациясы үчүн адистерди даярдоого мамлекеттик заказды аткаруу, коомдун жогорку жана орто кесиптик авиациялык билими бар квалификациялуу адистерге болгон муктаждыктарын канааттандыруу;
– жарандык авиация жаатында илимий изилдөөлөрдү жүргүзүү жана изилдөөлөрдүн натыйжалуу жыйынтыктарын өндүрүштүк ишке киргизүү;
– жогорку кесиптик билими бар адистердин квалификациясын жогорулатуу жана кайра даярдоо;
– улуттук жана жалпы адамзаттык баалуулуктардын, илимдин жана практиканын жетишкендиктеринин негизинде инсандын өнүгүшү жана кесиптик калыптанышы.
12. Авиаинституттун милдеттери төмөнкүлөр болуп эсептелет:
– заманбап өндүрүштүн, илимдин, техниканын, маданияттын талаптарын жана аларды өнүктүрүүнүн келечегин эске алуу менен жарандык авиация жана транспорт үчүн адистерди даярдоо жана кайра даярдоо;
– авиациялык билим берүүнү практикалык интеграциялоо, жарандык авиация жана транспорт үчүн адистерди даярдоонун сапатын, ошондой эле илимий изилдөөлөрдүн натыйжалуулугун ар тараптан жогорулатуу.
13. Өзүнө жүктөлгөн милдеттерге ылайык Авиаинститут төмөнкүдөй функцияларды аткарат:
– жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки, кошумча, орто кесиптик жана жалпы орто билим берүүнүн кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырат;
– жогорку билими бар адистерди даярдоону, кайра даярдоону, кызматкерлердин квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле илимий жана илимий-педагогикалык кадрларды даярдоону ишке ашырат;
– адистерди даярдоонун профили боюнча фундаменталдык, ошондой эле прикладдык мүнөздөгү илимий изилдөөлөрдү аткарат.
14. Авиаинститут өзгөчө статусуна ылайык өз алдынча төмөнкүлөргө укуктуу:
– өз алдынча белгилеген билим берүү стандарттарынын жана талаптарынын негизинде жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программаларын ишке ашырууга;
– бюджеттен тышкаркы каражаттарды пайдалануу үчүн казыналык системасынан тышкары мамлекеттик катышуу үлүшү бар коммерциялык банктарда банктык эсептерди ачууга;
– атайын эсептин каражаттарынын эсебинен Камкорчулар кеңеши менен макулдашуу боюнча ички башкаруу түзүмүн жана кызматкерлердин штаттык санын аныктоого;
– директордун окуу иштери боюнча орун басарын дайындоого жана бошотууга;
– Авиаинституттун түзүмдүк бөлүмдөрүнүн статусун жана аталышын, алардын ишин уюштуруу тартибин, ошондой эле аларды башкарууга жана кызматкерлерге карата талаптарды аныктоого;
– Камкорчулар кеңеши менен макулдашуу боюнча эмгек акы төлөөгө багытталуучу каражаттын үлүшүн аныктоого, атайын эсептин каражаттарынын эсебинен Авиаинституттун бардык категориядагы кызматкерлеринин эмгек акысынын, материалдык дем берүүнүн жана материалдык жардам көрсөтүүнүн формаларын жана өлчөмдөрүн белгилөөгө;
– билим берүү, кенеш берүү, илим-изилдөө, басма иши, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзам менен тыюу салынбаган башка иштен түшкөн каражаттар түрүндө кирешелерди алууга, аларды ишти жакшыртууга жана Авиаинституттун материалдык-техникалык базасын өнүктүрүүгө багыттоого;
– Камкорчулар кеңеши менен макулдашуу боюнча атайын каражаттардын эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү (сатуу, алмаштыруу, ижарага берүү) тескөөгө, ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды тескөөгө;
– мамлекеттик билим берүү гранттарын алууга;
– көрсөтүлгөн акы төлөнүүчү билим берүү кызматтарына тарифтерди түзүүгө жана бекитүүгө;
– Авиаинституттун аянтын жана башка болгон шарттарын эске алуу менен билим алуучулардын санын аныктоого жана студенттерди кабыл алуу планын бекитүүгө;
– ЖОЖдун юридикалык жак статусу бар түзүмдүк бөлүмдөрүнө аталган бөлүмдөрдүн бекитилген кирешелер жана чыгашалар сметаларынын чегинде капиталдык жана учурдагы оңдоо, ошондой эле алардын балансында турбаган, аларга бекитилген материалдык- техникалык базаны өнүктүрүү менен байланышкан финансылык чыгымдарды жүргүзүү укугун берүүгө;
– Камкорчулар кеңеши менен макулдашуу боюнча бекитилген сатып алууларды жүргүзүүнүн ички эрежелерине ылайык сатып алууларды жүргүзүүгө;
– жогорку кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары боюнча лицензия албастан билим берүү ишин жүргүзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын “Билим берүү жөнүндө” Мыйзамына жана ушул Уставга ылайык билим берүү жана административдик ишти жүргүзүүгө, башкаруучулук чечимдерди кабыл алууга, анын ичинде адам ресурстарын башкаруу маселелеринде, билим берүү жана башка ишти колдоо жана өнүктүрүү үчүн атайын каражаттарды тескөөгө;
– баалоо системаларын, билим берүү процессинин методикаларын жана билим берүү технологияларын, анын ичинде аралыктан билим берүү технологияларын тандоого, ошондой эле окутуунун, анын ичинде онлайн-окутуунун гибриддик методун колдонууга;
– коомдук уюмдарды жана бирикмелерди (бирликтерди, академияларды, кесиптик ассоциацияларды, окуу-методикалык бирикмелерди, илимий-методикалык, илимий-техникалык жана башка кеңештерди жана уюмдарды), окуу-өндүрүштүк жана инновациялык түзүмдөрдү түзүүгө;
– чет өлкөлүк билим берүү мекемелеринен, ошондой эле юридикалык жана жеке жактардан гранттарды, демөөрчүлүк жардамды жана каражаттарды тартууга;
– монографияларды, илимий эмгектердин жыйнактарын, окуу китептерин, окуу-методикалык колдонмолорду жана башка материалдарды басып чыгарууга;
– билим берүү жана илим мекемелеринин ассоциацияларына жана бирликтерине мүчө болууга;
– эл аралык кызматташтыктын алкагында студенттик алмашуу программасы боюнча студенттерди окууга жана стажировкага чет өлкөлөргө жөнөтүүгө;
– жарандык авиация жаатында эл аралык илимий жыйналыштарды, симпозиумдарды, съезддерди, конференцияларды уюштурууга жана алардын ишине катышууга;
– белгиленген тартипте чет өлкөлүк адистерди жана студенттерди ишке, стажировкага жана окууга кабыл алууга;
– Авиаинституттун атайын каражаттарынын эсебинен өзүнүн кызматкерлерин чет өлкөлүк жана эл аралык окуу, илимий жана башка уюмдарга иш сапарларга жөнөтүүгө;
– белгиленген тартипте чет өлкөлүк жана эл аралык уюмдар менен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген келишимдерди түзүүгө жана алардын ишине катышууга;
– өзүнүн компетенциясынын чегинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген ички актыларды чыгарууга;
– Кыргыз Республикасынын билим берүү жана илим чөйрөсүндөгү мыйзамдарына ылайык аткарылган илимий изилдөөлөрдүн жана окуу-методикалык иштердин көлөмүн эске алуу менен, белгиленген окуу жүктөмүнүн чегинде окутуучулар курамынын окуу жүктөмүнүн көлөмүн жана ченемин бекитүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка ишти жүзөгө ашырууга.
кызматтарынын тизмеги жана аларды берүү тартиби
15. Авиаинституттун көп деңгээлдүү билим берүү түзүмүнө жана кесиптик билим берүү программаларын ишке ашыруу шарттарына ылайык адистерди даярдоонун төмөнкү программалары боюнча деңгээлдер белгиленет:
1) жалпы орто билим берүү;
2) кесиптик орто билим берүү;
3) жогорку кесиптик билим берүү;
4) жогорку окуу жайдан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү.
Авиаинститутта окутуу күндүзгү, сырттан окуу, кечки окуу формаларында, ошондой эле аралыктан билим берүү технологияларын жана экстернатты колдонуу менен жүргүзүлөт.
Авиаинститутта жогорку, орто кесиптик жана жогорку окуу жайынан кийинки кесиптик билим берүү программалары өз алдынча иштелип чыккан билим берүү стандарттарына, Авиаинституттун жана башка кызыкдар тараптардын талаптарына ылайык ишке ашырылат.
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык билим алуунун ар кандай формаларын айкалыштырууга жол берилет.
Авиаинститут өзгөчө статусуна ылайык жогорку, жогорку окуу жайынан кийинки жана кошумча кесиптик билим берүү программалары боюнча билим берүү ишин билим берүү ишин жүргүзүү укугуна лицензия албастан жүзөгө ашырат.
Авиаинститут мыйзамдарда белгиленген тартипте институттук жана программалык аккредитациялардан өтөт жана билим берүү программаларын аккредитациялоо сертификаттарынын негизинде Улуттук квалификациялар алкагына ылайык квалификациянын тиешелүү деңгээли жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү документтерди өзүнүн бүтүрүүчүлөрүнө берүү укугуна ээ.
“Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык тиешелүү профилдеги орто же жогорку кесиптик билими бар адамдар Авиаинститутта тездетилген программалар боюнча жогорку кесиптик билим ала алышат.
16. Авиаинститутка кабыл алуу тартиби, студенттерди которуу, окуудан чыгаруу жана калыбына келтирүү Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан бекитилген Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын билим алуучуларын которуу, окуудан чыгаруу, окууга калыбына келтирүү жана академиялык өргүү берүү тартиби жөнүндө жобо менен жөнгө салынат.
17. Авиаинституттун күндүзгү, кечки жана сырттан окуу формаларына, гранттык (бюджеттик) жана акы төлөнүүчү окутуунун түрлөрүнө тапшыруунун негизги критерийлери болуп абитуриенттин билим деңгээли жана жөндөмү саналат. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жалпы орто билим берүүнүн базасында жогорку кесиптик билим берүү программаларына окутуу үчүн абитуриенттерди кабыл алууда жалпы республикалык тестирлөөнүн жыйынтыгы сөзсүз түрдө эске алынат.
18. Авиаинститутта чет мамлекеттердин жарандарын окутуу белгиленген тартипте мыйзам менен күчүнө кирген, Кыргыз Республикасы катышуучусу болуп саналган мамлекеттер аралык макулдашуулардын негизинде, ошондой эле билим берүүчү уюмдардын ортосундагы же айрым жарандар менен түзүлгөн келишимдер боюнча жүзөгө ашырылат.
19. Авиаинститут студенттерди кабыл алууда тапшыруучуларды жана (же) алардын ата-энелерин (мыйзамдуу өкүлдөрүн) ушул Устав, билим берүү ишин жүргүзүүгө лицензия, Авиаинститутту мамлекеттик аттестациялоо (аккредитациялоо) жөнүндө күбөлүк жана билим берүү процессин уюштурууну жөнгө салуучу башка документтер менен тааныштырууга милдеттүү.
20. Авиаинститутка кабыл алуу конкурстук негизде, тапшыруучулардын арыздары боюнча жүргүзүлөт. Конкурстун шарттары жарандардын билим алууга болгон укуктарын сактоого кепилдик бериши жана тиешелүү деңгээлде билим берүү программаларын өздөштүрүүгө даярдалган жана бир кыйла жөндөмдүү жарандарды кабыл алууну камсыз кылуусу керек.
21. “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген жеңилдиктерден пайдаланган жарандар конкурстан тышкары кабыл алынат.
22. Студенттерди которуу эреже катары каникул мезгилдеринде, бир жылдан кем эмес окуп, окуу планынын сабактарын ийгиликтүү өздөштүргөн шартта, бош орундар бар болгон учурда жана академиялык айырманы жоюу менен жүзөгө ашырылат.
23. Студент Авиаинституттан өз демилгеси боюнча төмөнкү учурларда чыгарылышы мүмкүн:
– жеке арызы боюнча (конкреттүү себептерин көрсөтпөстөн);
– башка окуу жайга которулгандыгына байланыштуу;
– ден соолугунун абалы боюнча (мамлекеттик медициналык мекеменин корутундусунун негизинде);
– үй-бүлөлүк шартка байланыштуу.
24. Администрациясынын демилгеси боюнча студентти окуудан чыгаруу Авиаинституттун директорунун буйругу менен, тиешелүү окуу бөлүмүнүн жетекчисинин билдирүүсүнүн негизинде төмөнкү учурларда ишке ашырылат:
– академиялык карыздарынын болушу;
– окуу тартибин бузушу (окуу процессинин графигин аткарбоо, Авиаинститут менен байланышты жоготуу, академиялык өргүүдөн анын мөөнөтү аяктагандан кийин кайра келбегендиги);
– ички тартип эрежелерин, жатаканада жашоо эрежелерин бузгандыгы;
– соттун өкүмүнүн мыйзамдуу күчүнө киришинин негизинде окуусун улантууга мүмкүндүгү жок болгондо;
– окутууга кеткен чыгымдарынын ордун толтуруу менен келишимдин шарттарын аткарбаганда.
25. Окуудан чыгарууда студентке билими тууралуу документинин түп нускасы жана белгиленген үлгүдөгү академиялык маалымкат берилет.
26. Авиаинститутту башкаруу “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 18-июлундагы № 243 “Кыргыз Республикасынын жогорку кесиптик билим берүүнүн билим берүү уюмдарынын потенциалын жана атаандаштыкка жөндөмдүүлүгүн жогорулатуу боюнча чаралар жөнүндө” Жарлыгына ылайык жүзөгө ашырылат. Башкаруу демократиялаштыруу, борборлоштурууну азайтуу, өз алдынчалуулук жана өзүн-өзү башкаруу принциптеринин негизинде курулат.
27. Авиаинституттун тең башкаруу формалары болуп жалпы чогулуш, камкорчулук, окумуштуулар, педагогикалык жана башка кеңештер эсептелет. Тең башкаруу органдарын шайлоонун тартиби жана алардын компетенциясы, жетекчиси менен кеңештин ортосундагы ыйгарым укуктарын чектөө Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдары менен аныкталат.
28. Авиаинститутту түздөн-түз башкаруу “Билим берүү жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык кызмат ордуна дайындалуучу жана кызмат ордунан бошотулуучу директор тарабынан жүргүзүлөт.
29. Авиаинституттун директорун кызматка дайындоо тартиби
«Билим берүү жөнүндө» Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык жүргүзүлөт.
30. Авиаинституттун директору Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана ушул Уставда каралган өзүнүн укуктарын жана милдеттерин жүзөгө ашырат, атап айтканда:
– Авиаинституттун Илимий кеңешинин ишин жетектейт;
– билим берүүнүн сапаты үчүн жеке жоопкерчилик тартат;
– Авиаинституттун жана башка башкаруу органдарынын ишин Илимий кеңештин башкаруу маселелери боюнча чечимдерин эске алуу менен ушул максаттарга бөлүнгөн каржылоонун алкагында уюштурат;
– өзгөчө статусуна ылайык иш багыттары боюнча директордун орун басарларын дайындайт жана ээлеген кызмат ордунан бошотот;
– Авиаинституттун атынан Авиаинститутту бардык мекемелерде, уюмдарда жана менчиктин бардык түрүндөгү ишканаларда ишеним катсыз көрсөтө алат;
– өзгөчө статусуна ылайык Камкорчулар кеңешинин макулдугу менен Авиаинституттун мүлкүн жана анын каражаттарын тескейт, келишимдерди түзөт, ишеним каттарды берет, өзүнүн компетенциясынын чегинде эл аралык келишимдерге, кызматташуу жөнүндө макулдашууларга кол коёт;
– Авиаинституттун бардык кызматкерлери жана студенттери, угуучулары аткарууга милдеттүү болгон буйруктарды чыгарат, көрсөтмөлөрдү берет;
– өзгөчө статусуна ылайык Камкорчулар кеңеши менен макулдашылган атайын эсептин каражаттарынын эсебинен штаттык расписаниени бекитет;
– Авиаинституттун атайын эсебинин каражаттары боюнча чыгымдар сметасын бекитет;
– Авиаинституттун кызматкерлеринин кызматтык нускамаларын бекитет;
– директордун орун басарларынын, декандардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн башка жетекчилеринин кызматтык милдеттерин бекитет;
– Авиаинституттун кызматкерлерин жумушка алат (контракт түзүү менен) жана жумуштан бошотот, ошондой эле профессордук- окутуучулук курамдын жана илимий кызматкерлердин кызмат орундарын ээлөөнүн белгиленген тартибинин сакталышын камсыздайт, Авиаинституттун курамына кирген илимий-изилдөө, конструктордук-технологиялык, тажрыйба-эксперименталдык жана башка бөлүмдөрдүн жетекчилерин дайындайт жана алардын компетенциясын аныктайт;
– өзгөчө статусуна ылайык атайын эсептин каражаттарынын эсебинен Авиаинституттун кызматкерлерине кошумча акы, үстөк жана сый акылардын өлчөмүн Авиаинституттун ички ченемдик актыларына ылайык бекитет;
– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарынын ченемдери бузулган учурда Илимий кеңештин, педагогикалык кеңештин, факультеттер, кафедралар кеңешинин жана башка түзүмдүк бөлүмдөрдүн чечимдерин жокко чыгарат;
– Авиаинституттун Илимий кеңешине жамааттын, түзүмдүк бөлүмдөрдүн сунушунун негизинде же өз демилгеси боюнча ардак наамдарды жана даражаларды ыйгарууга талапкерлерди сунуштайт;
– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана ушул Уставга каршы келбеген башка укуктарды жүзөгө ашырат.
31. Авиаинституттун административдик-башкаруу персоналынын курамына төмөнкүлөр кирет: директордун орун басарлары, Илимий кеңештин катчысы, кафедралардын жана түзүмдүк бөлүмдөрдүн жетекчилери.
32. Авиаинституттун окуу жана илимий ишиндеги негизги маселелерди кароо үчүн Илимий кеңеш түзүлөт.
Илимий кеңеш Авиаинституттун башкармалыгынын коомдук- кесиптик органы болуп саналат. Илимий кеңештин кадрларды тандоо, жайгаштыруу, бошотуу маселелери, финансылык-чарбалык иштер боюнча чечимдери сунуштама мүнөзүнө ээ.
33. Авиаинституттун Илимий кеңешин түзүү тартиби жана ыйгарым укуктарынын мөөнөтү Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын Илимий кеңешинин ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жөнгө салынат.
34. Авиаинституттун Илимий кеңеши:
– Авиаинституттун Уставына толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча сунуштарды карайт, ошондой эле факультеттердин, кафедралардын, илимий, окуу жана башка бөлүмдөрдүн жана алардын аталыштарын түзүү жана жоюу, реформалоо, ирилештирүү жана бөлүү маселелерин карайт;
– Авиаинституттун жылдык жана перспективдүү өнүктүрүү пландарын карайт;
– жумушчу окуу пландарын бекитет, колдонуудагы мамлекеттик билим берүү стандарттарына жана билим берүү чөйрөсүндөгү башка ченемдик-укуктук актыларга ылайык сабактардын тизмегин жана программасын аныктайт;
– Авиаинституттун жетекчилиги сунуштаган илимий-изилдөө, окуу-методикалык иштердин негизги багыттарын, перспективдүү жана жылдык өнүгүү пландарын карайт жана бекитет;
– кадрларды даярдоонун перспективдүү пландоо, кызмат орундарын ээлөөгө талапкерлерди конкурстук тандоо, илимий жана ардактуу наамдарды ыйгаруу маселелерин чечет, кабыл алуу жана мамлекеттик аттестациялоо комиссияларынын курамын бекитет;
– энчилүү жана мамлекеттик стипендияларды ыйгаруу маселелерин талкуулайт, профессордук-окутуучулук курамдын квалификациясын жогорулатуу планын бекитет;
– Авиаинституттун окуу, окуу-методикалык, илимий изилдөө, финансы-чарбалык, маданий-тарбиялык иштери боюнча Авиаинституттун директорунун отчетун жыл сайын карайт;
– тиешелүү чечимдерди кабыл алуу менен директордун орун басарларынын жана бөлүмдөрдүн жетекчилеринин отчетторун угат.
35. Авиаинституттун Илимий кеңешинин иш регламенти, анын графиги жана иш планы Кыргыз Республикасынын жогору окуу жайынын Илимий кеңешинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жөнгө салынат.
36. Авиаинституттун түзүмү:
– Авиаинституттун курамына окуу, илимий, өндүрүштүк бөлүмдөр, бөлүмдөр, китепкана, жатакана жана башкалар кирет. Түзүмдүк бөлүмдөрү өз ишин Илимий кеңештин тиешелүү чечиминин негизинде Авиаинституттун директору тарабынан бекитилген Жобого ылайык жүргүзөт;
– Авиаинституттун бөлүмдөрүнүн жана факультеттеринин жетекчилери кызматтык нускамалар менен аныкталган укуктардын жана милдеттердин чегинде жетекчилик кылышат;
– Авиаинституттун түзүмдүк бөлүмдөрү белгиленген тартипте жалпы орто, орто жана жогорку кесиптик билим берүү программаларын, ошондой эле кошумча жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү программаларын ишке ашыра алат;
– Авиаинститутта бир багыттагы же адистиктеги студенттерди окутуу, кадрларды даярдоо, кайра даярдоо үчүн бири-бирин кайталаган түзүмдүк бөлүмдөрдү (институттарды, борборлорду, факультеттерди ж.б.) түзүүгө жол берилбейт.
37. Факультет Авиаинституттун окуу-илимий жана административдик бөлүмү болуп эсептелинет. Факультеттин курамына факультеттин профилине кирген адистиктерге тиешелүү кафедралар жана лабораториялар кирет, ошондой эле өзүнүн ишинин мазмуну менен ушул факультетке жакын болгон жалпы билим берүүчү жана жалпы илимий багыттагы кафедралар кирет.
38. Факультеттер Авиаинституттун Илимий кеңешинин чечиминин негизинде директордун буйругу менен түзүлөт жана жоюлат. Факультеттин иши Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайынын факультетинин ишин жөнгө салуучу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жөнгө салынат.
39. Кафедра Авиаинституттун окуу-методикалык жана илимий бөлүмү болуп эсептелет, ал окуу, окуу-методикалык жана илимий- изилдөө иштерин, студенттер арасында окуудан тышкаркы ишти, жогорку билими бар адистерди даярдоону, кайра даярдоону жана квалификациясын жогорулатууну, ошондой эле жогорку квалификациялуу илимий-педагогикалык кадрларды бир же бир нече жакын тармактар жана адистиктер боюнча даярдоону жүзөгө ашырат. Кафедранын максаттары, милдеттери жана функциялары Кыргыз Республикасынын жогорку окуу жайларынын кафедраларынын ишин жөнгө салган Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечимдери менен жөнгө салынат.
40. Авиаинститутта мыйзамдарда белгиленген тартипте илимий даражаларды изденип алуу үчүн диссертацияларды коргоо боюнча адистештирилген кеңештер түзүлүшү мүмкүн, алардын иши Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен жөнгө салынат.
41. Авиаинституттун Көзөмөлчүлүк кеңеши “Көзөмөлчүлүк кеңеши жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамында белгиленген тартипте түзүлөт. Көзөмөлчүлүк кеңешинин курамынын ыйгарым укуктарынын мөөнөтү ал бекитилген учурдан тартып үч жылды түзөт.
42. Көзөмөлчүлүк | кеңешинин | курамына | Кыргыз |
Республикасынын Жогорку | Кеңешинин | депутаттары, | Кыргыз |
Республикасынын Президентинин Администрациясынын, ишкер жана илимий чөйрөлөрдүн, билим берүү уюмдарынын, коомдук, өкмөттүк эмес жана эл аралык уюмдардын, студенттик же ата-энелер бирикмелеринин өкүлдөрү кириши мүмкүн.
43. Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү башка жогорку окуу жайдын Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү боло албайт. Бир эле адам бир нече жолу Авиаинституттун Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсү болууга укуктуу.
44. Авиаинституттун Көзөмөлчүлүк кеңеши:
– Авиаинституттун кызыкчылыгын Кыргыз Республикасында жана анын чегинен тышкары көрсөтө алат;
– Авиаинститутту өнүктүрүү стратегиясын иштеп чыгууга жана билим берүүнүн сапатын жогорулатууга көмөк көрсөтөт;
– Авиаинститут иштеп тапкан бюджеттен тышкаркы каражаттардын чыгымдар сметасынын аткарылышын көзөмөлдөйт;
– жыл сайын, отчеттук жылдан кийинки биринчи кварталдын аягында Көзөмөлчүлүк кеңеши Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген булактардан алынган финансылык каражаттарды сарптоо маселеси боюнча коомдук угууларды уюштурат жана өткөрөт.
45. Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйыны ачык түрдө, кварталына бир жолудан кем эмес өткөрүлөт. Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйындарын өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү Көзөмөлчүлүк кеңешинин бир жылдык иш планында аныкталат.
46. Көзөмөлчүлүк кеңешинин жыйыны Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрүнүн үчтөн экисинен кем эмеси катышкан учурда укуктуу болот.
Чечимдер жыйынга катышкан мүчөлөрдүн көпчүлүгүнүн ачык добуш берүүсү менен кабыл алынат. “Макул” жана “каршы” добуштар тең болгон учурда, Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасынын добушу чечүүчү болуп саналат.
Көзөмөлчүлүк кеңешинин өзгөчө компетенцияларына төмөнкүлөр кирет:
– Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасын ачык добуш берүү менен бир жылдык мөөнөткө шайлоо;
– Авиаинституттун Көзөмөлчүлүк кеңешинин төрагасынын ыйгарым укуктарын токтотуу жөнүндө маселени кароо;
– Көзөмөлчүлүк кеңешинин ишинин негизги багыттарын аныктоо;
– Көзөмөлчүлүк кеңешинин иши жөнүндө отчетторду бекитүү.
47. Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөлөрү өз милдеттерин коомдук негизде акысыз аткарат.
48. Көзөмөлчүлүк кеңешинин мүчөсүнүн ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда төмөнкү учурларда токтотулушу мүмкүн:
– өз каалоосу боюнча иштен бошонуу жөнүндө арызы боюнча;
– милдеттерин аткарууга мүмкүнчүлүк бербеген оорудан улам;
– Көзөмөлчүлүк кеңешинин ишинин талаптары бузулган учурда;
– каза болгон же дайынсыз жок болгон учурда.
49. Авиаинститутта жогорку, жогорку окуу жайдан кийинки, кошумча, кесиптик орто жана жалпы орто билим берүүнүн кесиптик билим берүү программалары ишке ашырылышы мүмкүн.
50. Окуу жылынын башталышы жана аякташы Илимий кеңеш тарабынан бекитилген тийиштүү багыттар (тармактар, адистиктер) боюнча окуу процессинин графиги менен аныкталат. Авиаинституттун окутуу тили мамлекеттик жана расмий тил болуп саналат.
51. Авиаинститутта окуу сабактарынын төмөнкүдөй түрлөрү белгиленет: лекциялар, семинардык, практикалык жана лабораториялык сабактар, практиканын бардык түрлөрү, жеке жана топтук консультациялар, курстук иш (долбоор), бүтүрүүчү квалификациялык иш (долбоор). Аудиториялык сабактардын бардык түрлөрү үчүн узактыгы кырк мүнөттөн турган академиялык саат белгиленет.
52. Окуу жылы зачеттук экзамендик сессиялар же даярдоо программасына ылайык жыйынтыктоочу аттестациянын башка формалары менен аяктаган семестрлерге бөлүнөт.
53. Авиаинститутта студенттерди окутуу билим берүү ишине берилген лицензияга ылайык күндүзгү жана сырттан окуу формаларында, аралыктан окутуу технологияларын колдонуу менен жүргүзүлөт.
54. Билим берүүнүн гуманисттик мүнөзүнөн жана жалпы адамзаттык баалуулуктарга артыкчылык берүүдөн келип чыккан Авиаинституттун тарбиялык максаттары студенттер менен окутуучулардын биргелешкен окуу, илимий, маданий-агартуу жана коомдук иши менен жүзөгө ашырылат.
55. Студенттердин билими, шыгы жана жөндөмдөрү билими жөнүндө документтерде “эң жакшы”, “жакшы”, “канааттандырарлык”, “өттү” деген баалар менен аныкталат. Экзаменди же зачетту Илимий кеңеш белгилеген тартипте кайрадан тапшырууга жол берилет.
56. Окуу планынын бардык талаптарын аткарган студент жыйынтыктоочу аттестацияга киргизилет, анын жыйынтыгы менен тиешелүү билими жана квалификациясы тууралуу документти берүү жөнүндө маселе чечилет. Авиаинституттун Илимий кеңеши студенттерди мамлекеттик аттестациялоо менен катар, даярдоонун ар кандай деңгээлдеринде жогорку окуу жайдын ички аттестацияларынын түрлөрүн киргизе алат.
57. Авиаинститут бүтүрүүчүлөргө билими жөнүндө мамлекеттик үлгүдөгү тийиштүү документ берет.
58. Авиаинституттун студентине медициналык көрсөтмөлөр боюнча жана башка өзгөчө учурларда Кыргыз Республикасынын билим берүү чөйрөсүндөгү мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнө чакырууну кийинкиге калтыруу укугу менен академиялык өргүү берилет.
59. Авиаинститутта саясий партиялардын ишине, диний үгүттөөгө, ошондой эле гумандуу эмес же адам өмүрүнө жана ден соолугуна коркунуч келтирген окуу методдорун пайдаланууга жана жүргүзүүгө тыюу салынат.
кызматкерлеринин укуктары жана милдеттери
60. Авиаинституттун студенти болуп Авиаинституттун директорунун буйругу менен окууга кабыл алынган адам эсептелинет. Студентке белгиленген үлгүдөгү студенттик билет жана зачеттук китепче берилет.
61. Авиаинституттун студенттери жана угуучулары төмөнкүлөргө укуктуу:
– мамлекеттик билим берүү стандарттарынын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын деңгээлинде илимдин жана техниканын, маданияттын заманбап өнүгүүсүнө шайкеш келген билим алууга;
– Авиаинституттагы сабактардын бардык түрлөрүнө катышууга, жетекчилердин макулдашуусу боюнча башка жогорку окуу жайлардын сабактарына да катышууга;
– Авиаинституттун администрациясынын чечими боюнча жүйөлүү себептерге байланыштуу сабактарга эркин кирүү укугун пайдаланууга. Сабактарга эркин кирүү укугунун тартиби жана шарттары Авиаинституттун Илимий кеңеши жактырган жана Авиаинституттун директору бекиткен Авиаинституттун тийиштүү ички чечими менен жөнгө салынат;
– Авиаинституттун ишинин маанилүү маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
– окуу-тарбиялоо процесси менен каралган иш-чараларды жүргүзүүдө Авиаинституттун китепканасын, маалыматтык фондун, окуу, илимий жана башка бөлүмдөрүнүн кызматтарын акысыз пайдаланууга;
– илимий-изилдөө иштеринин бардык түрлөрүнө, конференцияларга, симпозиумдарга катышууга, өзүнүн иштерин жарыялоого, анын ичинде Авиаинституттун басылмаларында жарыялоого;
– ички тартиптин эрежелерин бузбаган чыгармачылыктын ар кандай түрлөрүн уюштурууга;
– Авиаинституттун жетекчилеринин буйруктарына жана тескемелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга;
– башка кесиптик билим берүү программасы боюнча окууга же башка жогорку окуу жайга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында аныкталган тартипте эркин өтүүгө;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарына чакырылуусунун мөөнөтүн кийинкиге калтырууга (окутуунун күндүзгү формасында);
– өзүнүн адамдык кадыр-баркын коргоого, өзүнүн жеке көз караштарын жана ынанымдарын эркин билдирүүгө, окуу жайынын администрациясынын чечимдерине мамлекеттик билим берүү органына жана администрациялык органдарга даттанууга;
– саясий жана диний максаттарды көздөбөгөн коомдук бирикмелерди (студенттик кеңеш, кесиптик бирлик ж.б.) түзүүгө;
– Авиаинституттун ишинин маанилүү маселелерин талкуулоого жана чечүүгө коомдук уюмдар жана Авиаинституттун башкаруу органдары аркылуу катышууга;
– белгиленген тартипке ылайык акы төлөнүүчү жатакананы пайдаланууга.
62. Авиаинституттун студенттери жана угуучулары төмөнкүлөргө милдеттүү:
– ушул Уставдын талаптарын аткарууга, Авиаинституттун ички тартибинин эрежелерин сактоого;
– тандап алган багыты жана адистиги боюнча мамлекеттик стандарттардын жана башка Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын талаптарынын деңгээлинде билим берүү программасын өздөштүрүүгө;
– тиешелүү окуу пландарында жана окуу программаларында каралган тапшырмалардын бардык түрлөрүн белгиленген мөөнөттөрдө аткарууга;
– жалпы маданиятын көтөрүүгө, адеп-ахлактык жана жеке өнүгүүгө умтулууга;
– кыргыз элинин жана башка элдердин маданиятын бекемдөөгө жана өз ара байышына багытталган маданий иш-чараларга активдүү катышууга;
– Авиаинституттун мүлкүнүн сакталышына аяр мамиле кылууга.
63. Окуудагы ийгиликтери жана илимий-изилдөө жана маданий агартуу ишине активдүү катышуусу үчүн студенттерге ар кандай формадагы моралдык жана материалдык сыйлыктар белгиленет:
– окуунун акысын төлөө боюнча жеңилдиктер;
– жеке жумушчу планга өткөрүү;
– окууну улантуу үчүн чет өлкөлүк жогорку окуу жайларына жиберүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган сыйлоонун башка түрлөрү.
64. Окуу пландарын аткарбагандыгы, ушул Уставда каралган милдеттерин жана ички тартиптин эрежелерин бузгандыгы үчүн студенттерге жана окуучуларга Авиаинституттан чыгарууга чейин барган тартиптик чаралар колдонулушу мүмкүн.
65. Авиаинституттун угуучулары болуп кошумча билим берүү кызматтарын алган адамдар саналат. Угуучулар кошумча билим берүү кызматынын программасына ылайык билим алууга, китепкана жана окуу имараттарын колдонууга укуктуу. Угуучулар студенттерге жана окуучуларга коюлуучу бардык талаптарды аткарууга жана Авиаинституттун ички тартип эрежелерин сактоого милдеттүү.
66. Авиаинститутта профессордук-окутуучулук, инженердик- техникалык, администрациялык-чарбалык, өндүрүштүк, окуу-көмөкчү жана башка персоналдык кызмат орундары каралат.
67. Авиаинституттун инженердик-техникалык, администрациялык-чарбалык, өндүрүштүк, окуу-көмөкчү, тейлөөчү жана башка персоналдардын кызмат орундары келишимдик (контракттык) негизде ээленет.
68. Авиаинституттун окутуучуларын жана башка кызматкерлерин кабыл алуу жана бошотуу Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык жана эмгек келишиминде (контрактта) каралган шарттарда жүргүзүлөт. Штаттагы окутуучулар менен контракт беш жылга чейинки мөөнөткө, айкалыштырып иштеген окутуучулар менен контракт өндүрүштүк зарылчылыкка ылайык бир жылга чейинки мөөнөткө түзүлүшү мүмкүн.
69. Авиаинституттун окутуучулары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык ченемделген алты сааттык жумуш күнү,
36 сааттык жумуш аптасы жана акы төлөнүүчү өргүү укугун пайдаланат.
70. Авиаинституттун профессордук-окутуучулук курамы төмөнкүлөргө укуктуу:
– педагогикалык ишти уюштуруунун каражаттарын жана методдорун эркин тандоого (окуу планынын жана программаларынын алкагында);
– Авиаинституттун ичинде жана башка жогорку окуу жайларда жана илимий мекемелерде Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында шартталган кызмат орундарды айкалыштыруу шарттарында негизги кызмат орду менен бир убакта кошумча милдеттерди аткарууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык акы төлөнүүчү өргүүгө чыгууга;
– квалификациясын жогорулатуу, окуу китептерин жана окуу куралдарын жазуу үчүн чыгармачылык өргүү алууга. Чыгармачылык өргүүнүн узактыгы жана мезгилдүүлүгү өргүүнүн максатына жана финансылык камсыз кылуу мүмкүнчүлүктөрүнө жараша Илимий кеңеш тарабынан же контракттын шарттары менен аныкталат;
– өзүнүн кесиптик ишин тиешелүү материалдык-техникалык жактан камсыз кылууга;
– Авиаинституттун окуу, илимий жана башка иштерине тиешелүү маселелерин талкуулоого катышууга;
– Авиаинституттун жетекчисинин буйруктарына жана тескемелерине мыйзамдарда белгиленген тартипте даттанууга.
Окутуучулар бир эле мезгилде негизги кызмат орду менен кызматтарды айкалыштыруу шартында кошумча милдеттерди аткарышы мүмкүн: кафедра башчысынын, декандын (анын орун басарынын), практика бөлүмүнүн, методикалык бөлүмдүн башчысынын ж.б.
71. Авиаинституттун кызматкерлери төмөнкүлөргө укуктуу:

– өзүнүн кесиптик ишин тиешелүү уюштуруу жана материалдык- техникалык жактан камсыз кылууга;
– жогорку окуу жайынын администрациялык-өндүрүштүк жана башка иштеринин маселелерин талкуулоого жана чечүүгө катышууга;
– Уставда белгиленген тартипте имараттарды жана маалыматтык фонддорду, лабораториялардын кызмат көрсөтүүлөрүн, кабинеттерди, китепканаларды, компьютердик класстарды, окуу жана илимий мекемелерди, социалдык-тиричилик, маданий жана башка бөлүмдөрдү пайдаланууга;
– администрациянын буйруктарына жана тескемелерине Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте даттанууга.
72. Авиаинституттун окутуучулук, илимий жана окуу-көмөкчү персоналы төмөнкүлөргө милдеттүү:
– студенттердин жана угуучулардын билим берүү программаларын талаптарда белгиленген деңгээлде өздөштүрүүсүн камсыз кылууга;
– студенттердин жана угуучулардын өз алдынча ой жүгүртүүсүн, чыгармачыл жөндөмдөрүн өнүктүрүүгө, аларга жогорку адеп-ахлак сапаттарын үйрөтүүгө;
– кесиптик билим деңгээлин жана квалификациясын дайыма жогорулатууга, Авиаинституттун Уставын жана ички тартип эрежелерин сактоого.
73. Администрациялык-чарбалык персоналдын укуктары жана милдеттери Авиаинституттун директору тарабынан бекитилген кызматтык нускамалар, Авиаинституттун ички тартип эрежелери менен аныкталат.
74. Авиаинститутта жогорку кесиптик билими бар жогорку сапаттагы адистерди даярдоонун негизи болуп саналган фундаменталдык жана колдонмо илимий изилдөөлөр милдеттүү түрдө өткөрүлөт.
75. Фундаменталдык, издөө, колдонмо жана илимий- методикалык изилдөөлөр адистерди даярдоонун негизги курамдык бөлүгү болуп саналат. Илимий-изилдөө иштери чарбалык келишимдик жана мамлекеттик бюджеттик тематикалардын алкагында транспорттук, табигый-илимий, гуманитардык, экономикалык, технологиялык жана башка илимий багыттар боюнча жүргүзүлөт.
76. Авиаинститутта илимий-изилдөө иштерин уюштуруу кафедралар жана аспирантура бөлүмү тарабынан камсыз кылынат. Илимий-изилдөө ишин координациялоо жана уюштуруу ушул Уставга ылайык илим жана тышкы байланыштар боюнча директордун орун басарынын жетекчилиги астында жүзөгө ашырылат.
Аспирантура бөлүмү илимий-педагогикалык кадрларды (аспиранттарды) даярдоо башкармалыгынын курамында Авиаинституттун түзүмдүк бөлүмү болуп саналат жана Авиаинституттун Илимий кеңеши жактырган жана Авиаинституттун директору бекиткен Бөлүм жөнүндө жобого ылайык иш алып барат. Илимий бөлүмдөрдүн түзүмү жана штаттары аткарылуучу иштердин көлөмүнө жана мазмунуна, бюджеттик жана өздүк каражаттардын болушуна жараша Авиаинституттун директору тарабынан белгиленет.
77. Профессордук-окутуучулук курам окуу процессинде илимий изилдөөлөрдүн натыйжаларын активдүү колдонуу, илимий-изилдөө иштерин аткарууга студенттерди кеңири тартуу, кадрларды даярдоонун жаңы багыттарын калыптандыруу аркылуу адистерди даярдоонун сапатын жогорулатууга катышат. Студенттер, аспиранттар жана докторанттар демилгелүү, мамлекеттик бюджеттик жана чарбалык келишимдик илимий-изилдөө ишин аткарууга, олимпиадаларга, конференцияларга, көргөзмөлөргө, конкурстарга, рационализатордук жана ойлоп табуу ишине, илимий-өндүрүштүк бөлүмдөрдүн иштерине жана илимий иштердин башка түрлөрүнө катышат.
78. Авиаинститутта илимий изилдөөлөр төмөнкүлөрдүн эсебинен каржыланат:
– фундаменталдык, издөө боюнча изилдөөлөрдү аткарууга каралган бюджеттик каржылоонун;
– чарбалык келишимдерди аткаруудан түшкөн каражаттардын;
– мамлекеттик заказды аткаруунун алкагындагы каражаттардын;
– илимий продукцияларды сатуунун;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка булактардын.
79. Авиаинститутка уставдык билим берүү ишин камсыз кылуу максатында менчик укугунда объекттер бекитилип берилет (жер, имараттар, курулмалар, мүлк комплекстери, жабдуулар, ошондой эле башка керектөөчү, социалдык, маданий жана башка багыттагы зарыл мүлк).
80. Авиаинститутка бекитилип берилген менчик объекттери анын оперативдүү башкаруусунда турат. Бюджеттик каражаттардын эсебинен жаңыдан сатып алынган мүлк оперативдүү башкарууга берилген мүлктүн курамына киргизилет. Авиаинститут ишенип берилген мүлктүн сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы үчүн жоопкерчилик тартат.
81. Авиаинститутка жеке жана юридикалык жактар тарабынан тартуу, кайрымдуулук формасында же керээз түрүндө өткөрүп берилген акча каражаттарына, мүлккө жана менчиктин башка объекттерине, ишинин натыйжасы болуп саналган интеллектуалдык жана чыгармачыл эмгектин продукттарына, ошондой эле Авиаинституттун жекече жүргүзгөн ишинен түшкөн кирешеге жана ал кирешеге сатып алынган менчик объекттерине менчик укугу таандык.
82. Авиаинститутка белгиленген тартипте бөлүнгөн жер тилкелери мөөнөтсүз акысыз пайдалануу үчүн бекитилет.
Авиаинститут өзгөчө статусуна ылайык атайын каражаттардын эсебинен алынган кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү өз алдынча башкарат (ээликтен ажыратат, алмаштырат, ижарага берет), ошондой эле кыймылдуу жана кыймылсыз мүлктү ижарага берүүдөн түшкөн каражаттарды Көзөмөлчүлүк кеңеши менен макулдашуу боюнча башкарат.
83. Авиаинститут Көзөмөлчүлүк кеңешинин макулдугу менен, эгер бул негизги ишине зыян келтирбестен жүзөгө ашырылса, анын оперативдүү башкаруусуна берилген бардык мүлктү өз алдынча, анын ичинде чарбалык ишин жүргүзүү, сатып алуу укугусуз убактылуу ижарага берүү үчүн пайдаланат.
84. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык мекемелердин, ишканалардын жана менчиктин бардык формасындагы коомдук уюмдардын катышуусу менен ассоциацияларды, комплекстерди, бирликтерди жана башка бирикмелерди түзүүгө укуктуу.
85. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык жаратылыш ресурстарын сарамжалдуу пайдалануу жана коргоо боюнча талаптардын жана ченемдердин аткарылышы үчүн жоопкерчилик тартат, ошондой эле өзүнүн ишинин натыйжасында келип чыккан зыяндын ордун толтурат.
86. Авиаинституттун каржылоо булактары болуп төмөнкүлөр саналат:
– өзгөчө статусуна ылайык билим берүү, консультациялык, илимий-изилдөө, басма, өндүрүштүк-коммерциялык жана мыйзамдарда тыюу салынбаган башка иштен каражат түрүндө алынган кирешелер;
– ишканалар, уюмдар, коомдук фонддор, юридикалык жана жеке жактар кайтарымсыз берген каражаттар, ыктыярдуу салымдар, кайрымдуулук жардамы, атайын фонддор жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына каршы келбеген башка булактардан алынган каражаттар.
87. Авиаинститутка келип түшкөн бардык каражаттар анын кирешеси болуп эсептелет жана материалдык, техникалык жана окуу- методикалык базасын өнүктүрүүгө, ошондой эле окуу процессин жана илимий изилдөөлөрдү камсыздоого инвестицияланат.
88. Авиаинститут келишимдердин негизинде ишканаларга, мекемелерге, уюмдарга жана жарандарга билим берүү кызматын көрсөтөт.
89. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте кайрымдуулук иш-чараларын, аукциондорду жана башка ушул сыяктуу иштерди жүргүзө алат.
90. Авиаинститут келишимдерди түзүү, милдеттенмелерди жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана Авиаинституттун Уставына каршы келбеген башка шарттарды аныктоого байланыштуу маселелерди өз алдынча чечет.
91. Окуу акысынын өлчөмү ар бир окуу жылына мыйзамда белгиленген тартипте Авиаинституттун директору тарабынан бекитилген чыгымдар сметасы менен аныкталат. Окуунун сметалык наркы окуу, тарбиялоо жана илимий процесстердин өткөрүлүшүнө жана маалыматтык камсыз кылынышына, окуу жайынын учурдагы каралышына, эмгек акы төлөө каражаттарын түзүүгө, материалдык- техникалык базасын өнүктүрүүгө жана кызматкерлерди материалдык өбөлгөлөөгө, студенттерге социалдык колдоо көрсөтүүгө сарпталган чыгымдарды камтууга тийиш. Авиаинститут окууга тапшырып жаткандарды окуунун наркын төлөө тартиби (окуу үчүн акы төлөөнүн өлчөмү, аны төгүүнүн тартиби жана мөөнөтү, төлөө мөөнөттөрүн жана өлчөмдөрүн бузгандыгы үчүн өз ара жоопкерчилик) менен тааныштырууга жана аны окуучулар (заказчылар) менен түзүлгөн келишимдерде чагылдырууга милдеттүү.
92. Эмгек акынын өлчөмдөрү жана формалары, материалдык өбөлгөлөө жана материалдык жардамдар кызматкерлердин бардык категориялары үчүн мыйзамдарда белгиленген тартипте, болгон каражаттардын чегинде белгиленет.
93. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана Уставда белгиленген тартипте каражаттарын, анын ичинде тышкы экономикалык ишинен келип түшкөн валюталык каражаттарын өз алдынча тескейт. Авиаинституттун финансылык жана материалдык каражаттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында башка абал каралбаса, алынууга тийиш эмес.
94. Авиаинститут Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте жогорку жана жогорку окуу жайдан кийинки билим берүү жаатында эл аралык кызматташтыкка катыша алат, чет өлкөлүк жана эл аралык мекемелер, ишканалар жана уюмдар менен түз байланыштарды түзө алат, мамлекеттер аралык жана эл аралык билим берүү, илимий жана илим-изилдөө программаларын жүзөгө ашыра алат, атап айтканда:
– эл аралык коомдук (өкмөттүк эмес) билим берүү бирикмелерине жана уюмдарына кирүү;
– чет өлкөлүк өнөктөштөр менен биргелешкен кызматташтык тууралуу келишимдерди түзүү.
95. Авиаинститутта чет өлкөлүк жарандарды даярдоо, кайра даярдоо жана квалификациясын жогорулатуу Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан белгиленген квоталардан тышкары, мамлекеттер аралык тиешелүү макулдашуулар боюнча Авиаинституттун чет өлкөлүк жарандар жана чет өлкөлүк юридикалык жактар менен түзгөн түздөн-түз келишимдери аркылуу жүзөгө ашырылат.
96. Авиаинститут өз ишинин натыйжаларынын оперативдүү жана бухгалтердик эсебин жүзөгө ашырат, статистикалык жана бухгалтердик отчеттуулукту белгиленген форма боюнча жүргүзөт, Кыргыз Республикасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарына Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө бухгалтердик, статистикалык жана отчеттуулуктун башка түрлөрүн берет.
97. Авиаинституттун жана анын түзүмдүк бөлүмдөрүнүн бухгалтердик балансы жана финансылык иши жөнүндө отчету директор тарабынан бекитилет жана Кыргыз Республикасынын тиешелүү мамлекеттик органдарына берилет.
98. Бухгалтердик эсептин башкы милдеттери болуп төмөнкүлөр саналат:
– Авиаинститутту оперативдүү жетектөө жана башкаруу үчүн зарыл болгон чарбалык процесстер жана иштин жыйынтыгы жөнүндө толук жана так маалыматтарды түзүү;
– мүлктүн болушун жана кыймылын, материалдык, эмгек жана финансы ресурстарынын ченемдерге, нормативдерге жана сметаларга ылайык пайдаланылышын контролдоону камсыз кылуу;
– финансы-чарбалык ишиндеги терс көрүнүштөрдү өз убагында алдын алуу, ички чарбалык ресурстарды табуу жана мобилизациялоо.
99. Кызмат адамдары өздөрүнө бекитилип берилген менчиктин сакталышы жана натыйжалуу пайдаланылышы, мамлекеттик отчеттуулуктун бурмаланышы үчүн Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартиптик, материалдык жана кылмыш жоопкерчилигине тартылат.
100. Авиаинститутту жоюу жана кайра уюштуруу Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган тартипте жүзөгө ашырылат.
101. Кайра уюштурууда Авиаинституттун бардык мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктары жаңыдан түзүлүп жаткан юридикалык жакка (укук мураскерине) Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында каралган тартипте өтөт.
102. Авиаинститут ишин токтоткондо өздүк курамы боюнча документтердин эсебин жана сакталышын камсыз кылат, аларды “Кыргыз Республикасынын улуттук архив фонду жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык өз убагында сактоого өткөрүп берет.

(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 7-июлундагы № 461 токтомунун редакциясына ылайык)

- коррупциянын алдын алуунун ички системасын түзүү, кол алдындагы кызматкерлер тарабынан мыйзамдардын талаптарынын жана кызматтык тартиптин сакталышын үзгүлтүксүз контролдоону камсыз кылуу аркылуу кол алдындагы кызматкерлердин аракети (аракетсиздиги) үчүн, ошондой эле аракетсиздиктин же зарыл чараларды көрбөөнүн натыйжасында мүмкүн болгон башка коррупциялык көрүнүштөр үчүн жеке жоопкерчилик тартат.