Редакцияот 07.02.2026
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

 

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ

 

2026-жылдын 7-февралы № 69

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер

Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу

 

Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фондунун ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:

1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 5-ноябрындагы № 666 "Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду" ачык акционердик коомун түзүү жана иштетүү маселелери жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:

- 7, 8-пункттар күчүн жоготту деп таанылсын.

2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы

 

А.Касымалиев