Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы № 9
Кара-Буура автостанциясын (Айтматов автобекетин) муниципалдык менчикке алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик мүлктү башкаруу боюнча мамлекеттик агенттигинин 2024-жылдын 12-декабрындагы №10/5832 сандуу Кара-Буура автостанциясын (Айтматов автобекетин) муниципалдык менчикке алуу боюнча кайрылуу катын жана “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2024-жылдын 16-декабрындагы корутундусун карап жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Талас облусунун Айтматов районунун Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл-Адыр айылында жайгашкан “Кара-Буура автостанциясын” (Айтматов автобекетин) Кара-Буура айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын юстиция Министрлигине жиберилип, ченемдик укуктук актыларынын реестрине киргизүү жагы айылдык кеңештин жооптуу катчысы Абдрашит кызы Зейнепке милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |