Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы № 10
“Халича” коомдук кайрымдуулук фондуна жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
“Халича” коомдук кайрымдуулук фондунун 2025-жылдын 14-январындагы кайрылуусу жана Кара-Буура айылдык кеңешинин “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 7-февралындагы корутундусу сессияда каралып, талкууланып, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагындагы аз камсыз үй бүлөлөргө, томолой жетимдерге, жетим- жесирлерге (калктын аярлуу катмарына) социалдык шаарча куруу үчүн, Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл-Адыр айылынын №317, 318, 319, 320 жана 343 чөйрө сызыктарынан “Халича” коомдук кайрымдуулук фондуна 10,0 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлөт.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |