Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 21-февралы № 11
Жер тилкелерин трансформациялоого жана карьер уюштурууга макулдук берүү жөнүндө
Кара-Буура айылдык кеңешинин “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын” 2025-жылдын 7-февралындагы корутундусу сессияда каралып, талкууланып, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясынын чечимине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагында жайгашкан,
– Кызыл-Адыр айылынын таштанды таштоочу полигонун кеңейтүүгө №42 чөйрө сызыгынан 1,0 га жер тилкеси,
– Бакыян айылынын таштанды таштоочу полигонуна №282 чөйрө сызыгынан 1,0 га жер тилкеси жана “Беккари” чуңкуруна 0,06 га жер тилкеси,
– Бейшеке айылынын таштанды таштоочу полигонуна №1645, 1646 чөйрө сызыгынан 2,80га, “Беккари” чуңкуруна №1544 чөйрө сызыгынан 0,10га жер тилкелери “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” жер түрүнөн “өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Үч-Булак айылынан №247 чөйрө сызыгынан 1,0га жана №263, 264 чөйрө сызыгынан 1,0 га болуп жалпы аянты 2,0 га жер тилкесине жана Бейшеке айылынын №1643 чөйрө сызыгынан 0,05 га, №1644 чөйрө сызыгынан 0,45 га болуп жалпы аянты 0,50 га жер тилкесине кум-шагал, топурак алуучу карьер уюштурууга макулдук берилсин.
3. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлөт.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына” жүктөлөт.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |