Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 15
Айыл аймактагы ичүүчү таза суунун тарифин бекитүү жөнүндө
2021-жылдын 20-октябрындагы № 123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык, Үч-Булак айылынын элинин жалпы чогулушунун протоколунун чечимин жана Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловдун сунушун карап жана талкуулап Кара-Буура айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын айылдарындагы (Үч-Булак айылынан сырткары) ичүүчү таза сууга кошулуу үчүн бир жолку төлөм 7000 (жети миң) сом жана ай сайын жан башына төлөнүүчү төлөм 20 (жыйырма) сом болуп бекитилсин.
2. Үч-Булак айылынын ичүүчү таза суусуна кошулуу үчүн бир жолку төлөм 7000 (жети миң) сом жана ай сайын ичүүчү таза суу үчүн төлөм кожолуктун (түтүн) башына 200 (эки жүз) сом болуп бекитилсин.
3. Кабыл алынган токтом Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, Кыргыз Республикасынын юстиция органдарында мамлекеттик каттоодон өткөрүлсүн.
4. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлөт.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Регламент, мыйзамдуулук, курулуш, транспорт, экология, этика жана мандат боюнча” туруктуу комиссиясына жүктөлөт.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |