Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 2
Жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
Айтматов райондук мамлекеттик администрациясынын башчысынын орун басары Ш.Тургуновдун 2025-жылдын 20-февралындагы кайрылуусунун негизинде өткөрүлгөн “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-февралындагы отурумунун кортундусун карап жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын Үч-Булак айылынан № 7 чөйрө сызыгынан 0.20 га, № 8 чөйрө сызыгынан 2.80 га болуп, жалпы аянты 3,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” жер түрүнөн “өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |