Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 3
Жер тилкесин трансформациялоо жөнүндө
“Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 27-февралындагы отурумунун корутундусун карап жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын Кызыл-Адыр айылынан №117 чөйрө сызыгынан жалпы аянты 3,0 га жер тилкесин “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынын “жайыт” жер түрүнөн “өнөр жай, транспорт, байланыш, коргоо жана башка багыттагы жерлер” түрүнө которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |