Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 18-февралы № 115
Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө
2014-жылдын 29-майындагы Евразия экономикалык бирлиги жөнүндө келишимдин 47-беренесине, «Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө» Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынан Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары (бажы транзитинин бажы жол-жобосун жана Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан көрсөтүлүүчү гуманитардык жардамды кошпогондо) минералдык жер семирткичтерди ташып чыгууга (экспорттоого) ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып беш күн өткөндөн кийин киргизилүүчү алты айлык мөөнөткө убактылуу тыюу салуу тиркелген тизмекке ылайык белгиленсин.
2..Ушул токтомдун 1-пункту экспорттоого тийиш болгон, мурда үчүнчү өлкөлөрдөн импорттолгон жана сапатка карата белгиленген талаптарга ылайык келбегендиги аныкталган минералдык жер семирткичтерге колдонулбайт.
3. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Дүйнөлүк соода уюмуна жана Евразия экономикалык комиссиясына ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
4. Кыргыз Республикасынын Тышкы иштер министрлиги ушул токтом күчүнө кирген датадан тартып үч күндөн кечиктирбестен Көз карандысыз Мамлекеттер Шериктештигинин Аткаруу комитетине ушул токтомдун 1-пунктунда көрсөтүлгөн убактылуу тыюу салуу киргизилгендиги жөнүндө белгиленген тартипте кабарласын.
5. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик бажы кызматы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек ара кызматы ушул токтомдун тиркемесинде көрсөтүлгөн минералдык жер семирткичтердин айрым түрлөрүн мыйзамсыз ташып чыгууга (экспорттоого) бөгөт коюуга багытталган зарыл чараларды көрсүн.
6. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 3-мартындагы № 107 «Кыргыз Республикасынан минералдык жер семирткичтерди Евразия экономикалык бирлигинин бажы аймагынын чегинен тышкары ташып чыгууга (экспорттоого) убактылуу тыюу салууну киргизүү жөнүндө» токтому күчүн жоготту деп таанылсын.
7. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
8. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып он беш күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
«Эркин-Тоо» мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 23-февралындагы № 13 (3773) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
Минералдык жер семирткичтердин
ТИЗМЕГИ
ТЭИ ТН коду | Позициялардын аталышы |
3101 00 000 0 | Жаныбарлардан же өсүмдүктөрдөн алынган, аралашкан же аралашпаган, химиялык жол менен иштетилген же иштетилбеген жер семирткичтер; өсүмдүктөрдөн же жаныбарлардан алынган продукттарды аралаштыруу же химиялык иштетүү жолу менен алынган жер семирткичтер |
3102 | Минералдык же химиялык, азоттук жер семирткичтер: |
3102 10 | мочевина, анын ичинде суу эритмесинде: |
3102 10 100 0 | кургак, суусуз продуктка кайра эсептегенде 45 мас. %дан ашык азот камтылган мочевина |
3102 10 900 0 | башка |
| аммоний сульфаты; кош туздар жана аммоний сульфаты менен аммоний нитратынын аралашмалары |
3102 21 000 0 | аммоний сульфаты |
3102 29 000 0 | башкалар |
3102 30 | аммоний нитраты, анын ичинде суу эритмесинде: |
3102 30 100 0 | суу эритмесинде |
3102 30 900 0 | башкалар |
3102 40 | аммоний нитратынын кальций карбонаты же жер семирткичтер болуп саналбаган башка органикалык эмес заттар менен аралашмалары: |
3102 40 100 0 | 28 мас. %дан ашпаган азот камтылган |
3102 40 900 0 | 28 мас. %дан ашык азот камтылган |
3102 50 000 0 | натрий нитраты |
3102 60 000 0 | кош туздар жана кальций нитраты менен аммоний нитратынын аралашмалары |
3102 80 000 0 | мочевинанын жана аммоний нитратынын суу же аммиак эритмесиндеги аралашмалары |
3102 90 000 0 | башкалар, анын ичинде мурдагы субпозицияларда аталбаган аралашмалар |
3103 | Минералдык же химиялык, фосфордук жер семирткичтер: |
| суперфосфаттар: |
3103 11 000 0 | 35 мас. % жана андан ашык дифосфор пентаоксиди (Р2О5) камтылган |
3103 19 000 0 | башкалар |
3103 90 000 0 | башкалар |
3104 | Минералдык же химиялык, калийдик жер семирткичтер: |
3104 20 | калий хлориди: |
3104 20 100 0 | кургак, суусуз продуктка кайра эсептегенде К2Ого кайра эсептегенде 40 мас. %дан ашпаган калий камтылган |
3104 20 500 0 | кургак, суусуз продуктка кайра эсептегенде К2Ого кайра эсептегенде 40 мас. %дан ашык, бирок 62 мас. %дан ашпаган калий камтылган |
3104 20 900 0 | кургак, суусуз продуктка кайра эсептегенде К2О кайра эсептегенде 62 мас %дан ашпаган калий камтылган |
3104 30 000 0 | калий сульфаты |
3104 90 000 | башкалар: |
3104 90 000 1 | карналлит |
3104 90 000 9 | башкалар |
3105 | Эки же үч азыктандыруучу элемент: азот, фосфор жана калий камтылган минералдык же химиялык жер семирткичтер: башка жер семирткичтер; таблеткалардагы же ушундай формалардагы же таңгактардагы, брутто-массасы 10 кг ашпаган ушул топтогу товарлар: |
3105 10 000 0 | таблеткалардагы же ушундай формалардагы же таңгактардагы, брутто-массасы 10 кг ашпаган ушул топтогу товарлар |
3105 20 | үч азыктандыруучу элемент: азот, фосфор жана калий камтылган минералдык же химиялык жер семирткичтер: |
3105 20 100 0 | кургак, суусуз продуктка кайра эсептегенде 10 мас. %дан ашык азот камтылган |
3105 20 900 0 | башкалар |
3105 30 000 | диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) |
3105 30 000 1 | диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) тазалыгы 99 мас. %дан кем эмес болгон, Р2О5 кайра эсептегенде 52 мас. %дан кем эмес, бирок 54 мас. %дан ашык эмес фосфор жана 20 мас. %дан кем эмес, бирок 22 мас. % ашык эмес азот камтылган, кеминде 95%ы 1 мм ашпаган өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдүн массалык үлүшү менен |
3105 30 000 9 | башкалар |
3105 40 000 | аммоний дисуутек фосфаты (моноаммоний фосфаты) жана анын диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) менен аралашмалары: |
3105 40 000 1 | аммоний дисуутек фосфаты (моноаммоний фосфаты) тазалыгы 99 мас. %дан кем эмес болгон жана аммоний дисуутек фосфаты (моноаммоний фосфаты) камтылган, диаммоний суутек фосфаты (диаммоний фосфаты) менен 99 мас. %дан кем эмес аралашмалары, Р2О5 кайра эсептегенде 60 мас. % кем эмес, бирок 62 мас. %дан ашык эмес фосфор жана 11 мас. %дан кем эмес, бирок 13 мас. %дан ашык эмес азот камтылган, кеминде 95%ы 1 мм ашпаган өлчөмдөгү бөлүкчөлөрдүн массалык үлүшү менен |
3105 40 000 9 | башкалар |
| эки азыктандыруучу элемент: азот жана фосфор камтылган минералдык же башка химиялык жер семирткичтер: |
3105 51 000 0 | нитраттар жана фосфаттар камтылган |
3105 59 000 0 | башкалар |
3105 60 000 0 | эки азыктандыруучу элемент: фосфор жана калий камтылган минералдык же башка химиялык жер семирткичтер: |
3105 90 | башкалар: |
3105 90 200 0 | кургак, суусуз продуктка кайра эсептегенде 10 мас. %дан ашпаган азот камтылган |
3105 90 800 0 | башкалар |
Эскертүү:
1) ТЭИ ТН кодун, ошондой эле минералдык жер семирткичтердин аталыштарын жетекчиликке алуу зарыл;
2) Кыргыз Республикасынын аймагында өндүрүлгөн органикалык, биоорганикалык жана органоминералдык жер семирткичтердин экспорттоого төмөнкүлөрдүн негизинде уруксат берилет:
- ташылып чыгуучу жер семирткичтин ар бир партиясына карата Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан берилүүчү экспорттоонун максатка ылайыктуулугу жөнүндө жана бул жер семирткичтердин номенклатурасы, саны, наркы, ошондой эле ташып чыгуучу уюмдар жөнүндө маалымат камтылган корутундунун;
- жер семирткичтердин Кыргыз Республикасында өндүрүлгөндүгү жөнүндө сертификаттын.