МыйзамКүчүндө

Кыргыз Республикасынын 2026-жылдын 9-февралындагы № 12 «2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлгам Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы «Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)» долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө» Мыйзамы

Редакция09.02.2026 редакциясы
Жүктөө .docx
Бул документ орус тилинде да барОрусча
Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик герби

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ

 

2026-жылдын 9-февралы № 12

 

2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлгам Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашууну ратификациялоо жөнүндө

 

1-берене.

2025-жылдын 9-октябрында Бишкек шаарында кол коюлган Кыргыз Республикасы менен Сауд өнүктүрүү фондунун ортосундагы "Мамлекеттик мектептерди куруу (II фаза)" долбоору боюнча кредиттик макулдашуу ратификациялансын.

2-берене.

Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогоруда аталган Кредиттик макулдашуунун күчүнө кириши үчүн зарыл болгон мамлекеттик ички жол-жоболор Кыргыз Республикасы тарабынан аткарылгандыгы жөнүндө Сауд өнүктүрүү фондуна белгиленген тартипте кабарласын.

3-берене.

Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.

 

Кыргыз Республикасынын Президенти

 

С.Жапаров

 

 

 

2026-жылдын 29-январында

 

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган