Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 2-февралы № 53
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасынын мамлекеттик чек арасынын кыргыз-казак участогундагы өткөрүү пункттарына жакын жайгашкан товарларды эсепке алуу пунктунда жана өткөрүү пункттарында жарандардын жана кызматкерлердин коопсуздугун камсыз кылуу, коррупциялык тобокелдиктердин алдын алуу, ачык-айкындуулукту жана контролду жогорулатуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2022-жылдын 14-апрелиндеги № 221 "Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу боюнча чаралар жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасына ташып киргизүүдө (импорттоодо) Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында товарларды эсепке алууну камсыз кылуу тартибинде:
1) 32-пункт төмөнкүдөй мазмундагы абзац менен толукталсын:
"Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын кайтаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын кызмат адамдары транспорт каражаттарын кароо (текшерип кароо) боюнча кызматтык милдеттерин аткарууда денеге тагылуучу камераларды колдонуу менен фотого жана видеого тартууну жүргүзөт.";
2) төмөнкүдөй мазмундагы 35-1 - 35-6-пункттар менен толукталсын:
"35-1. Кыргыз Республикасына товарларды автомобиль транспорту менен ташып киргизүүдө тобокелдик белгилери болгон учурда товарларды Кыргыз Республикасынын аймагы боюнча андан ары өткөрүү (ташуу) салык кызматынын органынын кызмат адамдары жана/же пломбалоо оператору тарабынан жүк салынуучу жайлардын (бөлүктөрдүн) бекитүүчү түзүлүштөрүнө, идиштерге, контейнерлерге жана автотранспорт каражаттарынын товарлар жайгашкан башка жерлерине навигациялык (электрондук) пломбалар салынган шартта жүзөгө ашырылат.
Субъекттерге жана/же товарларга карата тобокелдик белгилеринин критерийлерин ыйгарым укуктуу салык органы аныктайт.
35-2. Салынган навигациялык (электрондук) пломбаны товарлар жеткирилген жерде автотранспорт каражатынан алуу пломбалоо операторунун кызматкери жана/же салык кызматынын органынын кызмат адамы тарабынан ташуучунун/импорттоочунун катышуусунда жүргүзүлөт.
35-3. Ташууну көзөмөлдөө убагында навигациялык (электрондук) пломбанын бүтүндүгү бузулгандыгы же уруксатсыз ачылгандыгы аныкталган учурда салык кызматынын органынын кызмат адамдары ташуучуга/импорттоочуга карата Кыргыз Республикасынын укук бузуулар жөнүндө мыйзамдарында каралган чараларды көрөт.
35-4. Навигациялык (электрондук) пломбаны салууда/алууда ташуучу/импорттоочу менен салык кызматынын органынын ыйгарым укуктуу кызмат адамынын/пломбалоо операторунун ортосунда ыйгарым укуктуу салык органы жана пломбалоо оператору бекиткен форма боюнча навигациялык (электрондук) пломбаны кабыл алуу-өткөрүп берүү актысы таризделет.
35-5. Навигациялык (электрондук) пломба алынгандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен тартипке ылайык товардык-материалдык баалуулуктардын калдыктарын алып салуу жүргүзүлөт.
35-6. Навигациялык (электрондук) пломбаларды салуу/алуу жана автотранспорт каражаты менен ташууларды кийин көзөмөлдөө боюнча пломбалоо операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнө акы төлөө пломбалоо операторунун кызмат көрсөтүүлөрүнүн жана жумуштарынын прейскурантына ылайык ташуучулардын/импорттоочулардын эсебинен жүргүзүлөт.
Бир автотранспорт каражатына (транспорт каражаттарынын курамы (чиркегичи (чиркергичтери) жана жарым чиркегичи (жарым чиркегичтери) менен сүйрөгүч) эки же андан көп навигациялык (электрондук) пломба салынган учурда төлөм ар бир навигациялык (электрондук) пломбага алынат.";
3) 38-пункттун 7-пунктчасы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын.
"7) денеге тагылуучу камераларды колдонуу менен фотого жана видеого тартуу жолу менен жүктү товарларды коштоочу документтердеги маалыматтарга шайкештиги боюнча кароону жүргүзөт жана кароонун бүткүл процессине, анын ичинде кароо башталган жана аяктаган убакытка, каралууга тийиш болгон автотранспорт каражатына (каттоочу номердик белгилерин, маркасын көрсөтүү менен), кароону жүргүзүүчү адамдын аты-жөнү, кызмат орду жана кароого катышкан адамдар жөнүндө түшүндүрөт.
Жүктү кароону жүргүзүүдө жүк ЕАЭБге мүчө мамлекеттин ишкердик субъекти тарабынан пломбаланса, салык органынын кызмат адамы ташуучудан кароо үчүн пломбаны алууну талап кылууга милдеттүү;
Пломба алынган учурда кызмат адамы эки нускада пломбаны алуу актысын түзөт, алардын бирин транспорт каражатынын кузовун, контейнерди же башка жүк мейкиндигин ачууга катышкан импорттоочуга же анын өкүлүнө берет.
Жүргүзүлгөн кароонун жыйынтыгы боюнча кызмат адамы эки нускада кароо жүргүзүү жөнүндө актыны түзөт, алардын бирин импорттоочуга же анын өкүлүнө берет.
Денеге тагылуучу камераларды колдонуу тартиби, ошондой эле видеожазууларды сактоого жана иштетүүгө карата талаптар товарларды эсепке алуу пунктунун ишине тартылган мамлекеттик органдардын ведомстволук буйруктары менен белгиленет;".
2. "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коому Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында пломбалоо оператору катары Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү (импорттолуучу) товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу боюнча жооптуу болуп аныкталсын.
3. "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коомуна төмөнкүлөр сунушталсын:
1) 30 жумуш күндүн ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү (импорттолуучу) товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу менен ташууларды көзөмөлдөөнү этабы менен киргизүү үчүн даярдык иш-чараларын жүргүзүү;
2) даярдык иш-чаралары аяктагандан кийин Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы менен макулдашуу боюнча кийин Казакстан Республикасы менен башка өткөрүү пункттарында ишти баштоо менен "Ак-Тилек - автожолу" өткөрүү пунктунда Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү (импорттолуучу) товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу менен ташууларды көзөмөлдөө боюнча ишти баштоо.
4. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетине караштуу Мамлекеттик салык кызматы:
1) "Мамлекеттик бажы инфраструктурасы" ачык акционердик коому менен биргеликте 30 жумуш күндүн ичинде Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттер менен соода жүргүзүүнүн алкагында Кыргыз Республикасына ташып киргизилүүчү (импорттолуучу) товарларды өткөрүүдө навигациялык (электрондук) пломбаларды пайдалануу тартибин аныктасын;
2) ушул токтомдон келип чыгуучу чыгымдардын финансылык-экономикалык эсептөөлөрүн жүргүзсүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигине жөнөтсүн.
5. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
6. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып 30 жумуш күн өткөндөн кийин күчүнө кирүүчү ушул токтомдун 1-пунктунун 2-пунктчасын кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |