Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 6-февралы № 68
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу
Кыргыз Республикасында суу объекттеринин сууну коргоочу зоналарын белгилөөнүн тартибин өркүндөтүү, суу объекттеринин боюнда жайгашкан жер ресурстарын рационалдуу жана натыйжалуу пайдаланууну камсыз кылуу максатында, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 98-беренесине, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 1995-жылдын 7-июлундагы № 271 "Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери жөнүндөгү жобону бекитүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
жогоруда көрсөтүлгөн токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасындагы сууну коргоочу зоналар жана суу объект тилкелери тууралу жободо:
- 1-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Ушул Жобо Кыргыз Республикасынын Жер кодексине, Кыргыз Республикасынын Суу кодексине, Кыргыз Республикасынын Токой кодексине, "Айлана-чөйрөнү коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына жана Кыргыз Республикасынын башка мыйзам актыларына ылайык иштелип чыккан жана дарыялардын, көлдөрдүн, көлмөлөрдүн, суу сактагычтардын, каналдардын, гидротехникалык курулмалардын жана түзүлүштөрдүн, ичүүчү жана техникалык суу менен жабдуу булактарындагы суу алуучу жана коргоочу курулмалардын (мындан ары - суу объекттери) сууну коргоочу зоналарына жайылтылат.";
- 7-пункт төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"7. Айлана-чөйрөнү коргоо боюнча ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен макулдашуу боюнча сууну коргоочу зоналарды жана суу объект тилкелерин белгилөө жергиликтүү мамлекеттик администрацияларга, республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларына жүктөлөт. Жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары сууну коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин өлчөмү жөнүндө, ошондой эле алардын аймагында белгиленген сууну коргоочу режим жөнүндө чечимдерди бардык кызыкдар юридикалык жана жеке жактарга жеткирет. Сууну коргоочу зоналар жана тилкелер суу объектин пайдалануучулар же жери суу объектине жанаша турган жерди пайдалануучулар тарабынан натуралай белгиленет.";
- төмөнкүдөй мазмундагы 7-1-пункт менен толукталсын:
"7-1. Сууну коргоочу зоналарды жана тилкелерди белгилөөдө жергиликтүү мамлекеттик администрациялар же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэриялары өздөрүнүн чечими менен туруктуу иштөөчү комиссияны түзөт, анын курамына жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын, Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу, айлана-чөйрөнү коргоо, экология, жаратылыш ресурстарын коргоо, санитардык-эпидемиологиялык бейпилдик, архитектура жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жана башка кызыкдар тараптардын өкүлдөрү кирет.";
- 8, 9-пункттар төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"8. Сууну коргоочу зоналарды жана суу жээгиндеги тилкелерди уюштуруу боюнча сунуштарды даярдоону жана киргизүүнү жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын туруктуу иштөөчү комиссиялары камсыз кылат.
9. Сууну коргоочу зоналардын жана суу объект тилкелеринин өлчөмдөрү, алардын курамына киргизилген жерлерди пайдалануу тартиби, ошондой эле сууларды коргоо схемаларынын долбоорлору жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын же республикалык жана облустук маанидеги шаарлардын мэрияларынын чечимдери менен бекитилет.";
- 17-пункттун таблицасы төмөнкүдөй мазмундагы эскертүү менен толукталсын:
"Эскертүү: Узундугу 50 км, 100 км жана андан ашык дарыяларда гидротехникалык курулмалар (дамбалар) Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органынын талаптарына ылайык жергиликтүү бюджеттин каражаттарынын же Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында тыюу салынбаган башка каражаттардын эсебинен жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары тарабынан тургузулган шарттарда эки жээк боюнча суунун орточо көп жылдык келкисинен 50 метрден кем эмес сууну коргоочу зонасынын эң кичине туурасын белгилөөгө жол берилет.".
2. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.Касымалиев |