Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 10-февралы № 74
Суу чарба чөйрөсүндөгү мамлекеттик ишканаларды түзүү жөнүндө
Суу чарба системасын өнүктүрүүнү камсыз кылуу максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Төмөнкүлөр түзүлсүн:
1) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ирригациялык курулуш" мамлекеттик ишканасы;
2) Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Суу курулуш" мамлекеттик ишканасы.
2. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-мартындагы № 98 "Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
- жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башкаруу схемасы ушул токтомдун тиркемесине ылайык редакцияда баяндалсын.
3. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 11-сентябрындагы № 468 "Мамлекеттик ишканалардын ишин тартипке келтирүү тууралуу" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Мамлекеттик ишканалар жөнүндө жобонун 1-тиркемеси төмөнкүдөй мазмундагы 35, 36-пункттар менен толукталсын:
"35. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын алдындагы "Ирригациялык курулуш" мамлекеттик ишканасы.
36. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматына караштуу "Суу курулуш" мамлекеттик ишканасы.".
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
|
А.А. Касымалиев |
|
| Тиркеме |
|
| "4-тиркеме |
Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигине караштуу Суу ресурстары кызматынын башкаруу СХЕМАСЫ
".