КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 7-марты № 4
Салык ставкасынын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловдун 2025-жылдын 27-фералындагы кайрылуу катынын негизинде өткөрүлгөн, “бюджет, экономика, инвестиция жана ишкердик иш боюнча” туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 28-февралындагы отурумунун корутундусун карап жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Салык Кодексине ылайык, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын IV сессиясы;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кара-Буура айыл аймагынын турак имараттары жана жайлары үчүн салык ставкасынын өлчөмү 1 чарчы метр үчүн 30 (отуз) сомдон бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырамын.
Төрага |
| Жеңишбек уулу А. |