Загрузка документа…
КАРА-БУУРА АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңешинин II чакырылышынын депутаттарынын VI сессиясы
2025-жылдын 21-апрели № 1
Жер тилкесин трансформациялоого макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябрындагы №123 “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 27-беренесинин 1-2- пункттарын жетекчиликке алып, Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловдун 2025-жылдын 14-апрелиндеги кайрылуусун карап жана талкуулап, Кара-Буура айыл аймагынын айылдык кеңеши;
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Тараз-Талас-Суусамыр автожолун реконструкциялоочу Кытай мамлекеттик “Шенси Констакшн Инженеринг Групп Корпорейшн Лимитед” компаниясына кеңсе куруу максатында, Кара-Буура айыл аймагынын №212 чөйрө сызыгынан 1,0 гектар жер тилкесин “Айыл чарба жерлери” категориясынан “өнөр жайынын, байланыштын, энергетиканын жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга макулдук берилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы Кара-Буура айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Стамкуловго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Буура айылдык кеңешинин “Айыл чарба, муниципалдык менчик, жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төраганын биринчи орун басары |
|
С. Авасбеков |