Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2026-жылдын 3-февралы № 55
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин
2023-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Абу-Даби Кыргыз
Инвестмент” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө”
токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
Инвестицияларды тартуу максатында, “Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерине ылайык Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 17-апрелиндеги № 207 “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомун түзүү жөнүндө” токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
2-пункттун биринчи жана экинчи абзацтары төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
“2. “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте төмөнкүлөр сунушталсын:
– бир акциясынын номиналдык наркы Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 5000 (беш миң) АКШ долларына эквиваленттүү болгон улуттук валютадагы 1000 (бир миң) даана жөнөкөй энчилүү акцияларга бөлүнгөн уставдык капиталынын 50 пайызын “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомуна жана уставдык капиталынын 50 пайызын Абу-Даби өнүктүрүү фондуна аныктоо менен Кыргыз Республикасынын Улуттук банкынын расмий курсу боюнча 5 000 000 (беш миллион) АКШ долларына эквиваленттүү өлчөмдөгү улуттук валютадагы уставдык капиталы менен “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең уюштуруучусу катары чыксын;”.
2. Кыргыз Республикасынын Экономика жана коммерция министрлиги:
1) “Абу-Даби Кыргыз Инвестмент” ачык акционердик коомунун тең уюштуруучусу жана акционери катары чыгуу боюнча Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин ыйгарым укуктарын ишке ашыруу боюнча функцияларды “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коомуна белгиленген тартипте өткөрүп берсин;
2) “Кыргыз Республикасынын Улуттук инвестициялык фонду” ачык акционердик коому менен биргеликте ушул токтомдон келип чыгуучу толук чараларды көрсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
4. Бул токтом расмий жарыяланган күндөн тартып жети күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
“Эркин-Тоо” мамлекеттик расмий гезитинин 2026-жылдын 6-февралындагы № 8 (3768) саны менен жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
А.А. Касымалиев |